Бүгүн 19-апрелде Cирияда анти-өкмөттүк демонстрациянын катышуучуларына каршы ок атылды. Күбөлөрдүн айтышынча, Башар Асад президенттиктен кетмейин, Хомс шаарынын борбордук аянтынан кетпесин айтып ураан чакырган адамдарга коопсуздук күчтөрү ок аткан. Жарадар болгон же октон жан берген адамдар жөнүндө маалымат жок. Хомс Сириянын үчүнчү чоң шаары.
Адам укугун коргоочулардын ырасташынча, бир ай илгери Сирияда бийликтин алмашуусун талап кылган козголуш башталгандан бери коопсуздук күчтөрү менен кагылышта 200дөй адам курман болгон. Ички иштер министрлиги 18-апрелде толкундоолор үчүн “салафилердин аскерий канатын” күнөөлөдү. Салафилерди көпчүлүк арап өкмөттөрү “ал-Каида” сыяктуу эле террорчул уюм деп эсептешет.