Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Бишкекте сууга аккан баланы куткарган жаран ыраазычылык кат алды

Бекен Асанбековго ыраазычылык каты тапшырылды. 27-октябрь, 2026-жыл.
Бекен Асанбековго ыраазычылык каты тапшырылды. 27-октябрь, 2026-жыл.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИБ) сууга агып кеткен кичинекей баланы куткарап калган шаар тургуну Бекен Асанбековго ыраазычылык билдирди.

Бишкек ШИИБ жарандын өз убагында жана чечкиндүү аракеттеринин аркасында бала аман калганын белгилеп, ыраазычылык кат тапшырды.

"Бул жарандык жоопкерчиликтин, адамгерчиликтин жана кыйынчылыкка кабылган адамдарга жардам берүүгө даяр болуунун жаркын үлгүсү болуп саналат. Мындай аракеттер өзгөчө урматтоого татыктуу жана бүтүндөй коомго, айрыкча өсүп келе жаткан жаш муунга үлгү болот", - деп билдирди шаардык милициянын басма сөз кызматы.

Милиция жарандарды айлана-чөйрөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабоого, бири-бирине жардам берүүгө, камкордук көрсөтүүгө жана башкалардын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

Ушул аптада социалдык тармактарда чоң арыктагы сууга агып кеткен баланы куткарып калган жаран тууралуу тасма тараган. Окуя быйыл 7-октябрда Бишкектин Ленин районундагы бала бакчанын айланасында болгон.

Расмий маалыматтарга караганда, былтыр алты айда 46 киши сууга чөгүп же агып каза болгон. Алардын тогузу Ысык-Көлдө катталган. 2023-жылы Кыргызстанда 95 адам сууга агып же чөгүп каза тапкан, анын ичинен 36сы балдар. (ZKo)

Шерине

​
XS
SM
MD
LG