Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

КТРК тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды


“Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү долбоорун колдоп Жогорку Кеңештин 91 депутаты добуш берди. Натыйжада депутаттардын сунуштары эске алынуу менен мыйзам долбоорго толуктоолор киргизилип, экинчи окууга коюлат. Ал эми КТРКнын азыркы Байкоочу кеңешин таркатуу же мөөнөтү бүткүчө иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү маселеси Жогорку Кеңеш кабыл ала турган атайын токтомдун негизинде чечиле турган болду.

“Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзам каналдын иштөө жана байкоочулар кеңешин шайлоо тартибин аныктайт. Долбоорго ылайык, кеңештин беш мүчөсүн парламент көрсөтүшү абзел. Калган он мүчөсүн президент жана өкмөт бекитет.

2010-жылдын 30-апрелде Убактылуу өкмөттүн декрети менен Улуттук биринчи канал коомдук деп өзгөртүлгөн. Ага ылайык президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен өткөн жылдын 26-августунда 15 кишиден турган Байкоочулар кеңеши түзүлгөн болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG