Иран кувейттик үч дипломатты өлкөдөн чыгарганын өкмөттүк Press TV телеканалы 10-апрелде кабарлады. 31-мартта Кувейттен ирандык үч дипломат “өлкөдөгү шпиондук түйүндөргө катышы бар” деп куулган.
Ирандын Перс булуңундагы мамлекеттер менен мамилеси арап өлкөлөрүнүн толкуган элине басуу үчүн улуттук өкмөттөр күч колдонгондон тарта соолгуп кетти. Сауд Арабиясы Бахрейнге шиит оппозициясынын чыгууларын басууга аскерин жөнөткөнүнө расмий Тегеран каршылык билдиргенде Перс булуңундагы өлкөлөр Иранды ички иштерибизге кийлигишүүдө деп күнөөлөшкөн.
Мартта Кувейтте ирандык эки жаран жана Кувейт букарасы Ирандын пайдасына шпиондук кылды деп, өлүм жазасына тартылган.