Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Кытайда БРИКС уюмунун саммити ачылууда


Хайнань аралындагы саммитке БРИКС уюмуна кирген беш өлкө: Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африканын лидерлери чогулууда. Экономикасынын өнүгүү ыргагы ыкчам кетип жаткан бул беш мамлекетте азыр дүйнө калкынын 40%дан ашууну жашайт жана алар азыр дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 20%га жакынын беришет. Саммит биргелешкен билдирүү кабыл алуу менен аяктары күтүлүүдө. Кабарларга караганда, жыйында эл аралык каржы системасын реформалоо, соода маселелери жана Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африкадагы кырдаал талкууланмакчы. БРИКСке кирген беш өлкөнүн төртөөсү: Кытай, Орусия, Индия, Бразилия НАТОнун Ливия лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө каршы аба соккуларын айыптаган. Ал эми Түштүк Африка БУУнун Копсуздук кеңешинин Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялаган резолюциясын жана Ливия жарандарын коргоо боюнча чараларын колдогон.

XS
SM
MD
LG