Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:45

Коалициялык көпчүлүк 10 “арнамысчыны” колдоду


Жогорку Кеңеште коалициялык көпчүлүккө кирген үч фракция жабык жыйын өткөрүп коалицияга “Ар-намыс” фракциясынан 10 депутаттын киришин жактырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата-Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева билдирди. Буга чейин парламенттеги оппозициялык “Ар-намыс” фракциясынын коалицияга кошулууну каалаган 10 депутаты баштапкы ниеттеринен кайтпай турганын ырастап билдирүү тараткан.

“Арнамысчылардын” коалицияга кошулушун “Ата-Журт” фракциясы да колдогон эле. Бирок “Ар-намыс” фракциясы он депутатынын фракциядан чыкпай туруп коалицияга киришин мыйзамсыз жана акыл-эске сыйбайт деп баалаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG