Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:35

Ирак өкмөтү Ашраф лагерине жасалган чабуулду "мыйзамдуу" деди


Ирак өкмөтүнүн маалымдашынча, Ашраф лагерине жасалган чабуулдун максаты - лагерди тыйуу салынган жана Ирандын диний жетекчилигин бийликтен кулатууну көздөгөн Иран элдик мужахиддин уюмунан кайтарып алуу болгон. “Дүйнөдөгү бир да өлкө өз күнкорсуздугуна шек келтирген ар кандай уюмга жана мамлекет ичинде мамлекет болушуна чыдамак эмес,” - деди Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари 19-апрелде “Азаттыкка” берген интервьюда.
Улуттар Уюмунун кабарлашынча, 8-апрелде Ашрафи лагерине коюлган чабуулда 34 киши набыт болгон.

Хошяр Зебари адамдардын өлүмү кокустук болгонун жана чабуул лагердин жашоочуларын Иранга кайтарууга багытталбаганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG