Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Бишкекте жапон эли үчүн кайрымдуулук концерти өтөт


Зилзала жана топон суудан жабыркаган жапон элине жардам берүү максатын көздөгөн бул концерт бүгүн кечинде Бишкек гуманитардык университетинде өтөт. Иш-чараны уюштурган SIDOK студенттик уюмунун мүчөсү Жамиля Байбураеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бул концертке кыргыз эстрада ырчылары, өнөр адамдары катышат. Концерттен түшкөн каражат Жапониянын Бишкектеги элчилигине тапшырылат.

11-мартта Жапониянын бир катар бөлүгүндө күчү 9 баллга чейин жеткен жер титирөө болгон. Анын натыйжасында суу жээгине жакын жайгашкан аймактарды топон суу капталаган эле. Кырсыктан он миңге чукул адам набыт болуп, дагы 16 миңге жакыны дайынсыз болууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG