Сот башталды: “Эдунун” иши эмне менен бүтөт?
Атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин ишенимдүү адамдарынын бири, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы кызматкерлери Элдар Жакыпбеков менен Сыдык Дүйшөмбиевдин соту башталды. Кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлгандыктан жараян жабык өтүүдө. Киев Ливиянын жээгинде Орусиянын согуштук кемесине дрон менен сокку уруп, чөктүргөнүн билдирди. Москва бул окуяга байланыштуу комментарий бере элек. Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ала-Арча капчыгайында каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмүнө адам фактору себеп болгонун, бул окуя боюнча толук жоопкерчиликти алууга даяр экенин айтты.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 20, 2026Акыйкатчы “Сахарового” барды
-
Ноябрь 19, 2026Дүйнөнүн тагдыры үч лидердин колундабы?
-
Ноябрь 18, 2026Талиеванын Ош мэрине таарынычы барбы?
-
Ноябрь 17, 2026Жапыкеев менен Суваналиев президентке эмнеге жолукту?
-
Ноябрь 16, 2026Чаткал: Алтын уурдаган схеманы ким уюштурган?
-
Ноябрь 13, 2026Президент Жапаровдун эскертүүсүнүн төркүнү эмнеде?
Шерине