Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Ош базарынын сатуучулары, митингге чыккандардын өкүлдөрүн кабыл алды. Ал бул маселени саясатташтырбай, талаптарын ачык көргөзүүнү сунуштады. Жолугушууга депутаттардан Жылдызкан Жолдошева, Турсунбай Бакир уулу, Токон Мамытов, Камила Талиева катышууда.
“Кыял” соода жайынын тегерегинде соода кылган 500дөн ашуун адам Бишкек мэриясынын базар айланасында мыйзамсыз орнотулган күркөлөрдөн жана жайлардан тазалоо иштерине нааразылыгын билдиришкен. Алар соода кылып отурган жайларынан козгобоону жана Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Ахматбек Келдибеков бул маселе талкууланып, анан чечилерин убада кылды. (КЕ)