Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

Калпы чыккан он салыкчы кызматтан алынды


Бул тууралуу “Азаттыкка” курган маеги учурунда Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчи орун басары Мыктыбек Өмүрзаков билдирди. Полиграфта тестирлөө борборунун калп аныктоочу аппаратынан 150дөй киши текшерүүдөн өткөн. Алардын ичинде Бажы жана Салык кызматтарынын жетекчилери, ишкерлер менен түздөн-түз иштеген бөлүмдөрүнүн жөнөкөй инспекторлору да текшерилген. Анын натыйжасында он салыкчы кызматтан алынган.

Президент Роза Отунбаеванын мамлекеттик кызматка коррупцияга малынбаган кадрларды тартуу максатында калп аныктаган аппараттан текшерүүдөн өткөрүү боюнча жарлыкка кол койгон. Өмүрзаков калпты аныктоочу аппараттан текшерүү боюнча мыйзамдык база жок болгондуктан жардыкка ылайык өтүшү керектигин билдирди.

Учурда Мамлекеттик кадр кызматында эки полиграф тестирлөөчү аппарат бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG