Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:12

10-апрелде айрым жерлерде жаан-жаайт


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 10-апрелде айрым жерлерде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 18…23 градус жылуу болоору күтүлүүдө. Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22 градус болот. Баткен облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22 градус болсо, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 8…13, күндүз 19…24 градуска чейин жылыйт. Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 1 …6 градус, күндүз 11…16 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 13…18 градус жылуу болмокчу. Тоолордо сууктун күчү түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5 градуска чейин жетет.

Бишкек шаарында жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 11…13, күндүз 19…21 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG