Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Аба ырайы


31-мартка карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз айрым жерлерде жаан жаайт, тоолордо кар түшөт. Бийик тоолуу аймактардын жолдору тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4… 9 градус жылуу, күндүз 14…19 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12… 17 градус жылуу. Баткенде түнкүсүн 3… 8 жылуу, күндүз 12… 17 градус, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 4… 9 жылуу, күндүз 14…19 градус жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -1… +4, күндүз 8… 13 грудус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -3… +2, күндүз 10… 15 градус жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -10... -15, күндүз 0... -5 градус суук.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 6... 8, күндүз 16... 18 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG