Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Эңсеген эки миллион турист келеби?


Быйылкы сезонго үмүт артып жаткан кыргызстандык туроператорлор менен туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр тармак учурда унутта калганын белгилешүүдө.

Кыргызстанда туризм тармагы азыр өкмөттөн Экономикалык тескөө министрлигинин карамагына берилген. Аталган мекеменин бөлүм башчысы Гүлнара Карымшакованын “Азаттыкка” айтканына караганда, былтыр өлкөдөгү белгилүү окуялардан улам четтен келген туристтердин агымы, ага катар бул тармактагы кызмат көрсөтүүнүн көлөмү дээрлик эки эсеге азайган болчу:

- 2009-жыл менен салыштырсак, 2010-жыл мунун жарымын эле түздү. Ошондой эле туризмден экспорттук кызмат көрсөтүүнүн көлөмү да азайган. Мисалы 2010-жылы 1 миллион 224 миң киши келген эле, 2009-жылда болсо бул көрсөткүч 2 миллион 808 миңди түзгөн. Былтыр туризм кызматын экспорттоодон 271 миллион доллар түштү. Муну 2009-жыл менен салыштырсак 173 миллион долларга аз.

Расмий эсеп боюнча Кыргызстан туризм кызматын экспорттоо жагынан эң көп кирешени 2008-жылы тапкан. Анда бул көрсөткүч 500 миллион доллардан ашкан болчу. Ал эми туризмдин Улуттук дүң өндүрүштөгү үлүшү азырынча 5 пайызга жете албай турат.

Туристтик агым быйыл жанданабы?

Кыргызстандын туризм сектору акыркы алты жылда ушуну менен эки кризисти баштан кечирди. 2005-жылы да ал кездеги ыңкылаптын айынан өлкөгө чет элдик туристтер, анын ичинде орусиялык жана кыргызстандык эс алуучулар келбей калган болчу. Бирок кайра кийинки жылы эле туристтердин саны көбөйүп, 1 миллион 100 миң адамга жакындап барган.
Германия, Швеция, Австрия расмий сайттарынан Кыргызстанга барууга салынган тыюуну алышты.


Коомдорго негизденген кыргыз туризм ассоциациясы – КАТОСтун аткаруучу директору Асылбек Ражиевдин пикиринде, былтыркы окуялардын туризмге тийгизген терс кесепети 2005-жылкыдан оор болду. Туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн КАТОС бирикмесине киргендер айыл жерлеринде, тоо-ташта туристтерди тейлөө менен алектенишет.

Асылбек Ражиев, “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, алардын кардарларынын 95 пайызы Батыш Европадан, АКШ, Австралия, Жапония сыяктуу өлкөлөрдөн эле. Бирок быйыл кардарлардын саны мурдагы калыбына келеринин белгилери азырынча байкала элек:

- Буйруса жаз келип калды. Сезон мына май айында башталат. Бул учурда заказ аябай көп болуп калчу. Биз Бишкектеги башка турфирмаларды да тейлейбиз да. Алар биздин конок үйлөргө, боз үйлөргө жөнөтүшөт. Салыштырып карасак заказдар аябай эле азайган. Жер-жердеги туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кирешеси былтыркы окуядан кийин 2008-2009-жыл менен салыштырмалуу үч эсеге азайды. 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча биз, 2003-жылдын деңгээлине түшүп кеттик. Биздин уюм ошол 2003-жылы пайда болгон. Быйыл эң жакшы дегенде 2004-жылдын деңгээлине чыксак дурус. Былтыр Кыргызстандын имиджи бузулуп калды да. Муну кайра өзүнө келтириш үчүн убакыт керек. Бул эртең эле ишке ашуучу нерсе эмес.

Азыр туризмди тейлеген Экономикалык тескөө министрлигинин бөлүм башчысы Гүлнара Карымшакова “Азаттыкка” курган маегинде алдыдагы сезонду утурлай пландалган иштер аткарылып жатканын айтып, туристтердин саны быйыл эки миллионго чейин жетерин болжолдоду:

- Быйыл, буйруса, туристтер келет. Саны жагынан 2 миллионго жетебиз, балким ашабыз. Бирок бул үчүн эң башкысы – тынчтык керек. Орустар да, казактар да аябай кызыгып жатышат. Орустар Египетке көп барышчу. Ал жердеги окуялардан улам эми башка багыттарды да издешүүдө, бизге да кызыгып жатышат. Туроператорлору келип кетишти. Казакстандын туроператорлору да чалып жатышат.

Туристтердин саны быйыл эки миллионго чыгарын Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы – КАТОнун жана Борбор Азия туристтик корпорациясынын башчысы (C.A.T. COMPANY) Данияр Казакбаев да божомолдойт. Бирок туристтердин саны жаз, жай жана күздүн эсебинен өсөт деген ишеним бар. Анткени былтыр туризм сектору кышкы сезондун эсебинен сакталып калган:

- Былтыр кыш жаман эмес болгон эмес. Дал ошол кышында келген туристтердин саны 2010-жылдагы туристтердин жалпы санына таасир берген. Ушул цифранын жогору болгону былтыркы жылдын такыр эле ылдыйлап кетпешин шарттаган. Быйыл болсо, тилекке каршы, өткөн жылдын саркындылары али кете элек. Мындан сырткары эл арасында “жазда дагы бир нерсе болот” деген ушак-айыңдар да жүрүп жатбайбы. Туристтер азыр бар, бирок абдан эле аз. Эгер быйылкы жылдын үч айын алсак, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз.

Айрымдар Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгарды

Былтыркы окуялардан кийин Европанын көптөгөн өлкөлөрү Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизип, өз жарандарына ал жакка турист катары барбай турууну сунуш кылышкан.

Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын президенти Данияр Казакбаевдин айтымында, алар ушул айдын башында Берлиндеги ири туристтик жармаңкеге катышкан учурда европалык туроператорлордон Кыргызстанга кайрадан кызыгуу байкалгандай көрүндү:

- Бизге белгилүү бир кызыгуу бардай көрүндү. Эң жагымдуусу Германия, Швеция, Австрия расмий сайттарынан Кыргызстанга барууга салынган тыюуну алышты. Муну бизге жергиликтүү туроператорлор өздөрү айтышты. Дегеле ушул нерсе Европанын туристтерине Кыргызстанга келүүнү сунуш кылуу үчүн чечүүчү учур болду.

Данияр Казакбаев “Азаттыкка” курган маегинде кошумчалагандай, чет өлкөлөрдүн тышкы саясий мекемелери тарабынан “Кыргызстанга барбай тургула” деген сунуштардын кайра артка алына башташы туроператорлор үчүн маанилүү:

- Албетте эгер Тышкы иштер министрликтердин расмий сайтында "тиги же бул өлкөгө барбоо сунуш кылынат" деген жарыя илинип турса, туристтер сөзсүз буга көңүл бурат. Балким 100 пайызы болбосо да 98 пайызы. Билесизби, мындан сырткары камсыздандыруу компаниялары барбоо сунуш кылган өлкөгө бара жаткан туристти камсыздандырбайт. Камсыздандыруусу жок адам кокус бир кырсыкка кабылса, өз көйгөйү менен өз алектенет дегендик. Туристтер болсо буга барбайт.

Дүйнөдө туристтер саны кайра өсө баштады

2008-жылдын экинчи жарымында башталган глобалдык каржы кризиси жана экономикадагы төмөндөө 2009-жылы бүткүл дүйнө боюнча туристтердин саны азайткан. Бирок кайра эл аралык туризм 2010-жылы жанданып, мурдагы жылга салыштырмалуу 7 пайызга өсө алды.

Бүткүл дүйнөлүк туризм уюмунун эсебинде, былтыр бир өлкөдөн экинчи мамлекетке барган туристтердин саны 935 миллион кишиге жетти. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 58 миллионго көп дегендик. 2010-жылы дүйнөдө ары-бери каттаган 935 миллион туристтин дээрлик жарымы, 471 миллиону Европанын үлүшүнө туура келет.

Ал эми быйыл Дүйнөлүк Туризм уюмунун жыл башындагы божомолуна караганда, дүйнө боюнча туристтердин жалпы санынын былтыркыга салыштырмалуу 4-5 пайызга өсүшү күтүлөт. Бирок Жапониядагы жаратылыш кырсыгы жана аны коштогон окуялар дүйнөлүк туристтик агымга терс кесепетин тийгизүүсү мүмкүн. Анткени жапондор дүйнөдө эң көп саякаттаган элдин катарына кирет.

Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын жана Борбор Азия туристтик корпорациясынын президенти Данияр Казакбаевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, жапон туристтеринен быйыл Кыргызстан да кол жууду окшойт:

- Жапониядагы трагедиялык окуялар бир аз таасир берет. Анткени бизде да быйылкы жылкы жапон туристтеринен, туристтик компанияларынан маалымдамалар түшкөн. Бирок эми биз түшүнөбүз, Жапониядан туристтер келбесе керек.

Өкмөт унутта калтырган тармак

Кыргызстанда азыр туризмди гана өзүнчө тейлеген мамлекеттик мекеме жок. Мурдагы агенттик 2009-жылы ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин башкаруу реформаларынын натыйжасында жоюлуп кеткен.

Туроператорлор туризмге карата мындай мамилени өзгөртүү зарылдыгын айтышууда. КАТОнун президенти Данияр Казакбаев мындай дейт:

- Биздин азыркы өкмөт туризмди такыр эле унутуп койгондугу өкүнүчтүү. Туризм жеке сектордун гана иши болуп калды. Бир нече компаниялар, ассоциациялар президент Роза Отунбаевага өкмөттөн жеке сектор менен эриш-аркак иштеше турган өзүнчө мекеме бөлүп берүүгө көңүл бурууну өтүнүп кат жазганбыз. Бирок тилекке каршы жыйынтык жок. Эки апта мурда премьер-министр Алмазбек Атамбаевге да кат жолдодук. Бирок ал жактан да кыймыл боло элек.

Ал эми туризм азыр карамагына берилген экономикалык тескөө министрлигинин бөлүм башчысы Гүлнара Карымшакованын айтымында, туроператорлор көтөрүп жаткан маселе башкарууну оптималдаштыруу боюнча комиссия ишинин жыйынтыгында чечилиши мүмкүн:

- Өкмөттө иштебеген көз карандысыз эксперттер мамлекеттик башкаруу аппаратынын функцияларын анализдеп жатышат. Бул суроо ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгында чечилет.

Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаевдин жакында парламентте билдиргенине караганда, учурда Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип жатат.
Быйыл, буйруса, туристтер келет. Бирок бул үчүн эң башкысы – тынчтык керек.


Коомдорго негизденген кыргыз туризм ассоциациясы – КАТОСтун аткаруучу директору Асылбек Ражиевдин пикиринде, азырынча арабөк абалда турган кыргыз туризми өнүгүү стратегиясына чынында эле муктаж:

- Туризмди эмне кылабыз дегенге мамлекет тарабынан жооп жок. Туризм керекпи, кереги жокпу, өнүктүрөбүзбү же өнүктүрбөйбүзбү, муну эч ким билбейт.

Асылбек Ражиев даярдалып жаткан концепция бери дегенде орто мөөнөттө көрүлүүчү чараларды камтырын, ал эми быйылкы туристтик сезонду сактап калуу ыкчам аракеттерди көрүүнү талап кылып жатканын кошумчалады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG