Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Отунбаева: 7-апрель идеяларын турмушка ашыруу үчүн күрөшө беребиз


Бул тууралуу өлкө президенти Роза Отунбаева бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 7-апрель окуясынын бир жылдыгына арналган иш-чарада белгиледи. Президент 2010-жылы апрелде эл бир гана бийликке эмес, саясий ыймансыздыкка каршы чыкканын айтты. “Биз өлкөнүн туруктуу өнүгүү кепилдигин мыйзам бийлигинен көрөбүз. Бийлик монополиясын жоюп, коррупция менен криминалга аёсуз күрөш жүргүзөбүз. Демек, 7-апрель идеяларын турмушка ашыруу үчүн күрөш улана берет. Анткени биз чыныгы демократиялык, эркин жана азат Кыргызстанда жашагыбыз келет” – деди Отунбаева.

Жыйынга “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев да катышып, Кыргызстанда апрель окуясы кокусунан чыкпаганын, бул тарыхый мыйзам ченемдүүлүк болгонун белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG