Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Орусия Катын кыргынынын документтерин Польшага берди


Орусия 1940-жылы мурдагы Советтер Союзунда 20 миңден ашуун польшалык аскерлердин кантип өлтүрүлгөнү тууралуу 11 томдук материалдарды расмий Варшавага берди. Катында өлтүрүлгөн аскерлердин көбү офицерлер болгон. Буга чейин Польшага береги кыргынга байланыштуу 137 том берилген. Орусиянын каргашалуу окуя боюнча Польша менен кызматташа баштоосу эки өлкө арасындагы мамилеге оң таасир этти. Совет өкмөтү Катындагы кыргын үчүн узак жылдар нацисттерди күнөөлөп жүргөн.

Польшалык жарандарды өлтүрүүдөгү Совет бийлигинин жоопкерчилигин биринчи жолу 1990-жылы президент Михаил Горбачев мойнуна алган.

XS
SM
MD
LG