Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:38

Уильям Бернс мамкатчынын биринчи орун басары болот


Тажрыйбалуу дипломат Уильям Бернс АКШ мамкатчысынын биринчи орун басары болот. Бул жөнүндө 30-мартта мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон билдирди. Бернс соңку үч жылда Мамлекеттик департаментте саясий директор болуп иштеп жаткан. Ал илимий ишин улантуу үчүн Барак Обаманын администрациясын таштап кетип жаткан Жим Стейнбергдин ордун ээлейт. Уильям Бернс орус, араб жана француз тилдеринде эркин сүйлөйт.

1998-2001-жылдары АКШнын Иорданиядагы элчиси, 2001-2005-жылдары мамкатчынын Жакынкы Чыгыш боюнча жардамчысы, 2008-жыга чейин Орусияда элчи болгон.

Уильям Бернсти мамкатчынын орун басарлыгына Сенат бекитүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG