Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Украинада дрон жана ракета соккусунан адам өмүрү кыйылды

Киев. 2026-жылдын 27-октябры.
Киев. 2026-жылдын 27-октябры.

Орусия 27-октябрга караган түнү Украинага баллистикалык ракеталар жана жүздөгөн учкучсуз аппараттар менен жапырт чабуул жасады. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү билдиргендей, негизги сокку Киев шаарына багытталды.

Чабуулда Брянск облусунан атылган «Искандер-М» жана С-400 үлгүсүндөгү баллистикалык ракеталар, ошондой эле 280 дрон колдонулган. Украин аскерлери эки баллистикалык ракетаны жана 255 учкучсуз аппаратты атып түшүргөнүн билдирди.

Би-би-синин украин кызматы мониторингдик каналдарга таянып, чабуул эки толкун менен жүргөнүн жана анда алтыдан сегизге чейин баллистикалык ракета колдонулган болушу мүмкүн экенин жазды.

Орусиянын Коргоо министрлиги да Киевге ракета жана дрондор менен сокку урулганын тастыктап, анын бутасы Түштүк көпүрө жана учкучсуз аппараттарды өндүрүү жана сактоо менен байланышкан объектилер болгонун билдирди.

Украин тараптын маалыматына караганда, соккулар 25 жерде катталып, кыйраган дрондор менен ракеталардын сыныктары да түшкөн. Киевде бир аял каза болуп, кеминде 14 адам жараат алды. Алардын арасында сокку урулган жатакананын студенттери жана чакырууга барган эки тез жардам кызматкери бар.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG