Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Кытайдын Сычуань провинциясындагы кагылыштан эки тибеттик каза тапты


Бул тууралуу Тибеттеги адам укуктарын коргоо боюнча кеңсеси АКШда жайгашкан эл аралык уюм билдирүүдө. Кабар башка булактар тарабынан азырынча ырастала элек. Адам укугун коргоочулардын маалыматына караганда, коопсуздук күчтөрү менен жергиликтүү тургундар Кирти деп аталган будда монастрынын жанында кагылышкан. Мунун алдында бейшемби күнү ал жерде 300дөй кечил камакка алынган экен. “Франс пресс” жана “Ассошейтед пресс” агенттиктеринин маалыматында айтылгандай, полиция аталган монастрдын аймагын өткөн айда жаш кечилдердин бири кытай бийликтеринин Тибеттеги саясатына нааразылык билдирип, өзүн-өзү өрттөп жибергенден бери кайтарып жаткан.

XS
SM
MD
LG