Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынын өткөрүп, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун айыптоолоруна жооп кайтарды.
Анын айтымында, 2010-жылдын 20-декабрында “Альфа-Телекомдун” мурдагы жетекчиси Андрей Силичтин буйругу менен “Сарамжал транс” ишканасы аркылуу Байболовдорго таандык “Оберон” ишканасынан 900 миң долларга, Broodmaster Bishkek ишканасынан 400 миң долларга жана К.Байболовдун жубайы Нуржамал Байболовадан 400 миң долларга кыймылсыз мүлк сатып алынган. "Байболовдордон жалпы 1 миллион 700 миң долларга кыймылсыз мүлк сатып алынган" деди Дүйшөбаев.
К.Дүйшөбаев билдиргендей, Башкы прокуратура “Сарамжал транс” боюнча кылмыш ишин атайылап жаап-жашырып келген. Акырында президент Роза Отунбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин гана ал документтер УКМКнын колуна тийген. УКМК башчысы К.Байболов “Альфа-Телекомдун” мурдагы жетекчисине кысым көрсөтүп, өзүнө тиешелүү кыймылсыз мүлктөрдү абдан кымбатка сатып алдырган деп эсептей турганын айтууда. Ошондой эле ал, К.Байболов башкы прокурорлук кызматка келгенден кийин Бишкектеги “Апельсин” ресторанын тартып алганын, башка дагы мыйзамсыз аракеттери боюнча документтер топтолуп атканын билдирди.
К.Байболов кызматтан алынган соң президент Роза Отунбаева, премьер-министр Алмазбек Атамбаев, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган бийлик өкүлдөрүн ири коррупциялык иш-аракеттери үчүн айыптап чыккан. К.Байболов УКМК башчысы К.Дүйшөбаевди да айыптап, 7-апрелден кийин УКМКга берилген каражаттар белгисиз жоголгонун айтып чыккан. (IJz)