Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Аба ырайы. Эскертүү!


6-апрелге чейин Чүй өрөөнүндө -1... -6... градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 0... -3 градус үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү бүчүр байлаган жана гүл ачкан өрүктөргө коркунуч алып келет. Айрым жерлерде кар күрткүсү, жолдор тайгак болот.

5-7-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Айрым жерлерде кар күрткүсү, жолдор тайгак болот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сунуш кылынат.

5-апрелге карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамал түндүк-батыштан согуп, ылдамдыгы секундасына 3-8 метр, Ысык-Көл кылаасында секундасына 15-20 метр чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1… -6, күндүз 3…8 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2… 7 градус жылуу. Баткенде түнкүсүн 0… -3, күндүз +5… +10 градус, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0… -3, күндүз 6…11 градус жылуу, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -7… -12, күндүз +1… +6 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -7… -12, күндүз 1… 6 градус жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн 1... 6 градус суук, күндүз 3... 8 даража жылуу.

Бишкек шаарында 5-апрелде жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 3… 5, күндүз 6… 8 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG