Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Орусиядагы мигранттардын айлыгы да “кара”


Федералдык миграция кызматы мигранттардын документтерин текшерүүдө.
Федералдык миграция кызматы мигранттардын документтерин текшерүүдө.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы иш берүүчүлөр менен эмгек мигранттарынын ортосундагы коррупциялык схемаларды жоюу максатында гастарбайтерлердин айлык акысын текшерүүдө. Бирок миграция боюнча айрым адистер бул демилгеден майнап чыкпашын белгилешүүдө.

Чет өлкөлүктөрдү жумушка алган ар бир ишкана жана эмгек мигранттардын айлык акысы текшерилээри тууралуу Орусиянын Федералдык миграция кызматынын директору Константин Ромадоновский 27-январда айтып, 1-апрелде жыйынтык чыгарын журналисттерге билдирген эле. Бул чаралар Федералдык салык кызматы тарабынан да колдоого алынган.

Текшерүүнүн негизги максаты – Орусиядагы чет өлкөлүк жумушчулардын айлык акысын төлөөдөгү көмүскө схемаларды жоюу, казнага акча түшүрүү.

Кагаз жүзүндө бардыгы жакшы, бирок...

Мыйзамсыз жана мыйзамдуу, айтор эмгек мигранттарынын агымы үзүлбөгөн Москвада кайсы кыргызга кайрылба, ал колуна расмий түрдө көрсөтүлгөн айлыктын үчтөн бир же экиден бир бөлүгүн аларын суратпай эле айтып берет. Бирок атын атабоону өтүнөт. Себеби ал Орусияда мыйзамсыз иштейт же жөн эле бийлик менен кыйынчылык болушун каалабайт. Алардын бири өзүн Өмүрбек деп тааныштырган кара жумушчу.

«Менин атым Өмүр. Москвада иштейм. Колума расмий айлыктын 30 пайызын гана алам. 50 пайызын документти бүтүргөн адамдар, жатаканалардын ээлери алышат, калган 20сын салык кызматкерлери, ЖЭКте иштеген адамдардын туугандары, кагазада «иштеп жатат» деп көрсөтүлгөн Орусиянын жарандарына кетет. Ошентип көз бойомочулук кылышат. Биз болсо бир бөлмөдө 30дан адам жашап, итттин күнүн көрүп жүрөбүз. Бөлүшө албай койо албайсың – башка айла жок, даттана турган тааныш же тууган жок».

Өзүн Өмүрбек деп тааныштырган бул мигранттын окуясы Москваны тынбай жумушчу күч менен камсыз кылып турган борбор азиялык мигрантка берилген так мүнөздөмө десек жарашат.

Ал эми миграция кызматы ишендиргендей, учурда мигранттарга убадалашкандан айлыктан азыраак акча төлөнсө, иш берүүчүлөргө чет өлкөлүктөрдү жумушка кабыл алууга тыюу салынат. Атүгүл кылмыш иши да козголушу мүмкүн.

Миграция жана салык кызматтары чогуу төмөндөгү шектүү жагдайларга көңүл бурууда:

Биринчиден, иш берүүчүлөр чет өлкөлүктөрдү кызматка алуу учүн атайын уруксат алып, ал жерде белгилүү бир өлчөмдөгү айлыктар көрсөтүлөт. Мына ошол сандар соңку текшерүүдө чыккан маалыматтар менен салыштырылат.

Айырмачылыктар болсо, иш берүүчүлөр айыппул төлөшмөкчү, дагы бир жаза – мындай ишканаларга келечекте мигранттарды жумушка алуу үчүн квоталар берилбейт.

Быйыл иш берүүчүлөрдү дагы бир жагымсыз кабар күтүп турат. Мигранттарды мыйзамсыз жумушка алгандыгы үчүн айыппул көбөйүшү мүмкүн. Себеби кабыл алуучу тараптын да жоопкерчилигин жогорулатуу керек, дейт миграция кызматы.

Экинчиден, эмгек мигрантынын айлык акысы Орусиянын жаранына караганда жогору болгон учурлар эске алынат. Себеби мыйзам боюнча Орусиянын жаранына айлыктын көлөмү боюнча артыкчылык берилет. Же тескерисинче, кара жумушчу минималдык керектөөчү куржундан төмөн акы алган учурлар. Бул да текшерилет.

Түшүнүксүз демилге

Кыргызстандык эмгек мигранттар дагы бир схема тууралуу даттанышууда.

Айлык алган адам орусиянын жараны, бирок анын ордуна чынында кыргыз, өзбек же тажик иштейт. Айлыкка кол койгон орус жараны өз эмгеги үчүн акы алат. Ал эми алда канча аз суммадагы акча алган мигрант бул тууралуу эч жерге кол койбойт.

Федералдык миграция кызматы дал ушундай жагдайларды кандайча текшерет – түшүнүксүз. Эксперттердин айтымында, чынында эле бул демилге ийгиликтүү аякташы бир нече себептерден улам күмөн.

“Миграция кызматынын демилгеси тууралуу айтсак, бул демилге кандайча ишке ашаары түшүнүксүз. Себеби Федералдык миграция кызматы айлык акы иштерине кирише албайт, ал эми салык кызматын адамдын мыйзамдуу же мыйзамсыз жашап жатканы кызыктырбайт”, - дейт superjob.ru порталынын ээсинин бири Алексей Захаров.

Захаров мыйзамсыз гана иштеп жаткан мигранттарды бөлүп кароо керектигин баса белгилейт. Себеби орусиялыктар иштеген ишканаларда деле “кара” айлык деген түшүнүк бар. Ал эми гастарбайтерлерге келгенде кеп башкада:

“Бир четинен гастарбайтерлерге баары бир. “Конвертте” алышабы, башка жолдор мененби. Алар бул жерде пенсия алышпайт, кредит төлөшпөйт. Баары бир социальдык жеңилдиктери жок да. Гастарбайтерлер эмнеге гастарбайтер – себеби алар өлкөдө мыйзамсыз иштешет. Ооба, алар орусиялыктарга караганда аз төлөнөт. Алар көп акча алышы деле мүмкүн. Иш берүүчүлөр эмнеге аларга кызыгышы мумкүн – себеби алар мыйзамсыз иштеп жаткандыктан, алар үчүн салык төлөнбөйт. Ошого баары бир алар арзан түшөт”.

Салыкты аз төлөөнүн амалын далилдеген бир катты окусак:

"Менин айлык маянам расмий түрдө аз, ал эми чыныгы айлык расмий түрдөгүгө караганда 3 эсе көптүк кылат. Эмнеге мындай деп сурасам сага ар айына премия кошулуп жазабыз дейт. Өкмөткө салыкты аз төлөө максатында болуш керек..." , - деп жазып жибериптир Москвадагы фирмалардын биринде эмгектенип жаткан Нурбек Бойтоев.

Адегенде мыйзам

Федералдык миграция кызматынын үч айлык жумушу кандай жыйынтыктарды көрсөттү? Дал ушул суроо менен кызматтын маалымат катчысына кайрылдык, бирок ал маалымат толук топтоло элегин айтты.
Биз бир бөлмөдө 30дан адам жашап, итттин күнүн көрүп жүрөбүз.


Бирок мигранттар менен иштеген адистердин айтканына таянсак, ар бир мигрант өзүн өзү бир гана жол менен коргой алат – бул мыйзамдарды билүү, өлкөгө мыйзамдуу жолдор менен келүү жана мыйзамдүү түрдө иштөө.

“Убадалашкан айлыкты кара жумушчуларга төлөбөй, алдап кеткен учурлар көппү? Көп. Орусиялык жарандар дароо тийштүү органдарга кайрыла алышат. Ал эми мигрант кайда барат? Кимге даттанат? Мыйзам аларды коргобойт. Ал эми легалдуу түрдө иштесе, мындай проблемалар болушу мүмкүн эмес», - дейт superjob.ru порталынын ээсинин бири Алексей Захаров.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG