ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:00

Орусияда тажик жаранынын өлүмү иликтенүүдө

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Тажикстан Орусиянын курамындагы Башкырстандын Салават шаарында киши колдуу болгон 32 жаштагы жараны Фируз Хусаиновдун өлүмүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы жазды.

Өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Уфадагы өкүлчүлүгүнө жана Тергөө комитетинин жергиликтүү бөлүмүнө кылмыш ишинин жүрүшү боюнча маалымат сурап расмий нота жөнөткөнү маалым болду. Консулдук окуяны ар тараптуу, объективдүү жана калыс иликтеп, бардык жагдайларды аныктоого жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Хусаиновго кол салуу 15-ноябрда Салават шаарындагы кафелердин биринде болгон. Оор жаракат алган ал бир жума өткөндөн кийин Уфадагы ооруканада көз жумган.

24-ноябрда Башкырстандын Тергөө комитети бул иш боюнча 15 жаштагы жергиликтүү тургунга "адам өлтүрүү" беренеси менен айып тагылганын билдирген. Сот өспүрүмдү үй камагына чыгарганы белгилүү болду.

Тергөөчүлөр кол салууга жеке кастык мамиле себеп болгонун билдирүүдө. Бирок маркумдун агасы Хусаинов кол салгандарды тааныбаганын айткан. Айрым басылмалар менен активисттер кол салуу улуттук өзгөчөлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деген версияны да көтөрүп чыгышты. Ошондой эле айыпталуучу неонацисттик кыймылдарга тиешеси болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Тажик кызматынын маалыматына ылайык, Фируз Хусаинов таксист болуп иштеген жана үч баланын атасы болгон. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-ноябрда өттү.

​
XS
SM
MD
LG