Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Эля: Үйгө чейинки узак сапар


7-апрел чет жакта жүргөн кыргыз жарандарынын тагдырына да өчпөс из салды. Алардын бири – Алматыда иштеп жүргөн кыргыз кызы Эля. Былтыр дал ушул күнү Эля капарында эчтеме жок Алматыдан Бишкекке жөнөбөйбү. Анан айтылуу Ажардан бетер коколой башы менен талаалап калганы...

- Чек арага чейин такси менен келдим. Ошол жерде шамшум этип алайын деп бажыкананын жанындагы ашканага кире калсам, баары кадалып өрт чалган Бишкекти карап отурушуптур. Дендароо болуп калдым. Казак таксисттери «акыл-эсиң жайындабы, ал жакта согуш болуп жатпайбы!» дешти. Ойлонуп туруп, кете берейин дедим. Анткени баары бир Алматыга кайтып келип, чыдап отура албайт элем.

Ошентип Эля кыргыз тарапка өтөөрүн өтүп алып, кайра кайта албайт. Анткени казак тарап эми артка өткөрбөйт эле. Алдыда болсо көзгө сайса көрүнгүс караңгылык. Өмүрү мынча коркпосо керек.

- Кыргызстан жак капкараңгы, электр жарыгы жок. МАИнин посту да өчүк, такси, маршрутка деген жок. Мен ошол жерде эмне кылышымды билбей калдым. Ушунчалык корктум. Жаман нерсе болуп жатканы асмандан сезилип, абадан жаман энергетика уруп турду, ошону сездим.

Ал аңгыча бажыкана тараптан бир машиненин жарыгы көрүнбөйбү. Даңгыл жолдо уруп-сабап келаткан «Жиптин» алдынан Эля чуркап чыгат.

- Мен жөө кетип баратып, утур-утур бажыкана жакты карап жаттым, ошол жактан өткөн унаалар болсо тосоюн деп. Бир убакта унаанын жарыгы түшүп, мен тосо электе эле өзү токтоп калды. «Что тут делаешь, садись быстро!» деп айдоочу орусча кыйкырып, титиреп, катуу айдап баратты. Мобильныйына тынбай чалып жатышты. Бир маалда жолдун чекесине машинасын токтотуп, номерин чече баштады. Мен кыйкырып жибердим. «Сизди өлтүрөйүн, зордуктайын деген оюм жок. Бизди кармаса ишибиз бүтөт» деди. Титиреп-калтырап жатып чала эсимде калганы, номеринде 00 деген сандар бар болчу. Ак үйдө иштеген бала экен, кийин айтты.

Азыр эстесе, жаны чыккан айдоочу Ак үйдөн безген дагы бир күркүлдү Казакстандан ары жакка өткөргөнү алып келсе керек го. Дагы жакшы, ыймандуу айдоочу тура, ушул ызы-чууда жолдо сербелеңдеген кызды ким убара тартып ала кетмек?

- Улам бирөөлөр телефон чалып, кыйкырып сүйлөшүп жатышты. «За тобой охотятся» дегендей сөздү угуп калдым, сөгүнүп айтты, мен бул жактан кетем, жоголом азыр деди. Мени ГЭС-2ден андан ары өзүңүз жетиңиз деп түшүрүп койду. Анткени Кара-Балтага башка жол менен кетем деди. Менин оюмча, ал бала Казакстанга бирөөнү жеткирип барып келди. Анткени азыр эле кирип чыктым деди.

Бирок Эля Бишкекке жеткени менен али үйүнө чейин сапар алыс эле. Демейде киши башына экиден туура келүүчү таксилерден бүгүн биринин да дайыны жок. Бактысы бар экен, алардын бирөөсүн шаар четине кудай айдап келгендей эле болуптур.

- ГЭС-2де да караңгы эле. Бир машине бирөөлөрдү жеткирип келип, ары жака кетейин деп бурулуп жатканда мен жол ортосуна туруп алып токтоттум. «Учкунга» (Бишкектеги кичи район – автор) жеткирип койчу десем, ал жакка барбайм деди. Мени жеткирбесеңиз, көчөдө калам, кантип жетишимди да билбейм десем, канча бересиң дейт. Мен бааларын билбейм. Баасын айтты, макул, канча болсо дагы үйгө жеткирсеңиз болду дедим. 2 миң теңгедей бердим болуш керек.

Үйүндө Эляны бир туугандары көз жашын көлдөтүп тосуп алганына азыр таң калып болобу? Сыналгы аркылуу Ак үй алдында жайраган балдарды көрүп, ал күнү ыйлабаган адам калбаган чыгаар.

- Баары урушуп, эмне ушундай кеч келесиң дешти. Өлгөн адамдарды көрүп, ыйлай баштадым. Анткени, үйдөгүлөрдүн баарынын көзүнө жаш келди. 1-2 күндөн кийин кайра кетишим керек болчу. Чыгайын десем, теледен Өзбекстан, Казакстан чек арасын жапты деп айтылды.



Акыры Элянын артка кайтаар күнү келди. Ансыз да ишине кечикти, дагы кечиксе, ишинен такыр кол жуумак. Бирок казак тарап чек арасын, элестүү айтканда, чычкан мурду жөргөлөгүс кылып бүтөп салган эле. Бирөөлөр өтүп жатканын кыргыз кызы байкаптыр, бирок өзү өтө алган жок.

- Бажыканага келсем, жабык деп өткөрбөй коюшту. Кайра үйгө келдим. Ошентип бир жума үйдө болдум. 15инде чыгып кайра «Ак Жол» бажыканасына барсам, эч кимди өткөрбөй жатышкан экен. Эгерде товар, же балаң жок болсо 15-20 миң теңге берип өтүшүң мүмкүн, эгер тааныш тапсаң деп бери жактагылар айтышты.

«Ак Жол» чек арасынан өтө албаган соң Эля аркы Канттан өтөм деген үмүт менен ал жакка барганы. Бул жерде да топтошкон кишилер. Өчөшкөнсүп ал күнү чек арачылар да тынбай шимшилебейт бекен. Ал ортодо Алматыдан тынбай чалышып, ого бетер беймаза кылып жатышты. Эми бир гана айла - чек араны жөө-жалаңдап мыйзамсыз бузуп өтүү жагы калган эле. Эля тобокел деп ошол акыркы кадамга батынды.

- Чек арачылар тынбай ары-бери каттап жатышты.Кыргыз балдар кечкурун өткөрүп коёлу, бирок андан аркысын билейбиз дешти. Алар кеткенден кийин ойлонуп отуруп, ары басып карасам, Казакстандын айылы алыс көрүнгөн жок. Сумкамдын ичинде паспорт, керектүү документтерим бар болчу. Эгер сумкамды ыргытсам, өзүм секирем, же кечем, же өтөм деп ойлодум. Сумкамды ыргытып, ары жакка секирип өткөнгө аракет кылдым. Бирок баткакка кулап, талдарды кармап отуруп, биринчи суудан өтүп кеттим. Дагы бир канча суу бар болчу. Ошентип, ар бирөөнөн өтүп жүгүрүп келе жатсам, Казакстандын чек арасы болуп калды, ал жакта кой жайып жүргөн бир бала жүрүптүр.

Казак уланы дагы ыймандуу экен. Башка бир кыянатчыл неме болсо чек арачылардын колуна салып берип, балким, сыйлык да алмак. Ал болсо апайын, кыргызча айтканда, эжесин бар балээден калкалап калган экен.

- Бул жакка кел деп чакырды. Жүгүрүп барып, малдардын жанында көрүнбөй турдум. Анткени, качсаңыз ок чыгарышы мүмкүн деп айтты. Ал жолду көрсөттү, сай сыяктуу эңкейиш жер бар экен. Ошол жакка кирип, акырындан жылып кете бердим. Муздак сууну кечип, андан ары өтсөм Казакстандын айылына чыгып калдым. Бирок айылга жеткенде саз бар экен, тиземе чейин баткакка батып чыксам, кийимдерин булганды, куладым. Билген келмемдин баарын бардык тилде айтып чыктым ойшойт.

Башканы билбейм, Элянын аңгемесине кулак салып отуруп, жазуучу Касымалы Баялиновдун ай талаада карышкырга таланган айтылуу Ажарынын элеси бир сыйра көз алдыма келди. Иши кылса, колдоочусу барбы, Эля акыры Кордойго, андан ары Алматыга жетип кулаганы:

- Жардан тырмышып жолго чыксам, чачтарым жазылып кеткен, бүт денем баткак. Машине тоссом, эч ким албайт. Ошол күнү тамак да ичкен эмесмин жүрөгүмө тамак барбай. Теңселип турсам, мас деп ойлошсо керек. Аягында карыган киши аялы менен токтошту. Унчукпай айылдын борборуна жеткирип коюшту, акча да алышкан жок. Ичкен, же жаман жолдо жүргөн бирөө деп ойлошсо керек, аяганынан жеткирип койду окшойт. Айылда товар алып БУСик келип калды, ар бир айылдагы дүкөнгө ташташат экен, кайтып бара жатыптыр. Мени Кордойго чейин ала кетишти, акчасын төлөп, Кордойдон таксиге түшүп, Алматыга жеттим. Эч нерсе сүйлөбөйм, бирөөнү карагандан да уялам. Ошентип Алматыга жетип эле куладым. Түнү катуу ооруп, жөөлүп, кусуп, бир жума башымды көтөрө албай төшөктө жаттым.

Азыр эми Эля ишим дурус эле дейт. Эл-жерине барып-келип турат. Жакындан бери казак паспортун алуу ниети пайда болгонун кеп ортосуна кыстара кетти:

- Ошол күндөр такыр эсимден чыкпайт. Күнү бүгүнкүдөй элестетем. Казак паспортун алганга мурда мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок мен алгым келчү эмес, анткени баары бир өз жериме кетем деп ойлоп жүрдүм. Бирок акыркы абалды карап туруп, ойлоно баштадым бул жерде калганым туура болот окшойт деп. Бизде кыйын болуп калды.

Айтору, былтыркы апрел Элянын бүт сезимине ширелип, өмүр бою эсинен чыккыс болгон экен. Бирок аны эми башка нерсе дайыма капа кылып, ызасын келтирип жүрүптүр.

- Казакстан телеканалардында Кыргызстанда кандай жашашат, биз кандай жашап жатабыз деген нерсени көп көрсөтүшөт. Мисалы, жаңылык башталганда Кыргызстандан башташаарын биз дароо билебиз, азыр жаман нерсени айтып, салыштырышат деп. Анткени контрастты көрсөтүш керек буларга. Өлүп жаткан балдарды көрсөтүп, экрандын бурчуна Назарбаевдин мына биз Казакстан гүлдөп, эң алдыңкы 50 мамлекеттерге киребиз деп сүйлөп жатканы ушунчалык менин ызамды келтирди. Ушундай жаным кейип, ызадан ыйладым. Бир да улутту жамандагым келбейт. Анткени мен Казакстандан көп жакшы нерсеге жеттим, көп нерсени үйрөндүм, жакшы адамдар көп. Бирок эл башчысынын, аны элбасы дейт го, айткан сөздөрү жаман бир тууганды жамансынтат го кыргыздар, ошондой болду...

Мына окурман, былтыркы апрель кезеңи сезимине из калган кыздардын бири. Алматыдагы ишин, чек арадан өткөнүн уккан соң, эми эмне себептен өз атын өзгөртүп, тек гана Эля деп атап, неге сүрөтүн койбогонубузду түшүнүп жатсаңыздар керек...

XS
SM
MD
LG