Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

“Газпром Нефть Аэро-Кыргызстан” ишин баштады


“Манас май кую комплекси” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Максат Шариповдун “Азаттыкка” билдиришинче, 1-апрелден тарта Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы биргелешкен “Газпром Нефть Аэро-Кыргызстан” ишканасы жарандык учактарга май куйуу иштерин баштады. Бирок бул ишкана “Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуучу транзиттик борборуна май алып келе элек. Транзиттик борборду күйүүчү май менен камсыздаганга чейин кыргыз-америкалык келишим Жогорку Кеңеште ратификацияланып, анын артынан коммерциялык келишим да түзүлүүгө тийиш.

“Газпром Нефть Аэро-Кыргызстан” деп аталган биргелешкен кыргыз-орус ишканасын түзүү тууралуу келишимге 18-февралда Бишкекте кол коюлган. Анын 51 пайызына Орусиянын “Газпром Нефть Аэро” компаниясы, 49 пайызына Кыргызстандан “Манас май кую комплекси” мамлекеттик ишканасы ээлик кылат. Буга чейин ишкана Орусиядан уруксат кагаздарын ала элек болгондуктан, Кыргызстан аймагына май алып кире элек болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG