ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:33

АКШда учак кыймылы жанданды, чектөө төрт саатка созулду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Федералдык авиация башкармалыгы 13-ноябрда түштөн кийин өлкө аймагындагы бардык учактардын учушун убактылуу токтотуу жөнүндө буйрук чыгарган. Мунун кесепетинен аэропорттордо транспорттук башаламандык жаралып, миңдеген каттамдар кармалган же токтотулган.

Буйрук болжол менен төрт сааттан кийин жокко чыгарылды. Ишемби күнгө пландалган эки миңге жакын каттам аткарылбай турганы кабарланды.

Окуянын так себеби азырынча белгисиз. Бийлик өкүлдөрү байланыш системаларында мүчүлүштүк болгонун билдирүүдө. АКШнын Транспорт министри Шон Даффинин айтымында, эскирген жабдууларга өтө көп маалымат жүктөлүп, система убактылуу иштен чыккан.

Маалымат каражаттары президент Дональд Трамп да ушундай пикирде экенин жана киберчабуул болгон деген божомолду четке какканын жазышты. Бирок CNN телеканалынын маалыматына караганда, авиакомпаниялардын өкүлдөрү Даффи айтканынан күмөнү бар.

АКШнын Улуттук коопсуздук министри Маркуэйн Маллин буга чейин террордук чабуул же киберчабуул болгон деген маалымат жок экенин билдирген. Ал телекоммуникациялык жабдуулардын ишиндеги мүчүлүштүктү белгилегени менен, кеңири маалымат берген эмес.

"Бул 11-сентябрдагы окуянын кайталанышы эмес", - деген Маллин. Ал ошондой эле бул көйгөйдүн Microsoft компаниясынын системаларында бейшемби күнү кечинде башталып, жумага чейин созулган глобалдык үзгүлтүккө тиешеси жок экенин айтты.

Окуядан кийин Ак үй менен АКШнын Транспорт министрлиги Конгресске өлкөнүн аба кыймылын башкаруу системасын жаңылоого 30,1 миллиард доллар бөлүү талабын коюшту.



​
XS
SM
MD
LG