Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Хиллари Клинтон Сириядагы зордук-зобунду айыптады


АКШнын Мамлекеттик катчысы Х.Клинтон Хомс шаарындагы демонстрация жөнүндө сүйлөп, “ал жерде жөнөкөй тургундар арасында да, мамлекеттик кызматкерлер арасында да набыт болгондор жөнүндө кабарлар түшүп жатканын, мунун баары АКШны тынчсыздандырып жатканын” айтты. Хомско чет өлкөлүк журналисттер киргизилген эмес. Ошондуктан кырдаал тууралуу так маалымат жок. Адам укугун коргоочу активисттер дүйшөмбүдөн берки тополоңдордо демонстрацияга чыккан 20 ашуун адамды полиция же башка күч органдары өлтүрүшкөнүн айтышууда. Өкмөт оппозициянын айрым талаптарын аткарып, өлкөдө дээрлик 50 жыл мурда киргизилген өзгөчө кырдаал режимин алып салган эле. Ага карабай, өкмөткө каршы нааразылык акциялары айрым жерлерде кечээ да улантылды.

XS
SM
MD
LG