ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Кайсы тармак көбүрөөк каржыланат? Келерки жылдын бюджети талкууда

Иллюстрациялык коллаж сүрөт.
Иллюстрациялык коллаж сүрөт.

Кыргызстандын 2027-жылкы бюджети парламентте талкууланууда. Өкмөт билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык коргоого көбүрөөк каражат бөлүүнү сунуштады. Барскоон-Бедел жолуна 18 млрд сомго жакын акча каралган. Бюджет кантип бөлүндү жана кайсы тармактар утушта?

2027-жылга республикалык бюджеттин жана 2028–2029-жылдарга болжолдуу бюджеттин долбоорунда өкмөт бул жолу социалдык тармактарга көбүрөөк көңүл бөлүп жатканы белгилүү болду. Кытай менен байланыштырган Барскоон-Бедел жолун курууга 17,7 млрд сом каралганы айтылууда. Кыргызстандын экономикасы соңку жылдары катарынан 3-4 жыл жакшы көрсөткүч менен чыкты. Келерки жылдын бюджети кандай бөлүндү? Мурдагыдан эмне айырмачылыгы бар?

Кыргыз өкмөтү 2027-жылдын бюджетинде социалдык тармактарды артыкчылыктуу багыт катары карап жатат. Расмий маалыматтарга таянсак, билим берүү тармагынын бюджети 61%, саламаттык сактоо 56%, социалдык коргоо 84%, ал эми айлана-чөйрөнү коргоо 2,5 эсе көбөймөкчү. Экономикалык долбоорлордун бюджети болгону 7% өсөт.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бюджеттин негизги багыттарына токтолду. Анын айтымында, келерки жылы ички дүң продукциянын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашат деп болжолдонууда. Консолидацияланган бюджеттин жаңы ресурстары, 1 трлн 53 млрд сомго жетет деп пландалууда:

Адылбек Касымалиев
Адылбек Касымалиев

"Башкы артыкчылык – мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин аткаруу менен экономикалык узак мөөнөттүү өсүшүн камсыз кылуу. Социалдык тармактарга ири каражаттар багытталат. Билим берүүгө 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого 76,4 млрд сом, социалдык коргоого 47,3 млрд сом. Билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарына каралган каражат биринчи кезекте кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталат".

Консолидацияланган бюджетке республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, Социалдык фонд менен Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары кирет.

Мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөндөй, 2027-жылы республикалык бюджеттин жалпы ресурстары 860 млрд сом болмокчу. Анын ичинен киреше бөлүгү 728,3 млрд, чыгаша бөлүгү 695 млрд сомду түзөт. Ошондо болжолдонгон профицит 32,5 млрд сом деп эсептелүүдө.

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн 79% салыктык кирешелер, 19% салыктык эмес кирешелер жана 2% чет өлкө өкмөттөрү менен эл аралык финансылык институттардын колдоо каражаттары түзөт.

Муну менен катар, бюджеттин чөйчөгү Улуттук банктын пайдасын толугу менен казынага алуу (60,7 млрд сом), өлкө ичинде 34 млрд сомдук облигацияларды чыгаруу, баалуу кагаздар аркылуу эл аралык насыяларды тартуу, “Кумтөр” кенинин кирешесинин жана донор уюмдардын насыяларынын эсебинен толукталат. Маселен, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан 1 млрд евро каражат тартуу иштери жүрүп жатат.

Финансы министри Руслан Суйналиев бюджеттин өсүшү жарандардын жашоо-турмушун жакшыртышы керектигин айтты.

“Мамлекеттик бюджеттин натыйжалуулугу сакталган каражаттардын көлөмү менен гана эмес, алардын эсебинен жарандардын жашоо сапатынын жакшырышы жана муктаж адамдардын керектөөлөрүнүн камсыздалышы менен аныкталат. Ушул өңүттөн алганда, социалдык чөйрөнү каржылоо сунушталып жаткан долбоордун негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат”.

Келерки жылы социалдык тармактарга берилүүчү каражат республикалык бюджеттин дээрлик жарымын түзөт (376,5 млрд сом).

Бюджеттин тармактар боюнча чыгымдары 780,5 млрд сом болору көрсөтүлгөн. Мында эң көлөмдүүсү мамлекеттик башкаруу тармагы – ага 220,7 млрд сом жумшалат, бул 2026-жылга караганда 59% көп. Андан кийин экономикалык маселелер (192,5 млрд сом) жана билим берүү тармагына (134,2 млрд сом) берилүүчү каражаттар турат. Коргонуу, коомдук тартип жана коопсуздук тармагына каралган сумма бюджетте ачык берилген эмес. Математикалык эсептөөлөрдөн улам ал тармакка болжол менен 90 млрд сомго жакын бөлүнүшү ыктымал десек болот.

Мамлекеттик инвестициялар бюджети 45,1 млрд сом болот. Долбоорлорду эл аралык донордук уюмдар каржылайт. Анын 2/3си насыя (33,5 млрд сом), калганы грант (11,6 млрд сом) түрүндө алынат.

Анын ичинен Ош жана Баткен облустарынын экономикалык өнүгүү долбоорлоруна 2 млрд сомго жакын каражат алынат. Ысык-Көл айланма жолун жакшыртууга 3,3 млрд сомго жакын, көп кабаттуу социалдык турак-жайларды курууга 2,5 млрд сом, Үч-Коргон ГЭСин реконструкциялоого 2,2 млрд сом, Суусамыр-Тала-Тараз жолун реконструкциялоого 2,1 млрд сом, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүүгө 1,8 млрд сом насыя жана грант алынат.

Экономикалык талдоочу Искендер Шаршеев бюджеттик милдеттенмелерди аткарууда жана экономиканы өнүктүрүүдө алдыда кандай жагдайлар күтүлүп турушу мүмкүндүгүн мындайча божомолдойт.

Искендер Шаршеев
Искендер Шаршеев

“Акыркы жылдардагы экономикалык өсүш жана инвестициялардын көбөйүшү бюджеттин кирешелерин колдосо, эмгек акы менен социалдык төлөмдөрдүн жогорулашы жана курулуш долбоорлору ички суроо-талапты күчөтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда инфляциянын жогору бойдон калышы, мамлекеттик карызды тейлөөгө кеткен чыгымдар жана ири долбоорлордун кечеңдеши бюджетке кошумча басым жаратышы ыктымал. Алтындын баасы, реэкспорт жана коңшу өлкөлөр менен сооданын кеңейиши экономикага дем бере алат, ал эми Орусияга каршы санкциялардын күчөшү соодага жана акча которууларга таасир этип, күйүүчү майдын кымбатташы инфляцияны күчөтүшү мүмкүн. Салык кирешелери планга ылайык түшүп, инфраструктуралык долбоорлор өз убагында жүрүп, тышкы тобокелдиктердин таасири чектелсе, социалдык милдеттенмелерди аткарууга жана экономикалык өсүштү 7-9 пайыздын чегинде кармап турууга шарт түзүлөт”.

Келерки жылы кыргыз-кытай чек арасын бириктирген Барскоон-Бедел унаа жолунун курулушуна 18 млрд сомго жакын каражат бөлүнөт. Социалдык объекттерге, таза сууга жана ирригацияга 10 млрд сом, бааларды турукташтырууга 5 млрд сом каралат. Мамлекеттик карызды тейлөөгө 55 млрд сом жумшалат.

​
XS
SM
MD
LG