27-ноябрда Орусиянын Украинанын бир катар аймактарына жасаган аба соккуларынан кеминде үч адам каза болуп, ондон ашуун киши жараат алды. Чабуулдар Чернигов, Харьков, Запорожье жана Днепропетровск облустарында катталды.
Чернигов шаарындагы ишканалардын бирине урулган соккудан эки адам жабыркап, алардын бири ооруканада көз жумду. Шаарда үч жарылуу болуп, андан кийин өрт чыккан.
Харьков облусундагы Изюм шаарында турак жай секторунда ракета жана дрон чабуулунан бир аял каза болуп, алты киши жараат алды. Өрт көп кабаттуу үйдө, чарбалык курулуштарда жана автоунааларда чыккан. Каза болгон аялдын сөөгү өрттү өчүрүү учурунда табылган.
Харьков шаарынын өзүндө дагы дрон соккусунан үч адам жараат алды.
Запорожье районундагы айылдардын биринде жеке үйгө тийген соккудан эки аял жабыркады. Алардын бири уранды астынан чыгарылып, экөө тең ооруканага жеткирилди.
Днепр шаарында дрон чабуулунан 74 жаштагы аял жараат алды. Облустук аскердик администрация анын абалы оор экенин билдирди.
Украинанын Аба күчтөрү 27-ноябрга караган түнү Орусия 155 дрон учурганын маалымдады. Алардын 110ун абадан коргонуу күчтөрү же радиоэлектрондук күрөш каражаттары жок кылганы айтылды. Ошентсе да 27 жерде сокку катталды.
Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуулдардын кесепети тууралуу комментарий берген жок.
Шерине