Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Али Абдулла Салехке кысым күчөөдө


Йемендеги анти-өкмөттүк козголушту колдогон уламалар менен уруу аксакалдары Али Абдулла Салехти токтоосуз президенттиктен кетүүгө чакырышты. Бүгүн, 15-апрелде жарыяланган кайрылууда демонстранттардын талабы аткарылууга тийиш, аскерий жана коопсуздук кызматтарынын жетекчилигинен Салехтин бардык туугандары кетиш керек экени айтылат. Январда эл толкуй баштагандан бери коопсуздук күчтөрү же Салехтин жактоочулары менен болгон кагылыштарда 125тен көп адамдын өмүрү кыйылды. Йеменге коңшу өлкөлөр Салехтин бийликти тынч өткөрүп берүүсүнө арачылык кылуу ниетин билдирип, бирок сунушка оппозиция көнгөн эмес. Салех Йеменди 31 жыл башкарууда.

XS
SM
MD
LG