Бирок мугалимдердин айтымында, соңку кездери ал жактагы грузин мектептери жергиликтүү бийликтер тарабынан кысмакка алынууда. Эми Грузияга баш ийбей, андан бөлүнүп кеткен Абхазия мектептеринде орусча жазылган китептерди колдонуп, география жана тарых сабактарын жаңыча окутууну каалашууда.
Абхазиянын түштүгүндө жайгашкан Гали районундагы грузин тилиндеги мектептер көптөн бери каражаттын жана окуу куралдарынын тартыштыгын сезип келатышат. Алар үчүн жап-жаңы окуу куралдарын бекер алып келип берүү, чынында чоң кубаныч болушу керек эле.
Бирок келген окуу куралдарынын бардыгы жалаң орус тилинде.
Жакында эле Грузиянын «Рустави 2» жана «Имеди» теле каналдары негизинен этникалык грузиндер жашаган Гали районуна алынып келип жаткан окуу куралдарын көрсөтүштү. Ал маалыматтарга караганда, Абхазиянын бийликтери Галидеги 40 миңдей грузинди күчкө салып тилин унуттурууга аракет кыла башташты.
Жергиликтүү мугалимдер да мектептерде грузин тилинде окутууну токтотуу боюнча эскертүүлөр болгонун айтышкан. Галидеги № 13-мектептин мугалими Карина Эхвайа Абхазияда башталган мындай көрүнүшкө тынчсыздануусун билдирет:
- Мен чындап эле Галидеги мугалимдер кысмакка алынып жатканын тастыктай алам. Бирок жаңы окуулуктардын келе баштаганын биле алган жокмун. Бирок бийлик өкүлдөрү грузин класстарын бат-баттан текшерүүгө алышууда. Албетте азыр биз үчүн кыйын учур. Биз өз балдарыбызды грузин тилинде тарбиялагыбыз келет.
Абхазиядагы грузин мектептерин кысмакка алуу биринчи жолу болуп аткан жери жок. Бирок жакында эле Орусия менен Грузиянын ортосунда кагылыш болуп кетип, Грузиянын дагы бир жаңжалдуу делген аймагы Түштүк Осетия биротоло өз алдынчалыгын жарыялаган.
Москванын жардамы аркылуу Цхинвали менен Сухуминин бийликтери өз аймактарындагы грузиндерге кыйла кысым кылышып, кээде аларга орус паспортторун таңуулаган учурлар болгон.
Бирок Абхазиянын Гали районунун жетекчиси Руслан Кишмариа тескерисинче грузин бийликтерин айыптады:
- Алар тараткан маалыматтарга ишенбегиле. Грузиянын билим берүү министрлиги калп айтат. Бул жактагы грузиндер мурда кандай окуп келишсе, ошондой эле окуп атышат.
Ушул тапта аймактагы кырдаалга эл аралык коомчулук да көңүлүн тиге баштады. ЕККУнун өкүлдөрү да Абхазиядагы грузиндердин абалын текшерип көрүп, чынында жогорудагыдай маселе бар экенин айтышууда.