Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

ЕККУ: беларус журналисттер кысымга кабылууда


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму беларус бийлиги "сын айткан медиа каражаттарын коркутуп, кысымга алып жаткандыгына" камтамасын билдирди.

ЕККУнун медиа өкүлү Дуня Миятовичтин билдирүүсүндө "бул кабатырлана турган жагдай, айрыкча 2010-жылдын 19-декабрындагы президенттик шайлоодон кийин эң жогорку чегине жетти" деп айтылат.

Жакынды эле Беларус тышкы иштер министри Сергей Мартыновга жолдогон катында ЕККУ өкүлү Беларустагы кысымга кабылып жаткан журналисттер менен медиа каражаттардын тизмесин келтирген. Алардын арасында кылмыш иши ачылып, сот жообуна тартылып жаткан журналисттер Ирина Халип жана Наталия Радина да бар.

XS
SM
MD
LG