Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Каддафи Ливиядагы кырдаалды жөнгө салуу планын кабыл алды


Бул тууралуу Түштүк Африканын президенти, кечээ Триполиде Каддафи менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн делегациянын башчысы Жейкоб Зума билдирди. Муаммар Каддафиге жан тарткан күчтөр менен ага каршы чыккан козголоңчулар ортосунда сегиз аптадан бери жүрүп жаткан урушту токтотуу боюнча планды Африка союзу сунуш кылган. Ортомчулардын планы ок атышууну дароо токтотууну, гуманитардык уюмдардын жаңжал болуп жаткан аймакка кирүүсүн, жаатташкан тараптар ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрдүн башталышын карайт. Африка союзунун делегациясы эми козголоңчулардын лидерлери менен да жолугары күтүлүүдө. Мурдараак козголоңчулар алар Каддафинин бийликтен кетишине гана көнөрүн айтышса, Каддафинин режими ал буга макул эместигин билдирген.

Бул аралыкта НАТО Каддафинин күчтөрүнө караштуу 25 танкты керектен чыгарганын билдирди. Ал эми Африка союзунун Триполиге барган делегация башчысы, Түштүк Африканын президенти Жейкоб Зума Каддафинин күчтөрү менен козголоңчулардын ок атышууну токтотуусуна мүмкүндүк берүү үчүн НАТОну аба соккуларын токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG