Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Башкы прокуратура Ташиевге кылмыш ишин козгоду


Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Талант Конокбаев Жогорку Кеңештеги “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиевге Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун “Азаттыкка” билдирди. Ташиев өзүнүн кесиптеши Бахадыр Сулеймановду уруп койгон деп айыпталып жатканын маалымдалды. "Тергөө амалдарын жүргүзүү Ички иштер министрлигини башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды. Сулейманов "Ташиев урду" деп арызданып 1-апрелде арыз менен кайрылган", дейт Конокбаев. Депутат азыр Кардиология боюнча улуттук борбордо дарыланып жатканы кабарланууда.

"Ата Журт" фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановду фракция лидери Камчыбек Ташиев токмоктоп салыптыр деген маалымат боюнча Ташиев өзү 11-апрелде бир катар жергиликтүү агенттиктерге комментарий берип, "биз бири-бирибизге кыйкырып, жаалдана сүйлөшкөнбүз. Бирок мен аны сабаган жокмун",-деп билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG