Мындай билдирүү парламентте бюджет долбоору талкууланып жатканда айтылды. Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев ички карыздын көбөйүшү кооптуу эмес экенин, каражат экономиканы көтөрүүгө жана өндүрүшкө жумшалып жатканын билдирди.
2026-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгына карата Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 10 млрд 372 млн долларга жетти. Анын ичинен 5 млрд 96 млн доллар ички, 5 млрд 275 млн доллар тышкы карыз.
Парламенттин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева мамлекеттик ички карыздын тез өсүп жатканы кооптуу деген пикирин билдирди.
“2026-жылы мамлекеттик баалуу кагаздардын бекитилген көлөмү 56,1 млрд сом экен. Тогуз айдын жыйынтыгы менен караганда 92 млрд болуп кетиптир. Бул мындайча айтканда ички карыз да, өтө кооптуу. Мына Улуттук банк да эскерткен экен “мындай карыз алуу саясаты инфляциялык жана банктык тобокелдиктерди күчөтөрүн” эскерткен экен. Мына ушуну эске албай, кандай бир конкреттүү чараларды көрүп жатасыңар? Бул каякка жумшалды, кайсы долбоорго, кандай шартта жумшалды, айтсаңыз?”
Адатта кыргыз өкмөтүнүн чет өлкөлөр менен финансылык институттардан алган тышкы насыялары мамлекеттик карыздын өзөгүн түзүп келген.
2021-жылга чейин алар мамлекеттик карыздын 80% түзүп, калганы ички карыз болчу. Бирок, өкмөт кийин карыз алуунун форматын өзгөрттү. Анын эсебинен ички карыздын көлөмү соңку жети жылда 7,5 эсе өстү.
Сентябрь айындагы маалымат боюнча, мамлекеттик карыздын көлөмү 10,4 млрд долларга жетти. Анын курамында ички карыз менен тышкы карыздын үлүшү дээрлик теңме-тең деңгээлге жетип калды. Ички карыз 2026-жылдын башынан бери 1,5 млрд долларга өстү, мындай өсүү 43% барабар.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ички булактардан алынган карыз каражаттар өнүгүү долбоорлоруна гана жумшалып жатканын айтты:
“Негизи, бул экономикага кетип жатат. Бул жанагы биздин “Айыл Банк”, “Элдик Банк”, Мамлекеттик өнүктүрүү банкы, энергетика секторуна – капиталдаштырууга кетип жатат. Жөн эле кетпей, кийин алардан бизге түшө турган дивиденддер дагы абдан көп болот. Алар мамлекеттик программаларга катышкандар болууда. Арзандатылган кредиттер ошолор аркылуу кайра бизге келип жатат. Ошондуктан, биз ички карызды мындан кийин дагы чыгарабыз. Эң негизгиси пайыздарын азайтуунун үстүндө иштеп жатабыз”.
Өкмөттүн бюджеттин аткарылышы боюнча отчетун карасак, 2025-жылы имараттар менен курулмаларды курууга баалуу кагаздар аркылуу 28,7 млрд сом каражат коротушкан. Анын 37% экономикалык тармакта (10,7 млрд сом), 30% билим берүү тармагында (8,7 млрд сом) имараттарды курууга иштетилген. Саламаттык сактоо, спорт, маданият, турак жай, коммуналдык кызмат жана мамлекеттик башкаруу тармактарына да имараттарды куруу чыгымдарына олуттуу каражаттар бөлүнгөн.
Өкмөт чет өлкөлөрдөн же финансылык институттардан алган насыялардын үстөк пайызы адатта 0,7%дан 2%га чейин турат, мөөнөтү 25-30 жыл болуп, 5-10 жыл жеңилдетилген мөөнөт берилет. Ички карыз сом менен алынып, үстөк пайызы 7%дан 15%га чейин жетет. Мөөнөтү 10-15 жылга эсептелет. Ал эми облигациялар аркылуу алынган чет элдик насыялар 7-8% үстөгү менен, 5-10 жылга алынат.
Экономикалык талдоочу Нургүл Акимова мамлекеттик карызды максаттуу иштетсе, андан кооптонууга негиз болбой турганын эске салат. 01:08 – 02:07
“Биринчиден, карыздын номиналдык өсүшүн өзүнчө эмес, экономиканын көлөмүнө салыштыруу керек. Бүгүнкү күндө карыз ички дүң өнүмдүн 30%ын түзөт. Ал эми мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясы боюнча, чектик ченем 60%. Демек, расмий критерий боюнча азырынча кооптуу деңгээлде эмеспиз. Бирок, мен ойлойм, маанилүүсү карыз эмнеге жумшалат деген суроо болуш керек. Эгер карыз өндүрүштү, жолдорду, энергетиканы өнүктүрүп, келечекте киреше алып келсе, анда бул жакшы карыз. Эгерде агымдын чыгымдарын жабууга кетсе, анда биз эртеңки күндүн эсебинен бүгүн жашап жатабыз дегенди билдирет. Ошон үчүн мен үчүн негизги суроо – “карыз канча” эмес, “ал кантип иштеп жатат” деген суроо.
Кыргыз өкмөтү мамлекеттик тышкы карыздын расмий көлөмүн өстүрбөй кармоого умтулганына карабай, соңку кездери карыз алуунун башка булактарын активдүү колдонуп келатат. Улуттук банктын эсебине таянсак, 2026-жылдын биринчи чейрегинде дүң тышкы карыз 14 млрд 350 млн доллар болгон. Анда өкмөт алган насыялардан тышкары, Улуттук банктын, коммерциялык банктардын, компаниялардын зайымдары менен компаниялар аралык насыялар да камтылган. Алардын ичинен өкмөт алган тышкы карыз 37%ын жана “башка секторлор” деген карыздар 44%ын түзөт. Башка секторго деп алынган тышкы насыялар 2021-жылдан бери 2,5 эсе көбөйгөн.
2025-жылдын май айында эл аралык рынокко евробонд чыгарып, 700 млн доллар насыя тарткан. Ал мамлекеттик “Элдик Банкка” капиталдаштырууга берилген. “Элдик Банк” ал каражатты кайра өкмөттүн өзүнө жол, ГЭС өңдүү инфраструктуралык долбоорлор үчүн насыя кылып берген. Банк, андан тышкары, Лондон биржасына облигация чыгарып, өз алдынча дагы 500 млн доллар насыя тарткан.
Алдыда Мамлекеттик өнүгүү банкы менен “Элдик Банк” юань валютасындагы облигацияларды чыгаруу планын жарыялоодо.
Шерине