Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:45

Төрага - “Ак жолдун” архитекторунун кадрыбы?


Бүгүн (24-декабрда) Жогорку Кеңеш төраганы шайлады. Президент өзү сунуштап, “Ак жол” фракциясы жактырган депутат Зайнидин Курмановдун талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоп беришти. Серепчилердин баамында, маркум Медет Садыркулов парламентке алып келген адамдардын арасынан төрага тандалышы жөн жеринен эмес.

Зайнидин Курмановдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдоп, жыйынга катышкан 84 депутаттын бардыгы макулдугун беришти. Жаңы шайланган төрага ыраазычылыгын билдирип, төрагалык кызматын аткара баштады:

- Мен түшүнүп атам. Бул кызмат - чоң жоопкерчилик. Ошол чоң жоопкерчиликти аткарыш үчүн бардык аракетимди көрсөтөм.

З.Курмановдун төрага болушун көпчүлүк ар кандай кабыл алды. Маселен, оппозиция өкүлдөрү төрагалык кызматка кандай алтын баштуу адам келсе дагы эч нерсе өзгөрбөсүн, парламент төрагасы менен премьер-министр эбактан бери эле эч нерсе чечпей калганын, мурдагы төрага Айтибай Тагаевдин оюнчуктай эле бир заматта Баткенге кетирилиши буга далил болорун айтышууда. Ал эми жаңы төраганын фракциялаштары анын билимин, деңгээлин айтып макташканы менен араларында З.Курмановду кыргыз тилин начар билгенин айтып, эскерткендер да болду.
Азыркы кырдаал башкача саясат жүргүзбөсө болбой калганын, өзгөчө түндүк факторун эске албаса болбосун айгинелеп атат. Анткени оппозиция дагы бекер жаткан жок. Т.Акеров

Саясий серепчи Табылды Акеровдун пикиринде, төрагалык кызматка “Ак жолдун” архитектору болгон маркум Медет Садыркуловдун кадры келди. М.Садыркулов президенттик администрацияны башкарып турганда кыска мөөнөт ичинде президентке “Ак жол” партиясын түзүп берип, өзүнүн кишилерин да парламентке алып келүүгө үлгүргөн. Т.Акеровдун баамында, президент З.Курмановдун талапкерлигин чыңалып бараткан абалды, түндүк факторун эске алуу менен гана алып чыкты:
Табылды Акеров

- Биринчиден, тарифтердин көтөрүлүшү, экинчиден акыркы саясий чыңалуулар, К.Ташиевдин кызматтан кетиши, аны колдогондордун чыгып атышы, андан кийин А.Жекшенкуловдун, И.Исаковдун, Петровкадагылардын, Балыкчыдагылардын соту бүтпөй атканы, ушул сыяктуулардын бардыгы башкача саясат жүргүзбөсө болбой калганын, өзгөчө түндүк факторун эске албаса болбосун айгинелеп атат. Анткени оппозиция дагы бекер жаткан жок. Анар да кырдаалды анализдеп атышат.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабековдун айтымында, З.Курманов төрага катары өзүн көрсөтө ала турчу, билим деңгээли жогору инсан. Ал эми кыргыз тилин жакшы билбегендигин бат эле жоюп алса болот:

- З.Курманов үч жолку депутат. Депутаттык тажрыйбасы чоң. Комитеттин да төрагасы болуп жигердүү иштерди алып барды. Мен ишенем...

З.Курманов жетектеген парламент эмки жылы таркайбы?

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев жаңы төраганы адис катары жогору баалайт. Бирок тилекке каршы ал жетектемекчи болгон парламенттин эл арасында аброю жок жана таза шайлоонун негизинде келген эмес. Эл сыйлаган, күчтүү парламент болушу үчүн таза шайлоо өткөрүш керек:

- “Ак жол” партиясы дагы бир күндүк партия. Булар бир максаттын негизинде биригишкен эмес. Булар бийлик бөлүштүрүүнүн негизинде биригишкен. Эгерде биз күчтүү парламент болсун десек, анда сөзсүз түрдө жаңы парламенттик шайлоо болуп, акыйкат шайлоонун негизинде куралган парламент болушу керек.
Эгерде биз күчтүү парламент болсун десек, анда сөзсүз түрдө жаңы парламенттик шайлоо болуп, акыйкат шайлоонун негизинде куралган парламент болушу керек. Темир Сариев

М.Садыркулов табышмактуу жагдайда каза болгондо “Ак жолдогу” анын кишилери арасынан жалгыз Элмира Ибраимова үн катып, бул жерде саясат жатканын, М.Садыркулов киши колдуу болгонун ачык айтып чыккан болчу. Андан көп өтпөй эле ал кызматтан кетирилген. Бирок “Ак жолдогу” М.Садыркуловдун башка санаалаштары, анын ичинде З.Курманов да үн каткан эмес. Андан тышкары коомчулукта, айрым басылмаларда З.Курмановду “Үзөңгү кууш” маселесиндеги ээлеген позициясы үчүн да учурунда айыптап чыгышкан эле.

Талдоочу Т.Акеровдун божомолунда, азыркы парламент деле мөөнөтү бүтпөй таркатылчудай болуп турат. Жаздын келиши менен баш мыйзамга өзгөртүүлөр кирип калса кайра парламенттик шайлоо өтүп калуусу ыктымал. Серепчинин божомолунда, “Ак жол” фракциясына анча ишенбей турган президент жаңы парламентке өзүнүн жакындарынан бирөөнү кошуусу ыктымал.

З. Курманов ЖК төрагалыгына шайланаардан бир күн мурда (23-декабрда) обого чыккан "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча ойлорун айткан эле.


З. Курманов: Президенттик кеңешме керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:51 0:00

XS
SM
MD
LG