Биринчи элдик кошуун Кундуз провинциясындагы Калай-Зала районунда түзүлдү. Бу жерде калк мурда өкмөттүк жана коалициялык күчтөрдү эш тутуп келсе,эми аймакта талиптер активдешип, дүмөк салып кирген соң тынч оокат кылуунун чараларын эл өзү көрө баштады.
Аймакбашынын демилгеси менен курултай өткөрүшүп, атайын маяна төлөп, жасакчыларды жалдап алууну чечишти. Кошуун башчы болуп берүүгө алыскы Мази-Шариф шаарынан теги түркмөн Нази ысымдуу илгерки таанымал можахедди чакырышты.
"Мазари-Шарифте чоң ашканам бар эле, күнүнө нан жаап, балык кууруп, палоо сатчу элек. Анын баарын калтырып, бу жерге келдим",-деп айтты жаңы жасакбашы.
Наби Калай-Залага келгендин эртеси эле уруш чыкты. "Талиптер таң апак-шапак болгон маалда кол салып, эрте шашкеге чейин атыштык. Алардын лашкерлери сегиз жүздөй болду, Кундуздун ар жагынан, Саманган, Багландан жардамга келишти. Аллага шүгүр,биз бир кишибизди да жоготкон жокпуз, талиптерден он бештей лашкер окко учту",- деп эскерди Наби биринчи казатын.
Ошондон кийин талиптер Калай-Залага катылбай калышты. Жергиликтүү өкмөт башчысы жаңы түзүлгөн кошуунду курал-жарак, ок-даары менен жабдып, жасакчылыкка жаңы кишилерди тартканга киришти. Муну уккан коңшу-колоң аймакбашчылар да оогандардын эски ушул жоокерчилик салтына өтүүнү чечишти. Улуттук армия менен полициянын чамасы чак кезде элдик жасактар ар бир аймакта табылгыс күч болуп калышы мүмкүн.
"Бу жерде тынччылык жок эле,бирок аймакбашы өзүнчө ушундай кошуун курагандан бери, аллага миң калла шүгүр, саанабыз тына түштү",-деп айтты жергиликтүү пуштундардын уруу башчысы Хафизулла Гажи.
Калай-Заладагы бул тажрыйбанын экинчи өңүтү да бар. Кокус кошуун түзүү усулу кеңири жайылып кетсе, анда алар кийин Кабулдагы борбордук өкмөттүн көзүн карабай кетиши мүмкүн. Ар бир аймак, уруулар менен тайпалар "өз армиясы" бар өкмөткө айланышы ыктымал. Кокус ортодо араз же бир чатак чыкса, анын арты куралдуу кагылышка жетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт.
Маселенин ушул жана башка өңүттөрүн Кабулда өкмөт эл аралык коалициянын,анын ичинде АКШнын өкүлдөрү менен кеңешип көргөнү жатат.