Кыргызстандын өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин айтымында, Коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кеңеш өлкөдөгү коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгып, аны ишке ашыруучу жана кеңешүүчү орган болуп эсептелет. Ошондой эле Атамбаев жер-жерлердеги кылмыштуулук, укук тартиби, коопсуздук маселелерин жергиликтүү бийлик багыттай тургандыгын белгиледи. Мындан сырткары бүгүнкү жыйында Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Шейшенбек Байзаковдун баяндамасы угулуп, соттолгондорду жумуш менен камсыз кылуу, өмүр бою соттолгондорду өзүнчө кармоо маселеси көйгөйлүү болуп турганы айтылды.
Аталган кеңештин өлкөдөгү уюшма кылмыштуулукка каршы күрөшүү чаралары, этностор аралык кырдаал, мамлекеттик чек аралар маселесин талкууланган экинчи бөлүгү жабык уланды.
Коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча кеңеш апрель айынын башында өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. (КЕ)