Кыргызстанда жалпы республикалык тестти уюштуруп келген Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева “айрым депутаттардан жана мамлекеттик кызматкерлерден телефон чалуулар болуп, упай кошуп коюуну талап кылышарын” айтты. Бул тууралуу ал 27-ноябрда Жогорку Кеңештеги “Эл үмүтү – Ата Журт” депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
“Бизге мамлекеттик кызматкерлер, азыркы чакырылыштагы парламент депутаттары да чалышат. Баланча балага упай кошуп койгула, “Алтын сертификатка” жетпей калыптыр” дегендер да болот. Эгер биз бул механизмди жоготуп алсак, анда бул коррупциялык көрүнүштөргө өтө ачык болуп калат”, - деди Батракеева.
Депутаттык топтун төрагасы Дастанбек Жумабеков кайсы депутаттар телефон чалганы боюнча тактап сураганда ал ысымдарын унутуп калганын айтты.
“Бул жердеги сөздүн баары стенограммага жазылып жатат. Сиз сөзүңүздү артка алып коюшуңуз керек же азыр айта албасаңыз да кат түрүндө депутаттык топко так жооп бересиз. Бул чоң күнөө артып койдуңуз”, - деди Жумабеков.
“Эл үмүтү – Ата Журт” депутаттык тобу бул жыйында жалпы республикалык тест тууралуу маалымат угуп, айрым сын-пикирлерин айтышты.
ЖРТга байланыштуу маселе парламентте утур-утур көтөрүлүп келет. 11-ноябрда депутат Камила Талиева жалпы республикалык сынакты мамлекет өзү өткөрүшү керектигин сунуштаган.
Бүгүнкү жыйында депутат Дастан Бекешев ЖРТ акыркы жылдары окутуу курстарын сунуштагандардын бизнесине айланганын, окуучулар мектептеги билимден көрө тестке даярданууга көбүрөөк көңүл буруп калганын, бирок тесттин жыйынтыгы абитуриенттин 11 жылдык билимин толук чагылдырбай жатканын айткан.
Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова депутаттын пикирине макул эместигин белгилеп, ЖРТнын жыйынтыгына окуучунун мектептен алган билими түздөн-түз таасир этерин билдирген.
Жалпы республикалык тестирлөө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө жогорку окуу жайга өтүүгө мүмкүнчүлүк берген сынак. Тест уюштуруучуну Агартуу министрлиги сынак аркылуу тандайт. Соңку жылдары бул укук Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна берилип келет.
Шерине