Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:00

Ок өтпөс соотторго байланыштуу кылмыш иши козголду


Аскер прокуратурасы Ички иштер министрлигинин Ички аскерлер бөлүгүнүн жетекчи кызматкерлерине "ок өтпөс соотторду үч эсе кымбат баада сатып алып, мамлекеттик казынага 13 миллиондон ашык сом зыян келтирди" деген негиз менен кылмыш ишин козгоду. Прокуратура тараткан маалыматка ылайык, иликтеп-текшерүүнүн натыйжасында 2010-жылдын октябрь-ноябрь айларында Кытайдан сатып алынган 250 даана ок өтпөс сооттордун тиешелүү документтери жок экени аныкталган. Азыр бул факт боюнча тергөө уланууда. ИИМдин Ички аскерлер бөлүгү азырынча комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG