Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

ЖК комитеттеринде чек ара коопсуздугу талкууланат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелери, Коргоо жана коопсуздук, Укук тартиби, мыйзамдуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитеттеринин биргелешкен жыйыны өтөт. Анда коопсуздук жана өлкө түштүгүндөгү чек арага жакын жайгашкан аймактардагы кырдаал талкууланат. ЖК басма сөз кызматы билдиргендей, жыйында вице-премьер-министр Шамиль Атаханов, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Чек ара аскерлеринин башчысы Закир Тиленов, чек арага жакын аймактардын жетекчилери кырдаал тууралуу маалымат бермекчи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG