Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Генерал Петреустун "эң кыйын согушу"


Брюссел -- НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен (оңдо) менен алянстын Ооганстандагы контингентинин башкы колбашчылык кызматына жаңыдан дайындалган америкалык генерал Дэвид Петреус маалымат жыйынында.
Брюссел -- НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен (оңдо) менен алянстын Ооганстандагы контингентинин башкы колбашчылык кызматына жаңыдан дайындалган америкалык генерал Дэвид Петреус маалымат жыйынында.

НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн жаңы командачысы генерал Дэвид Петреус Кабулга бараткан жолдо Брюсселге токтоп, алянска кирген өлкөлөрдүн элчилери менен жолукту. АКШнын союздаштарын генерал ооган жериндеги операцияларда жайкын калк арасындагы бөөдө курмандыктарды азайта турганына ишендирди.

Алянска кирген өлкөлөр арасында командачылык алмашкан соң америкалыктар аскерий операцияларда катаал ыкмаларды колдоно башташы ыктымал деген чочулоолор пайда болгон эле. Мындай камтамачылыкка негиз жоктугуна Брюсселде генерал Петреус элчилерди ишендирди.

"Козголоңчуларга каршы уруштардын жүрүшүндө жайкын калк арасындагы чыгымдарга жол бербөө боюнча милдеттенмебизди так аткарууга тийишпиз, бул өзгөчө зарыл иш", -деп айтты Петреус. Ошол эле учурда ал дурус бурулуштар башталганга чейин кырдаал бир топ кыйындай турганын да жашырган жок.

Ооганстандагы согушка мындан тышкары союздаш өлкөлөрдөгү коомчулук арасында нааразылык күч алып баратат. Нидерланддар быйыл, канадалыктар эмдиги жылы аскерлерин чыгарганы жатышат. Анын үстүнө алянс акыркы кездери көп жоокерин жогото баштады. Июнда эле НАТОлук контингенттен 102 солдат окко учту. Ооган согушунун бүткүл тарыхында коалиция бир айдын ичинде мынчалык көп чыгымга учураган эмес. Мунун өзү операциялардын натыйжалуулугунан шектенте баштады.

Деген менен алянстын баш катчысы Андерс Фог Расмуссен болгону эл аралык күчтөрдүн командачылыгы гана өзгөрдү, бирок стратегиясы өзгөргөн жок деп ырастады. Баштагыдай эле алянс "Талибанды" бардык жабыт-жатактарында талкалап, саясий жана аскерий жеңишке жетүүнү, шарт-жагдай түзүлөр замат коопсуздукту көзөмөлдөө ишин акырындап оогандыктардын өздөрүнө өткөрүп берүүнү көздөйт.

Ооганстанда ушу тапта коалициянын 140 миңдей контингенти бар. Ага командалык кылуу милдетин ушул дем алыш күндөрү Петреус өзүнө өткөрүп алат. Эмдиги айда болсо АКШдан дагы 30 миң кошумча аскер келет. Генерал өзүнүн Ирактагы тажрыйбасын пайдаланып, ооган жеринде да ийгиликке жетүүнү көздөп жатат. Бирок бул ага оңой болбой турганын байкоочулар азыртан эле эскертишүүдө.

АКШ менен НАТО талиптердин байистүү жамааты менен саясий жарашуу процессин баштоого макул болгон эле. Бейшемби күнү талиптер НАТО же Карзайдын өкмөтү менен эч кандай сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй турганын ырасташты.

"Биз жеңишке жакын калдык, артыкчылык биз тарапта турганда НАТО менен сүйлөшүп, ага жардамдашуунун кандай кажети бар?" –деп айтылат талиптердин Би-Би-Сиге жөнөткөн жооп катында.

"Талибан" бу жерде өзүн өөдөсүнтүп жатканы талашсыз. Бирок оогандыктардын көбү чын эле америкалыктар, коалиция эртедир-кечтир кетет, ал эми "Талибан", ага байланышкан проблемалардын баары түбү барып эле жергиликтүү калктын өзүнө калат деп эсептешет.

Эгер аларды генерал ушул ойдон айныта алса, оогандыктарды жакшы келечекке ишентип, ийите алса, анда аскерий операциялардын ийгилигин да камсыз кыла алат. Байкоочулар Петреустун "эң кыйын согушу, кыязы, ушул болот окшойт" дешет.

XS
SM
MD
LG