Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:38

Кандагардагы тополоңдо кеминде тогуз адам набыт болду


Кандагардагы тополоңдо жаоракат алгандардын саны 70 ашканы айтылууда, 2-апрель, 2011
Кандагардагы тополоңдо жаоракат алгандардын саны 70 ашканы айтылууда, 2-апрель, 2011
Ооганстандын бул шаарындагы бүгүнкү демонстрацияга жүздөгөн адамдар катышты. Башаламандыкта ондогон адамдар жаракат алды. Алар дүкөндөрдү талкалап, машинелерди өрттөшкөнүн жергиликтүү бийликтин өкүлү айтты. Кечээ демонстранттар Мазари-Шарифте Бириккен улуттар уюмунун ал жердеги өкүлчүлүгүнө кол салышкан. Анда 12 адам өлгөн эле. Тополоң АКШнын Флорида штатында жергиликтүү чиркөөлөрдүн биринин башчысы Терри Жонс Куранды өрттөгөнү тууралуу кабар айтылгандан кийин тутанды. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун ооган жериндеги адам өлтүрүүлөрдү кескин айыптады. Пастор Жонс болсо буга көңүлү чөгүп турганын, бирок мунун баарына өзүн “күнөөлүү” деп эсептебей турганын айтты.

XS
SM
MD
LG