Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

НАТОнун башкатчысы: Ливиядагы операцияга кошумча учак керек


НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссен Ливиядагы авиачабуулду көбөйтүү боюнча эч кандай милдеттенме ала элегин, бирок альянстын миссиясына жакында кошумча учактар бөлүнөт деген үмүтүн 15-апрелде билдирди. Расмуссен НАТОнун Берлинде жума күнү аяктаган эки күндүк жыйынында Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнө чабуул жасоо үчүн жердеги бутага сокку урчу учактар дагы көп керек деп кошумчалады. Ливиялык козголоңчулар өкмөттүк аскерлер кызыл кыргын уюштурат деп, НАТОну авиачабуулду күчөтүүгө чакырган эле.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жума күнү Берлиндеги жыйында НАТОнун тышкы иштер министрлери менен кездешкенден кийин альянс Ливияда Улуттар Уюму берген мандаттан чыгып кетүүдө деп, чатакты саясый жол менен чечүүгө чакырды.

АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлердин Ливиянын аба мейкиндигин учактарга жабык болусун деген БУУнун резолюциясын камсыздоого кайра катышуусунун зарылдыгы жок деп санайт.

Обаманын жума күнү Ассошэйтед пресс агенттигине айтышынча, АКШ Ливиядагы аскерий операцияга чалгындоо жана согуштук учактарга май куйуу жагынан көмөктөшүүдө.

XS
SM
MD
LG