Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Каддафи Мисратага гумжардамды өткөрөт


Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин өкмөтү курчоодогу Мисрата шаарына гуманитардык жардам өткөрүүгө макулдук берди. Бирок Улуттар Уюмунун гумжардамдар боюнча координатору Валери Амос айымдын билдиришинче, бийлик гумжардамды ташыган чет элдиктердин коопсуздугуна кепилдик берүүдөн баш тарткан. Мисрата Ливиянын батышындагы козголоңчулардын ээлигиндеги жалгыз шаар.

Хьюман Райтс Уоч уюмунун кабарлашынча, акыркы жети жумада Мисратадагы эргешичилер менен Rаддафиге ишенимдүү аскерлердин салгылашында 27 адамдын каны төгүлгөн. Эл аралык миграция уюму дүйшөмбү күнү Мисратадан 1 миңге жакын чет элдикти жана жарадар ливиялыктарды кемеге жүктөп чыгарып кетти. Эл аралык Кызыл Чырым уюму шаардан 618 чет элдикти чыгарганга көмөктөшкөнүн билдирди.

XS
SM
MD
LG