Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:49

Барак Обама - Шимон Перес кездешүүсүнүн күн тартиби


АКШ президенти Барак Обама 5-апрелде Израил президенти Шимон Перес менен Вашингтондо кездешет. Ак үйдүн маалымдашынча, Обама жолугушууда эки жакты тынчсызданткан түрдүү маселелерди, анын ичинде АКШ-Израил аралык кызматташууну, Жакынкы Чыгышты солкулдаткан соңку окуяларды жана Израил менен анын коңшулары ортосундагы тынчтыкты бекемдөөнү талкуулоону мерчемдөөдө.

Бул тушта америкалык конгрессмендер Барак Обаманы Палестин жетекчилигин Израил менен тынчтык сүйлөшүүсүн алдын ала шарт койбой жандандырууга жана жөөт мамлекетине каршы опурулууну токтотууга көндүрүүгө чакырды. Израил Батыш Иорданда жөөт конуштарын курууну уланткандан кийин Палестин тарап тынчтык сүйлөшүүсүн токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG