Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Хамид Карзай кыргыз президентине эмне максат менен жолуккан жатат?


Ишенимдүү булактын маалыматына караганда Ооган президенти Хамид Карзай Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев менен ШКУнун Екатеринбург саммитинин алкагында көзмө-көз жолугушууну көздөөдө. Буга байланышкан катты Ооган президенти Казакстандагы өз элчиси аркылуу Кыргызстандын Казакстандагы элчисине берген. Катта белгиленгенге караганда Карзай Бакиев менен Ооганстандагы гуманитардык жагдай тууралуу сүйлөшчүдөй. Атын атоону каалабаган булактын маалыматына караганда демилге көтөргөн тарап антитеррордук коалициянын Кыргызстандагы аба-аскерий базасынын айланасында да сүйлөшүү ниети бар. Кыргызстандын Казакстандагы элчси иЖаныш Рустенбеков Ооганстандын Казакстандагы элчиси Абдул-хай Хайдар өз президентинин атынан Кыргызстандын президентинин дарегине кат бергендигин "Азаттыкка" тастыктады.

- Сиздин Ооганстан элчиси менен жолуккандыгыңыз жөнүндө бейрасмий булактардан маалымат тарады, ошонун канчалык чындыгы бар. Ал жолугушууда эмне жөнүндө сөз болду?

- Алардын өздөрүнүн демилгеси боюнча жолукканбыз, эки күн болду суранып сизге кирип кетейин дегенине. Ал жактан эки эле маселе каралды. Ал киши менен мурун тааныш болчубуз. Ал бир учурда Казакстанда анан Кыргызстанда да элчи болгону жатат. Агреман жөнүндө (элчиликке уруксат берүү) сөз болду, кандай болуш керек, качан аны батыраак уруксат береби президент кабыл алабы деп. Бизде шайлоо болгону атат, же шайлоодон кийин болобу, кандай болот деп министрлик менен сүйлөшөйүн дегем. Экинчи суроосу, президент Карзайдын каты бар экен биздин президентке, ошону берип коюңуз деди. Берип жибердик.

- Ошол катта Хамид Корзай Кыргызстандын президенти менен ШКУнун Екатеринбургда боло турган саммитинин алкагында бетме-бет эки тараптуу жолугушуу өткөрсөм дегендей сураныч кылыптыр деген кабар айтылып атат. Эгерде ошондой болсо, анда эмне маселелерди сунуш кылып атат Хамид Карзай?

- Бул ачык айтылбай турган кат да. Мен анын ичинде эмне бар экенин карагандай укугум жок. Мен өзүбүздүн почта менен берип жибердим борборго.

- Оозеки сүйлөшүүдө элчи менен ал жөнүндө сөз болгон жокпу?

- Анын өзүнүн жолдору бар да. Өзү айтпагандан кийин, мен эмне бар экен, эмне деп жазган деп сураганга менин мүмкүнчүлүгүм жок.

- Бул жөнүндө эртең ачыкталат экен деген кабар тарап кетти. Негизи сиз кандай деп ойлойсуз, маселен, Ооганстандагы азыркы кырдаал, андан тышкары “Манас” аба майданындагы америкалык база жөнүндө да сөз болушу мүмкүнбү?

- Кандай сөз болорун, президенттин ой-пикирин билбейм. Азыр Ооганстанда гуманитардык ж.б. маселелер көп. Кандай сөз болорун сизге айта албайм.

- Мазмуну жөнүндө эч нерсе билбейсизби?

- Жок, билбейм. Ал киши айтпагандан кийин дипломатиялык жактан сураганга ыңгайсыз болуп калат. Керек болсо ал киши айтмак, мазмуну ушундай деп. Ал киши айткан жок.

Тасмада: АКШ базасы: Сын жана жүйөө

Орусияда А.Мамонтовдун “База” аттуу програмасы көрсөтүлүп, Ооганстандагы анти террордук иштерге негизги таяныч болгон АКШнын Кыргызстандагы “Манас” базасы тууралуу бир катар маалыматтар айтылган. Бирок база жетекчилиги булар менен макул эмес. ES, MiT, SA

АКШнын "Манас" базасы: Сын жана жүйө
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:02 0:00

XS
SM
MD
LG