Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:19

НАТО ливиялык козголоңчуларды куралдандырууга каршы


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссендин 31-мартта билдиришинче,альянс АКШ менен Британиянын Ливиядагы козголоңчуларды куралдандыруу үчүн Бириккен Улуттар уюмунан мандат алуу сунушун колдобойт.

Расмуссендин айтышынча, НАТОнун милдети Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнүн чабуулунан карапайым ливиялыктарды коргоо. “НАТОну тынчсызданткан маселе - курал эмбаргосун ишке ашырууну талап кылган жана Ливияга каруу-жарак келүүнү токтоткон БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясын толук аткаруу. Биз Ливиянын элин коргойбуз, куралдандырбайбыз”,-деди Рассмуссен Стокголмдо.

XS
SM
MD
LG