Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Аба ырайы


8-апрелге карата синоптиктердин аба ырайы тууралуу берген маалыматына ылайык, Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты улам өзгөрүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4… 9, күндүз 21…26 градус жылуу болот. Талас облусунда түнкүсүн 0…5 жылуу, күндүз 19… 24 градус жылуу. Баткенде түнкүсүн +4… +9, күндүз +19… +24 градус, Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5… 10 градус жылуу, күндүз 20…25 градуска чейин жылыйт, Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн -4… +1 градус болот, күндүз 8… 13 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 0… -5, күндүз 11… 16 градус жылуу болот. Тоолуу аймактарда түнкүсүн -12... -17, күндүз -3... +2 градус болот.

Бишкек шаарында 8-апрелде жаан-чачын болбойт. Шамалдын багыты улам өзгөрүп, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 6… 8 градус жылуу, күндүз 22… 24 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG