Линктер

бейшемби, 18-июль, 2019 Бишкек убактысы 23:35

Саясат

Европа: Ооганстанды оогандар өздөрү башкарсын

Карзайдын шайлоо жарнамасы

Ооганстанда шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу маалымат көбөйгөн сайын, өткөн айдагы али жыйынтыгы толук чыга элек президенттик шайлоо боюнча тынчсыздануу улам күч алууда.

Европалык көзүр өлкөлөр өлкөнүн келечегин талкуулоо үчүн эл аралык конференция өткөрүүнү сунуш этишти.

Британия, Германия жана Франция Бириккен Улуттарды Ооганстан боюнча конференция өткөрүүгө чакырышты. Алардын оюнда, мындай жыйында өлкөнүн коопсуздугун камсыздоону ооган бийликтерине көбүрөөк ооштуруунун планын иштеп чыгуу зарыл.

Германиянын канцлери Ангела Меркел жана Британиянын өкмөт башчысы Гордон Браун бул демилгени Берлинде 6-сентябрда өткөргөн пресс-конференцияда көтөрүштү. Экөөнүн айтымында, бул демилгеде Франция да алар менен бир пикирде.

Бул үч өлкө Ооганстандагы согуш аракеттерине АКШдан кийинки эле эң көп санда аскер жиберишкен өлкөлөр. НАТО баштаган Эл аралык Коопсуздук Жардам күчтөрүнүн курамында азыр алардын 17 миң аскери кызмат өтөп жатат.

Бирок аталган үч өлкөдө тең жергиликтүү калк арасында ооган талиптер менен 8 жылдан берки согушка каршы маанай улам күч алып барат.

Германиянын канцлери Европага оогандардын жакын арада өз өлкөсүн өздөрү башкарып кетиши керектигин мындайча билдирди:

Биздин план алдыдагы өткөөл мезгилде ооган өкмөтүн жоопкерчиликти улам өзүнө көбүрөөк алышына даярдоо болуп саналат. Биз машыктырууда, жарандык кайра курууда жардам беребиз, бирок максат Ооганстандагы коопсуздук структурасынын келечегин көз жаздымда калтырбоо. Бул жаатта биз тез чара көрөлү, ал эми оогандар өз коопсуздугун камсыздоо боюнча жоопкерчиликти улам өздөрүнө көбүрөөк алса, эл аралык кийлигишүү зарылчылыгы да төмөндөйт.

Меркелдин бул чакырыгы Германияда ушул айдын этегиндеги шайлоого даярдык күчөп турган мезгилге туура келди. Сурамжылоо немистердин үчтөн экиси Германиянын ооган миссиясына катышуусун каалабай тургандыгын көрсөтүүдө.

Ооганстанга 9 миң аскер жөнөткөн Британиянын өкмөт башчысы Браун да согуш аракеттеринде британ коомчулугунун каршылыгына туш келүүдө. Пресс-конференцияда ал алдыдагы бир нече жумада Ооганстан туш келген негизги маселелер боюнча жыйын уюштурууну сунуш этти. Браун менен Меркелдин пикиринде, мындай жыйынга Ооганстанда соңку шайлоодон кийин боло турган жаңы өкмөт, Бириккен Улуттар уюму, НАТО жана НАТО миссиясына катышкан өлкөлөр болуш керек.

Бирок Ооганстандын өзүндө абал кыйчалыш. Президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчысы Хамид Карзай алдыда келатат, бирок анын жеңишине шайлоодогу көп сандаган мыйзам бузуулар тууралуу даттануулар көлөкө түшүрүүдө.

6-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Дауд Али Нажафи комиссия 28 миң шайлоо бекетинен 500гө чукулунда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылгандыгын бышыктады:

– Айрым шайлоо бекеттериндеги көз бойомоочулук тууралуу бизде жетиштүү далилдер болду. Биз ал бекеттердеги шайлоонун жыйынтыгын күчүнөн кетирдик.

Карзай өзү шайлоо тууралуу чет элдик маалыматтарды сынга алып, «күн карама өкмөт түзүү аракетинен майнап чыкпайт» деп кесе сүйлөдү. Франциялык «Лө Фигаро» гезити менен маегинде ооган президенти убагында британдар менен советтердин Кабулда тил алчаак өкмөт түзүү аракетинен пайда чыкпагандыгын белгилеп, «азыр эми америкалыктар буга барбайт деп үмүттөнөм» деди.

Батышта Ооганстандын келечеги боюнча талкуулар негизинен аскерий маселелердин айланасында болгону менен, күчөп келаткан саясий чатакты жөнгө салуунун зарылдыгы алдыдагы күндөрү Батыштагы саясатчылардын таасири канчалык экендигин көрсөтмөкчү.

Башка макалалардын толук тизмеси

ЖЭБ соту: иштин чети «оюла» элек

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ушул күндөрү сотто мамлекеттик айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө беришүүдө.

Маалыматка ылайык, алардын саны 90го чукулдаса учурда 20га жакыны гана суралып бүттү. Айыпталуучулардын жактоочулары Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишинин көлөмүн эске алганда сот жараяны бир топ убакытка созуларын айтышууда.

17-июлдагы соттук отурумда энергетика министринин (учурда «Улуттук энергохолдинг» компаниясы) мурдагы орун басары Райымбек Мамыров, убагында Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИнин, башкача айтканда, Инвестициялар жана өнүгүү боюнча борбордук агенттиктин жетекчисинин орун басары болгон Учкунбек Ташбаев жана мурда ушул эле агенттикте иштеген Актилек Мусаева баш болгон адамдар күбө катары суралды.

Сотто прокурорлорду, айыпталуучулар жана анын жактоочуларын «Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча Кытайдын ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимди ким көзөмөлдөгөн? Насыянын шарттары Кыргызстан үчүн кандай болгон?» деген суроолор кызыктырды.

Азыркы тапта сотто мамлекеттик айыптоочу тараптын күбөлөрү көрсөтмө берип жатат. Алардын саны 90го жакын болсо, учурда 20га чукулу гана суралып бүттү. Айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев иш көлөмдүү болгондуктан сот узакка созулушу мүмкүн деп боолгойт.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Биздин да күбөлөрдү суракка чакыруу боюнча сотко өтүнүч киргизгенбиз. Эгерде сот канааттандырса чакырат. Жумасына 12 күбө көрсөтмө бергенде деле айыптоочу тараптын күбөлөрү алты-жети жумада суралып бүтүшү мүмкүн. Күбөлөр суралып бүткөндөн кийин иштин материалдарын изилдөөгө өтөбүз. Бул бир ай же эки жумага созулушу мүмкүн. Азыр айтуу кыйын. Анткени иш көлөмдүү да. Андан кийин айыптоо тарап менен айыпталуучулардын да сөздөрү бар».

Свердлов райондук соту Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш ишин дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү карап жатат. Шектүүлөрдүн адвокаттарынын айтымында, ар бир сот отурумунда үч-төрттөн күбө көрсөтмө берүүдө.

Өлкө тарыхында бир иш боюнча эң көп жогорку кызматтагы адамдар камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жаткан иш 60 томго жакындайт.

Аны Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова карап жатат.​

Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум. 17-июль, 2019-жыл.
Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттук отурум. 17-июль, 2019-жыл.

Дагы бир айыпталуучу, мурдагы энергетика министри, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин адвокаты Замирбек Базарбеков соттук иш тууралуу комментарий берип жатып, райондук соттун чечиминен кийинки инстанцияларды да эске салды.

«Күбөлөр суралып бүткөндөн кийин айыпкерлерди суракка алуу башталат. Баарына белгилүү болгондой сегиз айыпкер бар. Ал эми мындан аркы иштер райондук соттун чечимине жараша болот. Соттун өкүмүнө даттангандар болот. Шаардык сот, Жогорку сот деген бар».

Бул иш боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакта отурат. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлууда. Абакта жаткан мурдагы жетекчилердин камакка алынганына бир жылдан ашты.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, юрист Мукар Чолпонбаев шектүүлөр ишти кароону узартууга кызыкдар деген пикирде.

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

«Эгерде соттолуучулар көп болсо алар ишти чоюп, аны эскиртүүгө да аракет кылат. Азыр бул ишти узартууга ушундай аракеттер болуп жатканы көрүнүп турат. Анткени райондук соттун судьясы чыгарган бардык чечимдер боюнча улам кийинки инстанцияга арызданышып, ишти чоюп жатышканын байкап атабыз. Анткени мыйзамда ишти карап бүтүү боюнча чек коюлган эмес. Ошондуктан сот аны толук аягына чейин чыгарууга милдеттүү».

Жылуулук борбордун айланасындагы коррупциялык иште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталууда. Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «бул ишке мурдагы президенттин байланышы бар» деп материалдар өзүнчө бөлүнүп алынганын жарыялаган.

Жылуулук борбор боюнча соттук отурумду фото жана видеого тартууга тыюу салынган. УКМКнын экономикалык кылмыштарга каршы күрөш бөлүмүнүн мурдагы башчысы Максат Мамытканов бул сот иши элде күмөн ой жаратпашы үчүн коомчулукка кенен маалымат берип туруу керектигин айтты.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

«Сот бир тараптуу болуп калбаш үчүн айыпталуучулар менен алардын жактоочуларынын дооматтарын элге түшүнүктүү кылып жеткирүү керек. Прокуратуранын коюп жаткан күнөөсүн, адвокаттардын каршы пикирлерин так көрсөтсө элге жакшы болот эле. Ошондо кандай айыптоолор болуп жатат жана ага кандай далилдер бар баары аныкталып, кийин коомчулукта бул иш боюнча эч кандай суроо жаралбайт».

Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча кылмыш иши 18-февралдан тарта сотто карала баштаган. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов мунун алдында Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын билдирген. Бирок айыпталуучулар менен алардын жактоочулары келтирилген зыяндын суммасы кантип эсептелгени боюнча документтер жок экенин айтып келишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Экологдор министрди иштен кетирди

Франсуа де Рюжи аялы Северин Серват экөө.

Францияда экология министри, президенттин партиялашы Франсуа де Рюжи өз ыктыяры менен кызматтан кетти.

45 жаштагы салмактуу саясатчынын беделине парламентти башкарып турган учурдагы чыгымдары сокку урду. Журналисттер де Рюжи кымбат баага сый тамак уюштурганын иликтеп чыгышкан.

Экологияны аяр сактоого үндөп жүргөн жарандар журналисттик иликтөө жарыялангандан көп өтпөй нааразылык акциясын өткөрүштү. Алар 90-жылдары экоактивист катары өздөрүнүн катарында эле жүргөн, анан саясатка келген Франсуа де Рюжини уяткарып, талап да коюшту. Буга де Рюжи француз парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы кезинде мамлекет эсебинен кетирген чыгымдары тууралуу иликтөө негиз берди.

«Шайлоочулардын жана элдин атынан иш жүргүзүп жатканда сакталышы керек болгон этикалык эрежелер бар. Ушул учурда ал эрежелерди сактаган жок. Чынында эми ага өкмөттө орун жок», - деген эле экоактивисттердин бири Моника Жонсон.

«Медиапарт» интернет-порталы де Рюжи Улуттук жыйынды башкарып турганда дүйүмгө толо сый тамак уюштурганын жазып чыккан. Анда дасторконго деңиз азыктарынын чүйгүнү, маселен лобстер коюлганы айтылат.

Андан тышкары бөтөлкөсү 500 евро турган шарап жана шампан коюлганы да баса көрсөтүлгөн. Бул шаан-шөкөттү спикердин журналист аялы уюштуруп, мамлекеттик кызматка же саясатка тиешеси жок адамдар, негизинен алардын достору чакырылганы чоң нааразылык жаратты.

Интернеттеги социалдык тармактарда да «өзү экология министри болуп туруп деңиз жаныбарларын дасторконго коебу» деген өңдүү сын жаады. Жергиликтүү телеканалдардын бириндеги маегинде Франсуа де Рюжи деңиз азыктарын, анын ичинде лобстерди түк жебей турганын ашкерелеп да жиберди:

«Ал мага жакпайт, андайды жебейм. Моллюскаларды көргүм жок. Мага Улуттук жыйында иштеген бирөө сыпаагерлик менен кат жөнөтүптүр. Анда «бизде сиздин тамак-ашка аллергияңыз тууралуу тизме бар. Анын биринчи сабында деңиз жаныбарлары, анан да аялыңыз бар» деп турат. Анан эми мени лобстер жегендердин катарына кошуп атышыптыр. Мен устрицаны жаман көрөм, шампан ичпейм. Икраны көргүм жок».

Де Рюжи - президент Макрондун «Алга, Республика» партиясынын мүчөсү.
Де Рюжи - президент Макрондун «Алга, Республика» партиясынын мүчөсү.

Министр өзүнө коюлган дооматтарды ушак катары көрүп, четке каккан. Адегенде кызматтан кетүүгө такыр себеп жок экенин, өзүн премьер-министр да, президент да колдоп жатышканын билдирген. Ал түгүл «президент Макрон «багынба» деди» деп кошумчалаган.

Айтмакчы, «Mediapart» мындан тышкары де Рюже өкмөттүк батирин оңдотуш үчүн салык төлөөчү элдин эсебинен 63 миң евро сарптаганын да кошо жазган. Коомчулук аны «салык төлөөчүлөрдүн акчасын асманга сапырган» деп күнөөлөдү.

Ошентип бир жума өтпөй де Рюжи «медиадагы чабуулдун курмандыгы болгонун» белгилеп, кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

«Өкмөт бул чечимди колдойт жана жогору баалайт. Анткени ал өзүнүн көйгөйлөрү менен өкмөткө көө сүрткүсү келбеди. Ошондой эле айтылган дооматтарга жооп берүүгө толук мүмкүнчүлүк алууну чечти. Албетте, биз үлгү болууга милдеттүүбүз. Анткени жоопкерчиликтүү кызматта турганда, француздардын атынан сүйлөп, салыгынын эсебинен иштеп атканда сактыкты айтпаганда да сергек болушубуз керек», – деди өкмөттүн расмий өкүлү Сибет Ндиайе.

Өкмөт өкүлү Улуттук жыйындын төрагасы катары мамлекетти таанытууда француз ашканасы менен винолорунун эң жогорку сапатын сактоо мыйзам ченемдүүлүк экенин да баса белгилейт. Бирок «Сый дасторкон кимге жана кандай шартта жайылышы керек?» деп да суроо салат.

Францияда сары желетке кийгендердин нааразылык акциялары токтой элек.
Францияда сары желетке кийгендердин нааразылык акциялары токтой элек.

Негизи эле өткөн жылдын ноябрынан бери Францияда «сары желеткечендердин кыймылы» деп аталган, адегенде бензиндин кымбатташына каршы чыккан жарандардын нааразылык акциялары өтүп келет. Алар бара-бара социалдык теңсиздикке нааразылык билдирип, Эммануэл Макронду «байлардын президенти» деп сындап, анын кызматтан кетишин талап кылып келатышат. Де Рюжиге байланыштуу чыр бул кырдаалды курчутту.

Франция - дүйнөдөгү абдан бакубат мамлекеттердин бири. Ошентсе да бул өлкөдөгү аткаминерлердин ысырапкоругу же мамлекеттик кызматка үй-бүлөсүн аралаштырып жибермейи катуу сынга алынат. Бир эле мисал. 2017-жылкы президенттик шайлоонун алдындагы сурамжылоодо Франсуа Фийон алдыда келаткан. Ал депутат кезинде аялы менен балдарын жардамчы катары жаздырып, парламенттен акча алып жүргөнү билинип, чоң чыр чыккан. Фийон шайлоонун биринчи турунда эле утулган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Еврокомиссияны аял саясатчы жетектейт

Урсула фон дер Ляйен.

Евробримдиктин жаңы парламенти узак соодалашуудан жана талаш-тартыштан кийин Европа комиссиясынын президенттигине Урсула фон дер Ляйенди бекитти.

Страсбургда 16-июлдагы добуш берүүдө 60 жаштагы Урсула фон дер Ляйенди Европарламенттин 751 депутатынын 383ү колдоп, 327си каршы болду. Анын шайланышы үчүн 374 добуш зарыл болгон, демек Ляйен тогуз добуш аз алганда Еврокомиссиянын президенттигине шайланбай калышы мүмкүн эле. Ошондуктан Европарламенттеги добуш берүү оңой болбогонун Ляйен да моюнга алды.

«Мен жеңилдеп жана кубанып турам. Менде Европа парламентин жана анын мүчөлөрүн ынандырууга 13 күн гана убакыт болду. Албетте, алар мен киммин, эмнелер тууралуу толгоном, менин иш программам кандай экенин билүүгө кызыгышты. Ушунун баарын 13 күндүн ичинде жасоо марафонго тете иш болду, бирок ал ошого татыды», - деген Урсула фон дер Ляйен ​климаттын өзгөрүшү маселесине жана АКШ менен соода алакаларды күчөтүүгө көңүл бура турганын билдирди.

Ангела Меркел менен Урсула фон дер Ляйен.
Ангела Меркел менен Урсула фон дер Ляйен.

Жети баланын энеси, Германиянын канцлери Ангела Меркелдин командасында 14 жылдан бери саясатта келе жаткан Урсула фон дер Ляйен 2013-жылдан бери коргоо министри болуп келди. Германияда аялдардын ичинен биринчи коргоо министри катары белгилүү Ляйен Европа комиссиясын башкарган да алгачкы аял саясатчы болмокчу.

Ал бул кызматка ноябрдын башында киришип, люксембургдук Жан-Клод Юнкердин ордун ээлейт. Еврокомиссия уюмдун аткаруучу органы катары мыйзамдарды иштеп чыгып, сунуш кылат, бюджетти аныктайт жана каражаттын сарпталышын көзөмөлдөйт. Евробиримдиктин жылдык бюджети - 166 миллиард доллар.

«Парламенттин курамы абдан көп түрдүү. Бирок убакыттын өтүшү менен биз чечүүгө милдеттүү болгон чоң саясий маселелерди көтөргөн борбор түзүлөт деп ойлойм. Бул борбор европалык борбор болушу керек. Ал бүгүн жаралды десе да болот. Анткени менде көпчүлүк болду. Эми биз аны бекемдешибиз керек», - деди Урсула фон дер Ляйен.

Ушул айдын башында ишин баштаган Европарламенттин жаңы шайланган депутаттары үч күндүк талаш-тартыштан жана бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдөн кийин Урсула фон дер Ляйендин талапкерлигине токтолушкан. Бирок ал жалгыз талапкер болгонуна карабастан, парламенттеги добуш берүүгө чейин анын жыйынтыгы кандай болоору белгисиз болуп жатты. Бир катар европалык мамлекеттер Урсула фон дер Ляйенди алып чыгуу Германия менен Франциянын эле «көшөгө артындагы макулдашуусу» болуп калды деп санашат.

Европаламент.
Европаламент.

Буга чейинки жылдары Европарламенттеги салттуу күчтөр - Оңчул-борборчул Европа элдик партиясы жана борборчул-солчул Социалисттер менен демократтардын прогрессивдүү альянсы үстөмдүк кылып, Еврошаркеттин жетекчилерин шайлоо кыйынчылыксыз өтүп келген. Бирок май айындагы добуш берүүдө ашынган оңчулдар менен «жашылдар», ири бизнестин таламын талашкан либералдар, тескерисинче, көбүрөөк ийгиликке жетишкен. Жогорудагы эки салттуу партия мурдагыга салыштырганда жетимиштей мандатынан кол жууган. Ошондуктан бул ирет уюмдун жетекчилери боюнча талапкерлерди алып чыгуу карама-каршылыктар менен коштолду.

Акыркы шайлоо ансыз да Брекзит окуясынын шартында оңой эмес кырдаалды баштан кечирип жаткан Европа Биримдигиндеги бир канча ажырымды көрсөтүп, уюмдун биримдиги жана анын ишмердиги боюнча суроолорду жараткан. ​

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Текебаевдин создуккан иши

Өмүрбек Текебаевди колдоо митинги.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаттарынын жаңы жагдайларга байланышкан арызын кароону Жогорку сот 21-августка жылдырды.

Аталган сот процессинде адилеттүүлүк сакталып жатабы же саясий боёгу көп болдубу? Саясий шылтоосу көп сот процесстери азыркы бийликтин тушунда да уланып жатабы, дегеле Кыргызстанда сот канткенде эркин боло алат? Бул суроолорго “Арай көз чарай” берүүбүздөн жооп издейбиз.

Талкууга УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов, Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова жана юрист Ахунбай Кошой катышты.

“Азаттык”: Таалайгүл айым, Текебаев менен Чотоновдун Жогорку соттогу иши эмне себептен августун 21ине жылып калды? Ага эмне негиз болду, биз аны мыйзамдуу десек болобу?

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

Таалайгүл Токтакунова: Бул иш боюнча арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна 23-майда кайрылганбыз, 25-майда иш Жогорку соттун отурумуна келген.

Мыйзам боюнча мындай иштер эки ай ичинде каралышы керек, жалпы талап ошондой. Дагы бир айдан узак убакытка, 21-августка жылдыруу бир дагы мыйзамда жок.

Биз “эмне үчүн жылдырып жатасыңар?” десек, “иштин көлөмү өтө чоң, бардык материалдарды кылдат карап чыгышыбыз керек” дешти. Мыйзам боюнча ошол биз арыз берген күндөн тарта эки ай ичинде алар бардык иштер менен таанышып, окуп-талдап бүтүп, чечим чыгышы керек эле. Бирок андай болгон жок. Бул көрүнүштү кыйноо, бир чети шылдыңдоо десек болот.

Биз, адвокаттар мурда жаңы кодекстердин, мыйзамдардын негизинде жаңы ачылган жагдайлар деп арыз бергенбиз. Текебаевге тиешелүү иш эки эле том, аны менен эки ай ичинде таанышып койбогондору кызык болуп жатпайбы. Убакыт жоктугуна шылташты. Текебаевди камакка алышканда эки айда тергөө жүрүп, алты айдын ичинде бардык соттук инстанциялар ишти карап, өкүм чыгарып беришкен.

“Азаттык”: Марат мырза, Жогорку сотто ишти кайра кароодо мыйзамга караганда коомдук пикирдин таасири күч деген маалыматтарды угуп калабыз. Текебаев менен Чотоновду чыгаруу үчүн айрым эл аралык уюмдар, жарандык коомдун өкүлдөрү, “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү сотко басым жасап жатат деген пикирлер айтылууда.

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Марат Иманкулов: Бул иште коомдук пикирдин да таасири бар. Анткени Текебаев, Жапаров жана коомдо резонанс туудурган Бишкек ЖЭБинин оңдолушу боюнча, мурдагы президент Атамбаевге байланыштуу жагдайлар ж.б. бир топ иштер коомчулуктун көз кырында.

Иштин жүрүшүнө, бүтүшүнө коомчулук күн сайын кулак салып, күтүп жатат. Бирок коомчулуктун басымы менен эле соттук териштирүүлөр болуп жатат дегенге кошулбайм. Биз мыйзамды сыйлаган, мыйзамды аткарган мамлекет куруп жатабыз.

Текебаевди камап, иш козгогондо эле мыйзамсыз болуп жатканын айтып чыккам. Сотко талаш туудурбай турган далилдер менен барыш керек. Ал үчүн тергөө жакшы иштеши керек болчу. Акчанын өзү предмет катары көрсөтүлдүбү, кайдан, качан, ким алып келген? Миллион доллар аз акча эмес да? Бардык соттук инстанцияларда ушул ж.б. суроолордун бирине да жооп, далил табылган жок.

Мен Текебаевдин жактоочусу, партиялашы эмесмин, жакындан тааныбайм. Буга чейин мен ал кишинин саясий позициясына, кадамдарына, жасаган иштерине каршы чыгып келгем. Текебаев жазган азыркы Конституциянын көп жерине каршымын, "аны өзгөртүү керек" деген позицияны карманам.

Ошентсе да “Платон менин досум, бирок чындык баарынан кымбат” деген Аристотелдин сөзүндөй, чындыкка гана таянган мыйзам иштеши керек.

“Азаттык”: Ахунбай мырза, Текебаевдин иши боюнча сот процессинин создугуп келишин жеке адамдык факторлорго байланыштуу карагандар бар. Бир кезде азыркы президент Жээнбеков менен андагы депутат Текебаевдин парламенттеги кайым айтышы себеп болуп жатат дегендер бар...

Ахунбай Кошой.
Ахунбай Кошой.

Ахунбай Кошой: Акыркы чейрек кылымда биздин соттордо укуктук аң-сезим, мыйзам так иштеген тажрыйба болбой калды. Ошондон улам сот иштерин кароодо жеке адамдык факторлор таасир бериши мүмкүн. Азыркы соттор жогорку бийликтин кабак-кашына карап турат.

Мурдагы бийлик учурунда бирөө “Ак үйдөгү Нарынбаевсиз бир дагы иштин үтүр, чекитин кое албайм” деген. Азыркы соттордо “эгер Текебаевди актап жиберсем, эртең кызматыман айрылам же кылмыш иши ачылып калбайбы” деген чочулоо бар. Жогору жакты карап элеңдеп турат. Ошондон улам соттордо укуктук аң-сезим жок, тескерисинче жеке кызыкчылыгын көздөгөн сактануу, коргонуу сезими күчтүү деп айтаар элем…

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жээнбеков Атамбаевдин гана барагын окуйт

Коллаж «макала ушул сүрөттөгү саясатчыларга гана таандык» деген ойду түшүндүрбөйт.

Социалдык тармактардагы фейктер глобалдык маселеге айланып турса да, кыргыз саясатчыларынын көбү баракчаларын верификациядан өткөрө элек.

Кыргыз өкмөтү «мамлекетти санариптештиребиз» дегени менен бийлик башындагылардын өздөрүнүн Интернеттеги аккаунттары кибер чабуулдардан корголгон эмес. Кыргызстандагы «Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсү ушундай жыйынтыктарды берди.

Кыргыз саясатчыларынын Интернеттеги аккаунттарынын коопсуздугу жөнүндө «Азаттык» радиосу 2018-жылдын августунда иликтөө жүргүзгөн. Андан бери өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Инстаграмдагы» баракчасы верификациядан өтүп, расмий макамда иштей баштады, башкалардын аккаунттарында өзгөрүү жок.

Баракчаларга байкоо

Кыргыз аткаминерлери дүйнөлүк тенденциядан артта калбай, «Фейсбук», «Инстаграм», «Твиттер» баракчаларын ачып, иштетип келатышат. «Одноклассники», «ВКонтакте» өңдүү желелерди көп колдоно беришпейт. «Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүнө караганда, кыргызстандык аткаминерлер баракчаларын расмий каттоодон өткөрүү жаатында чет элдик саясатчылардан ат чабым артта.

Адегенде эле президент Сооронбай Жээнбековдун аккаунттарына баш багалы.

Издөө функциясына мамлекет башчынын аты-жөнүн жазсаңыз, бир канча профил чыгат. Алардын кайсынысы чындап президентке таандык экенин билиш кыйын. Анткени атайын макам алынган эмес. Адатта расмий баракчалар верификациядан өтүп, көк түстөгү тырмакча менен белгилениши керек.

«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүнө жана журналисттик талдообуздун жыйынтыгына ылайык, мамлекет башчынын аккаунттарына төмөнкүчө тыянак чыгардык.

Социалдык тармакты пайдаланып жүргөндөр дароо эле «Жээнбековдун аккаунтун адистер гана иштетип, өзү дээрлик карабайт» деген ойго келет. Анткени ал расмий жолугушуулардагы, жыйындардагы сүрөттөр жана маалыматтар менен толтурулган. Карапайым элге жакын фото жана видеолор чанда эле кездешет. Окурмандар менен баарлашуу жок.

«Инстаграмдагы» @sooronbai_zheenbekov_official деген баракчанын аталышы гана расмий болбосо, верификациядан өткөн эмес. Чындап өлкө башчынын профили экени суроо жараткан аккаунтка 2019-жылдын июль айындагы эсеп менен алганда, 227 миң адам жазылган. Ал эми өзү болсо басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеваныкы жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдики деген аккаунттарды гана окуйт.

Жээнбековдун «Фейсбуктагы» баракчасына 28 миңге жакын адам катталган. Бирок анын да верификациясы жок. Коопсуздук чаралары корголгон эмес.

Дүйнө лидерлери «Твиттерде» билдирүү жасап, кай бир окуяларга пикирин ушул платформада жайылтып келаткан заманда Кыргызстандын мамлекет башчысы «Твиттерден» баракча ачууну ойлоно да элек окшойт.

Бул маселеге байланыштуу президенттин басма сөз катчысына кайрылганыбызда, «мамлекет башчынын социалдык тармактагы барактарын басма сөз кызматы жүргүзөт, верификациядан өткөрүүгө аракет кылып жатабыз» деген жооп алдык. Бир жыл мурунку жооп деле ушундай болчу.

Президенттик аппаратта иштеген, атын атагысы келбеген адис «Азаттык» радиосуна билдиргендей, бир жолу Жээнбековдун «Инстаграмдагы» баракчасына кибер чабуул уюштурулуп, адистер анын алдын алууга жетишип калган.

Президенттин баскан-турганы тартылган видеолорду, фотолорду жеке сүрөтчүсү Султан Досалиев Интернетке өзүнүн профилине чыгарып турат. Журналисттик этикадан улам маалымат каражаттары ал сүрөттөрдү жарыялаш үчүн Жээнбековдун басма сөз кызматына кайрылып, уруксат сурап коюшу зарыл. Анткени президенттин жеке сүрөтчүсүнүн аккаунту да верификациядан өткөн эмес. Бирок журналисттер «Досалиевдин өзүнүн баракчасы» деген ишенимге таянып, басма сөз кызматына кайрылып отурушпайт, колго илинген сүрөттү колдоно беришет.

«Азаттык» 2018-жылы августта бийлик башындагылардын аккаунттарынын коопсуздугу жөнүндө макала жарыялагандан соң премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин «Инстаграмдагы» аккаунтуна, «Фейсбуктагы» «Кыргыз өкмөтү» деген баракчага расмий макам алынган. Буга «Азаттык» себепчи болгон деп айта албайбыз, бирок ал верификация ошол макала жарыялангандан кийинки учурга дал келет.

Баракчалардын өзүнө келсек, андагы фото жана видеолордун басымдуу бөлүгү расмий жолугушууларга, жыйындарга, иш сапарларына байланышкан. Ошондуктан мындай мазмун окурманды зериктирбесе, кызыктырары күмөн. Эл менен суроо-жооп өңдүү байланыш байкалбайт.

Өкмөт башчынын «Инстаграмдагы» @.abylgaziev_official деген аккаунтуна 2019-жылдын июль айындагы эсеп менен алганда, 31 миңден ашуун адам жазылган. «Фейсбукта» премьердин ишмердигин чагылдырган «Кыргыз өкмөтү» деген баракчага көз салып отургандар 12 миңге чамалайт. Өкмөт башчынын «Инстаграмда» эки гана аккаунтка жазылган. Бири президент Сооронбай Жээнбековдун ишмердигин чагылдырган, экинчиси белгисиз «kzt» деген жабык баракча.

«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүндөгү маалыматтар.
«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүндөгү маалыматтар.

Абылгазиев башка өлкөлөрдөгү саясатчылардын, премьер-министрлердин аккаунттарына катталган эмес. Сыягы, премьер-министрди чет элдик кызматташтарынын иши кызыктырбайт. Ошондуктанбы, айтор, баракчасы Канаданын, Армениянын премьер-министрлериникиндей жандуу да, кызыктуу да эмес, супсак расмий маалыматтар толтура.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков социалдык тармактарда дээрлик көрүнбөйт. «Фейсбукта» «Дастанбек Жумабеков» деген баракча бар. Бирок верификациясы жок болгондуктан, ал спикерге таандыкпы же башка бирөө ачып койгонбу, айтыш кыйын. Парламенттин жыйындарынан тартылган видеолор жүктөлүп турат. Андай видеолордун акыркысы 2019-жылдын 19-январында жарыяланган. Баракчага 1200дөн көбүрөөк киши жазылган.

Парламенттин ишин «Фейсбукта» жана «Инстаграмда» чагылдырган «Жогорку Кеңеш» деген баракчалардын да верификациясы жок.

Президенттик аппараттын да, өкмөттүн да, парламенттин да басма сөз катчыларынын аккаунттары верификациядан өткөн эмес. Алыска барбайлы, Кыргызстандын бийлигинин басма сөз катчылары бул жагынан коңшу Өзбекстандын бийлигинин басма сөз катчыларынан артта калган.

Бишкек мэриясынын баракчалары калк менен баарлашуу, маалымат таратуу жагынан кыйла жандуу. Бирок алардын да верификациясы жок.

«Желедеги» депутаттар

Парламенттеги фракция лидерлеринин деле социалдык тармактарда баракчалары бар. Көбү өзүнүн саясий ишмердигин, жасаган жумуштарын жарыялайт. Билдирүүлөрдү жасашат. Бирок верификация жок болгондуктан чын эле алардын реалдуу аккаунттарыбы же башкабы, айта албайбыз.

Интернет желеде эл менен пикир алмашып, жарандардын суроолоруна жооп бергендери саналуу эле. Алардын катарын парламенттен Айнуру Алтыбаева, Аида Касымалиева, Дастан Бекешов, Жанарбек Акаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Исмаилова, Исхак Пирматов, Элвира Сурабалдиева, Жылдыз Мусабекова, Исхак Масалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров өңдүү депутаттар толуктайт. Булардын арасынан Элвира Сурабалдиеванын гана «Фейсбуктагы» аккаунту расмий каттоодон өткөн. Депутат Бакыт Төрөбаев "Инстаграмдагы" баракчасына верификация алган.

«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүндөгү маалыматтар.
«Медиа өнүктүрүү борборунун» изилдөөсүндөгү маалыматтар.

Бул депутаттардын бир канчасына кайрылып, «верификация алууга аракет кылып жатабыз» деген окшош жоопторду алдык.

Кыргыз дипломаттарынан Британиядагы элчи Эдил Байсалов «Твиттердеги» аккаунтун верификациядан өткөргөн. АКШдагы мурдагы элчи Кадыр Токтогулов бардык платформадагы баракчаларына расмий макам алган.

Мурдагы президенттердин да аккаунттарын издедик, бирок верификациядан өткөн профилдерин таба албадык. Экс-премьер-министрлерден Өмүрбек Бабановдун «Фейсбуктагы», Темир Сариевдин «Твиттердеги» барактарында расмий макам бар.

Тышкы иштер министрлиги «Фейсбуктагы» баракчасы верификациядан өткөргөн. Башка министрликтердин жана министрлердин баракчаларынан андай белгини көрбөдүк. Саясий партиялар да баракчаларды ачып, ишмердигин Интернетте жайылтып, үгүт иштерин да жүргүзүп жатканы менен эч кимисинде верификация жок.

Чет элдик лидерлердин үлгүсү

Верификация эмне үчүн маанилүү? Бул суроого жооп берүү үчүн башка мамлекеттердеги саясатчылардын социалдык тармактагы аккаунттарына сереп салалы.

Көпчүлүк өлкөлөрдүн лидерлери социалдык түйүндөрдү эл менен баарлашуу, жасаган иши тууралуу отчет берүү, өз саясатын жайылтуу үчүн колдонуп жүрүшөт.

Мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп «Твиттердеги» баракчасына күн сайын бир канча билдирүү жазат. Аны журналисттер маалымат катары илип алган учурлары же эл аралык деңгээлдеги талкууларга себеп болгондору арбын.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Украинанын президенти Владимир Зеленский болсо жасаган ишин «Инстаграмда», «Фейсбукта» фото жана видео түрүндө чыгарып, отчет беришет. Расмий сүрөт, видеолордон тышкары, көбүрөөк эл менен аралашып жүргөн учурларын жайылтышат.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян «Фейсбуктан» түз байланышка чыгып, элдин арыз-муңун угуп турат. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ да «Инстаграмда» активдүү. Баарынын баракчалары верификациядан өткөрүлүп, коопсуздугу корголгон. Алардын аккаунттарына баш баккан кишилер баракчанын ээлери чын эле ошол саясатчылар өздөрү экенин сезишет.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын саясаты да социалдык тармактарда кеңири жайылтылып келатат.

Орусиянын, Индиянын өкмөт башчылары, Ирандын президенти, тышкы иштер министри жана башкалар социалдык тармактарда расмий каттоодон өткөн баракчаларды колдонушат. «Өзүнүн аккаунтубу же жасалмабы?» деп шек санабайсыз.

Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёевдин "Инстаграмда" верификациядан өткөн эки аккаунту бар. Бири мекендештери үчүн өзбекче, экинчиси чет элдиктер үчүн англисче маалыматтарды, сүрөт, видеолорду жарыялап турат.

Социалдык түйүндөргө карата кенебестик мамиле казак, тажик жана түркмөн бийлик өкүлдөрүндө кездешет. Алардын расмий макам ыйгарылган баракчаларын издеп таба албадык.

Адистердин кеңеши

Кайра кыргыз саясатчыларынын аккаунттарына кайталы. Алардын социалдык желедеги баракчаларын изилдеп чыккан «Медиа өнүктүрүү борборунун» өкүлү Нуржан Мусаева өзү байкаган жагдайларды ортого салды:

Нуржан Мусаева.
Нуржан Мусаева.

«Биздин саясатчылар социалдык тармакта шайлоолордун алдында же кай бир саясий өнөктүк учурунда «жанданышат». Бирок баракчаларында верификация жок болгондуктан ишеним жаратпайт. Эгер саясатчылар социалдык тармакта кандайдыр билдирүү жасаса, журналисттер аны тастыкташ үчүн кайра сөзсүз аларга телефон чалууга туура келет. Ансыз болбойт. Эгер верификация алса, Интернеттеги билдирүүлөр расмий деп саналат да, элге таратуу да ыкчам болот. Болбосо ал фейк билдирүү катары кабыл алынышы мүмкүн. Кыргыз саясатчылары чет элдеги кызматташтары Интернетти кандай колдонуп жатканын бир сыйра карап, изилдеп чыгышса, үйрөнүшсө жакшы болмок».

Адистер маалымат күрөшү кызыган азыркы заманда саясатчыларга социалдык медиа компаниялардан расмий макам алып иш кылууга кеңеш беришет. Ал үчүн ашыкча күч коротуунун кереги жок, болгону социалдык түйүндөгү тийиштүү суроо-талап, эрежелерди аткарып, верификация алууга өтүнүч жөнөтүлүшү зарыл.

Украинанын өз алдынча медиа кеңешинин мүчөсү, эксперт Олександр Бурмагин кыргыз саясатчыларынын социалдык тармактарды колдонууга карата мамилесине таң калганын жашырган жок:

Олександр Бурмагин.
Олександр Бурмагин.

«Бул өтө маанилүү маселе. Кызмат адамынын аккаунту жөнөкөй жарандардын аккаунттарынан айырмаланып турууга тийиш. Бул алардын жоопкерчилигин арттырат, кибер чабуулдардан сактайт. Ишмердиги жана чечимдери жөнүндө маалымат каражаттарына жарыяланган макала-баяндарды күтүп отурбай, дароо социалдык желеде таратат. Башкалар алардын атынан фейк аккаунттарды ачып алган кезде да ар кандай чагымчыл маалыматтардын жайылышынын да алдын алат».

Кыргызстандагы социалдык тармакта «гүлчөтай», азыркы тил менен айтканда «фейк» өнөкөтү да кеңири жайылган. Саясатчылардын өзү жана анын кол алдында иштегендер башка ат менен желеге катталып, жагдайга көз салып, пикир билдирип отурганы жөнүндө кеп-сөздөр бар.

Гүлнара Журабаева.
Гүлнара Журабаева.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева 2020-жылы Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөрүн эске алып, талапкерлер жана партиялар социалдык тармактагы баракчаларынын коопсуздук эрежелерине көңүл буруп коюшу керек экенин белгиледи:​

«Мен үчүн өтө таң калыштуу бир нерсе бар. Кыргыз өкмөтү соңку 3-4 жылдан бери «санариптештирүүгө өтөбүз» деп төш кагыл келатат. «Ачык өкмөт», «Ачык парламент» сыяктуу демилгелерге кошулуп жатабыз. Бирок өздөрүнүн жеке аккаунттарынын коопсуздугун коргой албай туруп, андай чоң кадамдарга баруу бир жагынан күлкүлүү, бир жагынан өкүнүчтүү».

Баянды бул жерден угуңуз:

Верификацияны кенебеген кыргыз саясатчылары
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:52 0:00

«Светлана Марголис» аттуу консалтинг агенттигинин 2019-жылдын июнундагы маалыматына караганда, кыргызстандыктар арасында «Инстаграмды» колдонгондор көп жана алардын дээрлик баары жаштар. Андан кийин «Одноклассники», анын артында «Фейсбук» турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Генералдын табышмактуу из жашырышы

Бусурманкул Табалдиев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгышына катышы бар мурдагы жетекчилердин катарын УКМКын мурдагы төрагасы, Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Бусурманкул Табалдиев толуктады.

Ички иштер министрлиги Батукаевдин ишине байланыштуу Табалдиев кайда экени аныкталбаганы үчүн ага издөө жарыяланганын кабарлады.

Айрым маалымат каражаттары "Бусурманкул Табалдиев Түркияга чыгып кетиши мүмкүн" деп жазып чыгышты. Бирок бул маалыматты Табалдиевдин жакындары ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Өткөн айдын башында "Азаттык" Батукаевдин иши боюнча Табалдиев менен байланышканда ооруканада жатканын айтуу менен гана чектелген.

Бирок бир нече жыл жалаң жооптуу кызматтарды аркалаган генералдын тергөөдөн из жашырганы көптөгөн суроолорго жем таштады.

Коомчулукту биринчи кезекте Табалдиевдин бул ишке канчалык тиешеси бар жана анын тергөөдөн из жашырышына эмне себеп болду деген суроо кызыктырууда.

Тергөө органдары азырынча УКМКнын мурдагы башчысы бул иште кандай статус менен өтүп жатканын айта элек.

Мурдагы премьер-министр Феликс Кулов Табалдиевдин өз эрки менен тергөөдөн качып жүргөнүнө ишенбейт:

Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

"Чынын айтсам, абдан таң калып жатам. Мен ал кишини жакшы билем. Абийирдүү, мыйзамды сыйлаган адам катары таанычумун. Мисалы, ошол эле Өмүрбек Текебаевге маңзат салып коюшкан "Матрешка гейт" боюнча иште өзүн жакшы жагынан көрсөткөн. Ошондуктан, балким ал тергөөдөн жашырбай эле, кайсы бир убакыттын өтүшүн күтүп жатса керек. Азыркы камоолордун толкуну аяктап, эмоциялар бүткөн соң көрсөтмө берет деген ойдомун".

Борбор Азиядагы Америка университетинин профессору Эмилбек Жороев бул маселеде тергөө органдарынын жоопкерчилигине токтолду:

"Бир чети коррупция дейбиз, экинчи жагынан тааныш-билиштиктин фактору. Анын үстүнө мурда жогорку кызматты ээлеген адамга маалымат берип койсо керек. Бул жагынан бир нече маселени ачыкка чыгарат".

Ошол эле кезде Табалдиевдин тергөөдөн из жашырганын Батукаевдин иши боюнча маанилүү көрсөтмөнү жаап-жашыруу аракети катары баалагандар да жок эмес.

Анткени, бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин да аты аталып, экс-президенттик макамды алуудагы жүйөлөрдүн бири болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул иште Атамбаевдин аты аталганы көп нерсени аныктайт деген пикирде:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

"Кыргызстан кичинекей эле мамлекет. Кримтөбөлдүн өлкөдөн жөн эле чыгып кетиши мүмкүн эмес. Албетте, Атамбаев ага буйрук берди деп айта албайм. Бирок кабары болсо керек. Акыркы жагдайлар ушул маселенин айланасында өнүгүп жатат окшойт".

Азырынча Табалдиевдин өлкөдөн чыкканы же чыкпаганы деле белгисиз. Бул боюнча Чек ара кызматы так маалымат бере элек. Бирок Кыргызстанда мамлекеттик органдардын "чек арадан өтө элек" деп маалымат бергенден кийин калпы чыккан учурлар да болгон.

Маселен, өткөн жылы мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевди тиешелүү органдар Кыргызстанда экенин айтып келишкени менен бир ай өтпөй саясатчынын дарыяны кечип, Тажикстан аркылуу АКШга качып кеткени белгилүү болгон.

Негизи Кыргызстанда кайсы бир иш боюнча айып тагылып же шек жаралган учурда өлкөдөн чыгып кеткен учурлар көп эле кездешет.

Акыркы жылдары президенттик шайлоодо экинчи болгон, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиев, Октябрь райондук сотунун мурдагы төрагасы Эрнис Чоткараев сыяктуу адамдар өлкөдөн чыгып кеткен.

Акыркы учурда экс-президенттик макамынан ажыраган Алмазбек Атамбаевдин өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн деген маалыматтар көп айтыла баштады.

Мындай жоромолду 15-июлда Атамбаевдин жеке иштери боюнча эки-үч күнгө четке чыгып келиши мүмкүн экенин айтканы күчөткөндөй болду.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева "мурдагы президент жакынкы күндөрү четке чыгабы?" деген суроону комментарийсиз калтырды.

Бир топ оор кылмыштарды жасаган Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Андан көп узабай Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Анын алкагында мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, экс-баш прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева баш болгон бир нече адамга айып тагылган. Булардын ичинен Аида Салянова жана Онкология борборунун эки дарыгери камакта болсо, калгандары үч камагына чыгарылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Текебаевдин иши августка калды

Текебаевдин иши августка калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Жогорку сот Текебаевдин ишин кароону жылдырды

Текебаевдин иши августка калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Жогорку сотто "Ата Мекен" фракциясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин иши каралбай калды.

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, соттук коллегия жараяндын жылышын иштин көлөмү чоң экени менен түшүндүргөн. Аталган партиянын айрым мүчөлөрү Текебаевдин ишинин бир жаңсыл болбой жатышын бийликтен көрүүдө.

16-июлга белгиленген соттук отурумга Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары, «Ата Мекен» партиясынын айрым мүчөлөрү, айыпталуучулардын жакындары гана киргизилип, журналисттер менен камакта жаткан саясатчылардын айрым тарапкерлери сыртта турду.

Соттук жараяндан чыккан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов соттук коллегия ишти кароону 21-августка жылдырганын айтып, бул чечимге нааразы болду. Ал соттордо Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши менен таанышып чыгууга жетиштүү убакыт болгон деп эсептейт.

Анткен менен «Ата Мекен» фракциясынын дагы бир депутаты Каныбек Иманалиев соттун бул чечимин негиздүү деп эсептейт.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Менин пикиримде, дагы убакыт керек. Анткени иш көлөмдүү, жаңы фактылар, жаңы жагдайлар пайда болду. Андан тышкары жайында судьялардын көбү эмгек эргүүгө кетет. Алардын бүгүн келтирген жүйөлөрүндө негиз бар болуш керек».

Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары ишти жаңы ачылган жагдайлар менен кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага апрель айында кайрылган.

Мунун алдында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында прокуратура Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгууга даяр экенин айткан.

2018-жылы да «Ата Мекен» партиясынын юристтери ишти ушундай эле негизде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Бул жолу башкы көзөмөл органы «иште жаңы жагдайлар бар» деп тапкандан кийин, Текебаевдин жактоочулары 23-майда ишти кайра кароо өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотуна, кийин 25-майда Жогорку сотко кайрылган.

«Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева Текебаевдин ишинин бир жаңсыл болбой жатышын бийликтен көрдү.

«Иштин бүтпөй жатышынын негизиги себеби Текебаевди түрмөдөн чыгарбоо аракети болуп жатат. Анткени ал саясатта орду чоң киши. Учурдагы бийлик аны саясий атаандаш катары көрөт. Ошондуктан чыгарбай жатат».

Саясат талдоочулар Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароону акыркы мүмкүнчүлүктөрдүн бири катары баалап жатышат.

Анткени жыл башында президенттин аппаратындагы ырайым берүү маселесин караган тиешелүү комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

Андан соң 3-майда Жогорку сот Текебаевдин жана Чотоновдун ишин 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кирген жаңы кодекстерге байланыштуу карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Саясат талдоочу Турат Акимов Текебаев абактан чыкса, Кыргызстандагы саясий кырдаал курчуй турганын айтып жатат.​

«Текебаевди чыгарып жиберсе, ага өкүм чыгарган сотторду да «тазалаш» керек болуп калат. «Текебаев таза экен» деп чыгарып жиберген менен Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев, ишти иликтеген тергөөчүлөр жөн эле жүрө береби? Текебаев аларды да камаш керек деген талап коёт. Мунун баары чоң күрөшкө айланат. Анын жыйынтыгында мурдагы президенттин тушунда иштегендер ал тарапка ооп, күрөш курчуйт».

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Текебаевдин ишинин 21-августка жылышы жана анын айланасындагы жагдайлар боюнча пикири менен бөлүштү.​

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

«Эгерде кандайдыр бир бүдөмүк иштер болсо, соттук отурумдар арты-артынан эле өтмөк. Азыр ишти 21-августка жылдырып коюшканы Текебаевди түрмөдө кармоого эч кандай негиз жок экенин көрсөтүп турат».

Текебаевдин жактоочулары сотко ишти беш жаңы жагдай боюнча кайра кароо өтүнүчү менен кайрылышты. Алар «Текебаевдин ишиндеги негизге күбө Леонид Маевский сотто жалган көрсөтмө берген» деп эсептешет.

Ага далил катары Маевскийдин «Текебаев менен Жогорку Кеңештин имаратында, кийин "Супара" этнокомплексинде жолукканы тууралуу көрсөтмөсү» жалган деп жатышат. Андан тышкары жолугушууда Чотоновдун да болгону боюнча көрсөтмөсүнөн шек санашууда.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова ал учурда Чотонов Ошто жүргөнүн айтып жатат. Алар Маевский ошол учурда Бишкекке келгенинен да күмөн санашууда. Токтакунова сот мына ушул жагдайларды эске алышы керек деп эсептейт.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

«Адамдын тагдыры чечилип жаткандыктан мыйзамдын ар бир беренесин карап, ар бир жагдайды тыкыр текшерип туруп гана өкүм чыгарыш керек. Бир эле бүдөмүк нерсе болуп калса ал айыпталуучуга каршы иштейт. Азыр баарын тастыктап, карап чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк болуп жатат».

Орусияда Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Леонид Маевский өзү учурда «Альфа-банктын» кожоюндары Михаил Фридман жана Петр Авенден 50 млн. долларды опузалап алган деп айыпталууда.

Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон.

Эки саясатчы аларга карата сот чечимин мурдагы бийликтин саясий куугунтугу катары баалап келет.

Текебаев учурда Бишкек мэриясына караштуу Травматология жана ортопедия борборунда (эл арасындагы аты - №4 шаардык оорукана) дарыланып жатат.

"Арай көз чарай": Текебаевдин сот иши жана келечеги

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Токмоктун тегерегин чочуткан жагдай

Токмок шаардык сотунун имаратына чогулгандар.

Токмок шаарынын айланасындагы айылдардын тургундары коопсуздугуна кабатыр болуп, нааразылык акциясына чыгышты.

Токмок шаарынын айланасындагы айрым айылдардын тургундары 15-июлда шаардык соттун имаратына чогулушту. Алар укук коргоо органдары тарабынан куугунтук күчөп, жергиликтүү жаштарга негизсиз айыптар коюлуп жатканын айтышты. Чогулгандар бул басымдын артында Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев турат деп эсептеп жатышат. Парламент депутаты бул ишке анын тиешеси жок экендигин билдирүүдө.

Мээнеткеч айылы тынч эмес

Дээрлик бир жылдан бери Токмоктун Мээнеткеч айылында жаштардын тиреши басыла элек. Акыркысы мындан бир жума мурун 8-июлда катталды. Анда айылдын тургундары Талант Жамангулов менен Бакыт Токтогуловдун ортосунда чатак чыгып, Токтогулов катуу токмок жеп реанимация бөлүмүнө жатып калган.

Токмок шаардык сотунун имаратынын алдына чогулган күбөлөрдүн айтымында, бул чатакты Жамангулов өзү баштап, жан-жөкөрлөрү менен бирге каршылашын сабап салган. Бирок бир нече күндөн кийин Талант Жамангулов өзү да ооруканага жаткан. Чогулгандарды милиция суракты таяк жеп жандандыруу бөлүмүндө жаткан Бакыт Токтогуловдон баштаганы ачуулантууда. Чогулгандардын арасында Токтогуловдун апасы Зууратай Токтогулова да бар.

«Мен тааныбаган бир адамдар эле менин баламды «уурдап кетти» деп арыз жазыптыр, - деди ал. - Аны эч ким уурдаган жок. Баламды ооруканадан эч ким карабай койгонунан айла жок үйгө алып келип дарылап жатам. Азыр деле баламды кайсы учурда келип сабап кетет деп коркуп жатам. Милиция биздин үстүбүздөн түшүп алды. Ал эми баламды сабаган Талант Жамангулов ооруканада жалган көрсөтмө менен эрке баладай жатат».

Тергөөчү Самат Кулжабаевдин айтымында, чатакташкан экинчи тарап Талант Жамангуловдун мээси чайкалганы тууралуу дарыгерлердин бүтүмү бар.

«Тергөө жаңы эле башталды, - дейт ал. - Эки тарапты тең сураштыра баштадык. Оорукананын берген маалыматына ылайык Бакыт Токтогулов мас абалында болгон, ал эми Талант Жамангулов мээси чайкалган. Ошентсе да бизге, милицияга арыз жазыла элек».

Токмок шаардык милициясы.
Токмок шаардык милициясы.

Бирок бул сөзгө жергиликтүү тургундар ишенбей, «Жамангулов тергөө башталганда анткорлонуп ооруканага жата калды» деп бир ооздон айтып жатышат.

Жамангуловдун жабыркаган иши

Белгилеп койчу жагдай - Талант Жамангулов Токмок шаардык кеңешинин депутаты Тынай Жансейитовдун ишинде жабыркоочу катары өтүп жүрөт. Ал бир жыл мурун Томоктогу мал базарда Жансейитов менен чатакташа кетип, бычак жеген. Бул окуядан кийин Тынай Жансейитов жети ай издөөдө жүрүп, быйыл апрель айында өзү милицияга келип, үй камагына чыккан, ал эми кылмыш иши кайра толукташ үчүн тергөөгө жөнөтүлгөн. Тынай Жансейитовдун ишинде кылмышка шектүү катары Самат Жумабеков аттуу жаран да өтүп жатат.

Тынай Жансейитов менен Самат Жумабековдун жактоочусу Дарина Тезекбаева учурда тергөө бир катар мыйзам бузуу менен коштолуп жатканын айтты:

«Мисалы 11-июлда Жансейитов менен Жумабековду саат кечки бешке тергөөгө чакырып, бирок чакыруу барагын он мүнөт калганда үйүнө алып келишти. Ал эми 12-июлга бизди сотко чакырып, «бөгөт чарасы каралат» дешти эле, кечке ушул жерде жүрдүк. Бүгүн да соттун имаратынын алдында «Жансейитов менен Жумабековдун бөгөт чарасы аныкталат» дегенинен эл ушул жакка келди. Эми болсо «бүгүн санкция каралбайт» деп айтышты. Бизди мындайча айтканда ойнотуп жатышат».

Нааразылык акциясына чогулгандар.
Нааразылык акциясына чогулгандар.

Токмок шаардык сотунун имаратынын жанында чогулгандар Тынай Жансейитовду каматуу парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Урматбек Самаев кызыкчылыгында деп эсептешет. Алардын бири, Мээнеткеч айылынын тургуну Данияр Дыйканбаев мындай дейт:

«Самаев Токмок шаардык милициясын сатып алды. Биздин үндү уккан киши жок, элдин баары нааразы. Токмок ШИИБинин башчысы Адыл Рашидович деген киши баарыбызды кууратмай болду. Бул кишини Урматбек Самаев башкарып, каалаганын кылдыртып жатат».

Жергиликтүү тургундардын айткандарына караганда Жогорку Кенештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев жогоруда аталган Жамангуловду колдоп, ал аркылуу КСДПдан жергиликтүү кеңештин депутаты Жансейитовго басым жасап жатат. Жергиликтүү байкоочулар Токмок шаарында «Кыргызстан» менен КСДПнын ортосунда башынан таасир талаш бар экенин белгилеп жүрүшөт.

Самаев: менин оппонеттерим сөз чыгарууда

Бирок депутат Урматбек Самаев өзү бул иштерге анын ысымы аралашып жатканы түшүнүксүз абалды гана жаратып жатканын айтты. Мындай көрүнүштү ал атаандаштарынын каралоо аракети катары баалап, бардык иштерди териштирүүгө даяр экенин «Азаттыкка» билдирди:

Урмат Самаев.
Урмат Самаев.

«Мен да бүгүн Интернеттен көрдүм. Мен милицияны башкаргыдай ички иштер министри болуп кетиптирминби? Эки айылдык урушуп жатса, мени кандайча ал жакка аралаштырып жатышканына түшүнбөй койдум. Ал эми шаардык кеңештин депутаты Тынай Жансейитов бир жыл мурун бычак көтөрүп, Талант Жамангуловду сайып салганы чын да. Бул иште тергөө өзү ким күнөөлүү экенин аныктап алат деп ойлойм. Мен ал экөөнү уруштурган эмесмин, бирине бычак көтөрүп барган эмесмин. Мени кандайча ал жакка кошуп жатышканы өзүм үчүн таң калыштуу».

Токмок шаардык сотунун имаратынын алдына чогулгандар кийинчерээк шаардык ички иштер башкармалыгына барып, милициядан тергөөнү таза жүргүзүүнү, башкы тергөөчү Адыл Рашидов тараптан куугунтукту токтотууну талап кылышты.

Натыйжада Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан келген өкүл Улан Жукенов чогулган элге тергөө иштери облустук милиция тарабынан көзөмөлдө болоруна убада берди:

«Азыр иш жаңы эле тергеле баштаптыр. Сиздер тараптан айтылган жүйөлөрдүн баарын биз текшерип, салыштырабыз. Өзүбүзчө кызматтык иликтөө жүргүзөбүз. Ошондой эле биздин ишибизде мыйзам бузуу бар десеңер сөзсүз прокуратурага да кайрылгыла. Биз, облустук милиция, бүт жагынан сиздерге жардам беребиз».

Натыйжада облустук милициянын жообу чогулгандарды канааттандырып, тарап кетишти. Токмоктун бул ишке тынчсызданган тургундары бул саам акыйкат табылбаса, жогорку бийликке арызданууга чейин барарын, айыл ичиндеги ынтымакты ыдыраткандарды жоопко тарттырарын айтышты.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Трамп Конгресстеги аялдарды ыза кылды

АКШ президенти Дональд Трамп. 26-июнь, 2019-жыл. Осака.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Твиттерине» Конгресстеги демократ аялдардын дарегине жазган билдирүүсүнөн кийин кескин сынга кабылды.

Демократтар америкалык лидерди расист катары айыптап жатышат. Дональд Трамп 14-июлда «Твиттердеги» баракчасына жазган билдирүүсүндө Конгресстеги «прогрессивдүү» аялдардын тобуна ата-бабаларынын жерине барууну сунуш кылган.

«Өздөрү өкмөтү толук бечел, жемкорлукка баткан, колдорунан эч нерсе келбеген мамлекеттерден чыккан Конгресстеги «прогрессивдүү» демократ аялдар Кошмо Штаттардын элине, дүйнөдөгү эң улуу жана кубаттуу өлкөнүн бийлиги кантип иштеши керек экенин айтып жатышканына көз салуу кызык», - деп жазган Трамп.

Ал Конгресстеги аялдардын тобуна ата-бабаларынын жерине барып, кыйраган жана кылмышка баткан өкмөттөрүнө жардам берүүгө чакырган.

Трамп эч кимди атынан атабаса да бир катар маалымат каражаттары АКШ президенти Конгресстеги төрт аял тууралуу айтып жаткан болушу ыктымал экенин жазып чыгышты. Алар - Александрия Окасио-Кортес, Илхан Омар, Эянна Пресли жана Рашида Тлаиб.

Конгресстеги бул аялдар Трамптын саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү. Бирок алардын арасынан Илхан Омар гана Америка жергесинде туулган эмес.

Илхан Омар тарапташтарынын алдында сүйлөп жаткан чагы. Миннеаполис, 6-ноябрь, 2018-жыл.
Илхан Омар тарапташтарынын алдында сүйлөп жаткан чагы. Миннеаполис, 6-ноябрь, 2018-жыл.

36 жаштагы Омар Африканын Сомали өлкөсүндө төрөлгөн. Ал АКШга бала чагында 1997-жылы ата-энеси менен качкын болуп келген.

Трамтын бул билдирүүсүн демократтардын көбү, анын ичинде ушул тапта президенттик орунга үмүт артып турган сенатор Камала Харрис да сынга алды:

«Бул расисттик жана америкалыктарга таптакыр жат билдирүү. «Өзүң келген жагыңа бар» деген сөздү көчөдөн угуп калуу мүмкүн, бирок муну Кошмо Штаттардын президентинен угуу эч мүмкүн эмес эле. Ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана америкалыктар андан эмне каалап жатышканын түшүнбөй турат».

Ак үй «Америка добушу» медиасынын: «Президент үч аялдардын туулгандан бери Американын жарандары экенин билгенби?» деген суроосуна жооп берген жок.

Конгресстин мүчөсү Александа Окасио-Кортес. 6-ноябрь, 2019-жыл.
Конгресстин мүчөсү Александа Окасио-Кортес. 6-ноябрь, 2019-жыл.

Өкүлдөр палатасынын спикери Ненси Пелоси менен жогорудагы төрт аялдын ортосунда Демократиялык партиянын ичинде өз ара пикир келишпестик болсо да, спикер жекшембиде Трамптын билдирүүсүн сындап, «ксенофобиялык» деп атады. ​

Ал эми Нью-Йорктун Бронкс районунда туулуп-өскөн Александрия Окасио-Кортес: «Президент мырза, мен туулган мамлекет жана мен ант берген мамлекет - Кошмо Штаттар» деп «Твиттерге» жазды.

Сөз болуп жаткан төрт айым былтыр ноябрда өткөн шайлоодо өз штаттарында жеңип, Конгресске келишкен. Өкүлдөр палатасына Миннесота штатынан өткөн Илхан Омар жана Мичиган штатынан шайланган Рашида Тлаиб АКШ Конгрессинин тарыхында алгачкы мусулман аял - мыйзам чыгаруучулар. Ал эми 30 жаштагы Александра Окасио Кортес - Конгресстин тарыхындагы эң жаш мыйзам чыгаруучу.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Лондон Иранды танкер боюнча кепке тартты

«Грэйс-1» мунай танкери. Гибралтар, 6-июль, 2019-жыл.

Британия Иранга Гибралтардагы танкерге байланышкан кризистен чыгуунун жолун сунуш кылды.

4-июлда Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү Гибралтар кысыгында «Грэйс-1» мунай танкерин «Сирияга чийки мунай алып бараткан» деген шек менен кармашкан. Британ тышкы иштер министри Жереми Хант 13-июлда Ирандын тышкы саясий мекемесинин жетекчиси Мохаммад Жавад Зариф менен телефондон байланышканын билдирди:

Мен «танкер Сирияга баратпаганынын далилдерин берсеңер, маселени чече алабыз» дедим.

«Бүгүн түштөн кийин Ирандын тышкы иштер министри Зариф менен телефондон сүйлөштүк. Мен «Грэйс-1» танкерине байланышкан кырдаалды чечүүнү каалай турганыбызды ачык айттым. Бизди мунай кайдан келатканы эмес, кеменин багыты, Сирияга кара май алып баратканы көбүрөөк тынчсыздандырат. Мен «танкер Сирияга баратпаганынын далилдерин берсеңер, маселени чече алабыз» дедим. Албетте, адегенде Гибралтардын сотундагы процесстин аякташын күтүү зарыл. Министр Зариф «Иран да кырдаалды жөнгө салууну каалайт» деп ишендирди. Мен ошондой эле Гибралтардын башкы министри Фабиан Пикардо менен сүйлөштүм. Алар маселени чечиш үчүн биз менен тыгыз иштеп жатышат».

Мунай Европа Биримдигинин санкцияларын бузуп Сирияга жеткирилбесе, Британия танкерди бошотууга көмөктөшмөкчү. Евробиримдик АКШдан айырмаланып Иранга санкция салган эмес. Бирок Тегерандын өнөктөшү Сирияга каршы 2011-жылдан бери жазалоочу чараларды сактап келатат.

Жереми Хант.
Жереми Хант.

«Биз ортодогу чыңалууну басаңдатууну каалайбыз. Ошол эле маалда принциптерибизден тайыбайбыз: биз мыйзам үстөмдүгүн сактайбыз, режим өз элине каршы химиялык курал колдонуп жатканда Сирияга мунай жөнөтүлүшүнө жол бербейбиз. Кыскасы, биз кырдаалды эл аралык милдеттенмелерибиздин контекстинде чечкибиз келет», - деди британ министри Хант.​

Ирандын тышкы саясий мекемеси министрлердин сүйлөшүшкөнүн бышыктады, бирок кеменин багыты тууралуу кепилдик берип-бербегенин кабарлаган жок.

Билдирүү Зарифтин «Гибралтардагы иликтөө ирандык танкерди бошотуу менен аяктайт деп ишенем» деген сөздөрүн келтирет. Министр Бириккен Улуттар Уюмунун конференциясына катышуу үчүн 14-июлда Нью-Йоркко барды.

4-июлда Британиянын Аскер-деңиз күчтөрү Гибралтар кысыгында «Грэйс-1» танкерин Сирияга чийки мунай алып бараткан деген шек менен кармаган.

Иран Британиянын Тегерандагы элчисин чакыртып, кеменин кармалышы мыйзамсыз деп билдирген жана Ислам революциясынын сакчылары корпусу жооп иретинде бртаниялык кемени кармай турганын эскерткен.

11-июлда Британия ирандык 3 кеме Ормуз кысыгынан бараткан мунай танкеринин жолун тороого аракет кылганын билдирген. Иран бул маалыматты четке каккан. Ал эми Кошмо Штаттар ирандык танкерди Британиянын кармап алышын «мыкты жаңылык» деп атаган.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Тегерандын, Дамасктын режимдерине мындай мыйзамсыз соодадан киреше алышына тоскоолдук кылууну уланта берерин билдирген.

Перс булуңундагы кырдаал Вашингтон былтыр майда Иран менен түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимден чыгып кетип, санкцияларды калыбына келтиргенден бери курчуп кетти.

Жакында Тегеран «документке кол койгон Европа өлкөлөрү Иранды санкциялардан жетиштүү коргобой жатышат» деген жүйө менен уран байытуу процессин жандандырды.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды

Бусурманкул Табалдиев.

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы азыр кайда экени белгисиз.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады.

- ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды, - деди Аманкулова.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди укук коргоо органдары таппай жатышканын, ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин 8-июлда 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыккан.

«Азаттыктын» Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес. Буга чейин «Азаттык» бул тууралуу расмий органдарга кайрылганда алар муну төгүндөшкөн да, ырасташкан да эмес.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылып-чакырылбаганы айтылган эмес.

Бусурманкул Табалдиев эмгек жолун Талас облусунун Киров районундагы автобазанын механиги болуп баштаган. 1971-1978-жылдары СССРдин КГБсында иштеген соң Кыргыз ССРинин мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген. 1989-1991-жылдары Кыргызстандын юстиция министри болгон жана башка жетекчи кызматтарды аркалаган. Кыргызстандын коопсуздук органдарын эки жолу – 2006-жылы жана 2013-жылдан 2015-жылга чейин жетектеген. Биографиясында аты ачык айтылбаган бир катар акционерлик коомдордун директорлор кеңешин башкарган. Акыркы кызматы – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратында кеңешчи болгон.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Бул Кыргызстандагы жогорку даражалуу аткаминерлер өлкөдөн чыгып кеткенин журналисттер кабарлап, кийин гана расмий органдар моюнга алган биринчи учур эмес. Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин да адегенде журналисттер жазып чыгып, андан соң бир нече күн өткөн соң күч түзүмдөрү бул маалыматты тастыктап, издөө жарыялашкан. Кийин ал мүлкүнүн бир топ бөлүгүн сатып жибергенге үлгүргөнүн да билдиришкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Апта: Атамбаев сурактан качып жатат

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги. 3-июль, 2019-жыл.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (8-14-июль, 2019-жыл).

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Алмазбек Атамбаевди эки жолу суракка чакырып, бирок мурдагы президент экөөндө тең барган жок. Мекеме Атамбаевге биринчи чакырууну 8-июлда, экинчисин 10-июлда жиберген. Кой-Таштагы үйүнүн алдында тарапташтары менен жолугушкан Атамбаев суракка барбай турганын айтып, буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер болуп жатканын жүйө келтирди.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Мен эмнеге ИИМге барышым керек? Кандайдыр бир кагаздар, суроолор болсо түптүз эле адвокатым Слесаревге бере берсе болот. А бирок азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды сыйлай баштамайынча булардын оюндары менен ойногум келбейт», - деди Алмазбек Атамбаев 8-июлда.

Ал эми анын юридикалык өкүлү, адвокат Сергей Слесарев Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз экенин билдирип жатат. Бул тууралуу ал Тергөө кызматынын эки жолку Атамбаевге жөнөткөн чакыруусуна жазган жообунда билдирген. Анда Слесарев Атамбаевдин эмне себептен суракка барбай жатканын мындайча түшүндүргөн:

«Чакыруунун келгени өзү туура эмес. Себеби, экс-президент «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери» жөнүндө мыйзамга ылайык кол тийбестик макамга ээ. Буга байланыштуу милиция Атамбаевди мыйзамсыз жол менен суракка чакырууга аракет кылып жатат. Буга укуктук негиз жок».

Мурдагы президент өзү буга чейин да сотко барбай турганын, керек болсо курал менен коргонорун жарыялаган. Мыйзам боюнча укук коргоо органдары суракка келүүдөн баш тарткан адамды күч менен алып келүүгө укуктуу.

«Кыргызстандын жараны болгон соң ал өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек, баш ийиши керек. Эгер мыйзамга баш ийбесек, кимге баш ийебиз? Анын үстүнө Атамбаев алты миллион элдин оор жүгүн мойнуна алып, өлкө башкарса, анан үлгү болуш керек болчу. Өзү «мыйзамга баш ийгиле» деп, ошонун гаранты болду. Азыр туура эмес болуп атат. Сен каалайсыңбы, каалабайсыңбы, мыйзам иштей берет. Эми бийлик мыйзамды сактап, дагы бир чакыруу жиберип, болбосо сотко кайрылып өз ишин кыла бериши керек», - деди Жогорку Кеңештин депутаты Акыбек Жапаров.

Мурдагы президенттин тарапташтары 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

Атамбаев кол тийбестиктен Жогорку Кеңештин 27-июндагы чечими менен ажыраган. Укук коргоо органдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушуна катышы болгон. Кой-Таш айылындагы үйүнүн жерин мыйзамсыз алган. Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырган компанияларга тиешеси бар. Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча келишимге жана оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан. Бишкекке көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон» деген негиздер боюнча суракка алууну көздөп жатат. Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ал арада Сооронбай Жээнбеков коомчулукка алдын-ала кабарланбаган сапар менен Москвада болуп, орус президенти Владимир Путин менен жолугушту. Швейцариядагы расмий сапарынан кайтып келе жатып, кыргыз президенти Москвага токтогон.

«Биз жакында эле жолукканбыз. Бирок биздин карым-катыштын көлөмү чоң, дайыма сүйлөшө турган нерселер бар. Үйгө баратып, бизге да кире кетүүгө мүмкүнчүлүк тапканыңызга абдан кубанычтамын. Эки тараптуу мамиленин бүгүнкү абалы жана башка да маселелер, анын ичинде интеграция проблемалары тууралуу сүйлөшөбүз», - деди орус президенти жолугушууда.

Кыргыз-орус президенттеринин Москвадагы жолугушуусу тууралуу расмий кабарда эки тараптуу кызматташтык талкууланганы айтылды.

«Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кеңешинин алдыда боло турчу сессиясына даярдыктар талкууланды. ЖККУнун саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт», - деп айтылат президенттин сайтындагы маалыматта.

Ошентсе да Кыргызстанда Алмазбек Атамбаевге байланыштуу саясий жана укуктук кырдаал чыңалып турганда Жээнбековдун Путин менен күтүүсүз кезигүүсүн талдоочулар ар башка талкуулашууда. Атап айтканда, айрым саясатчылар кыргыз жана орус президенттери Атамбаевдин маселесин сүйлөштү деп да жоромолдошту.

Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева «Азаттыктагы» маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин келип чыккан укуктук маселелер тууралуу айтып берди.

«Азыр Атамбаевдин маселеси укуктук талаадан чыгып, саясий процесске өтүп кетти. Эгерде Конституциялык палата Жогорку Кеңештин токтомун Конституцияга туура келбейт деп эсептесе, анда бул процессти кайта башынан баштоого шарт түзөт», - дейт саясат талдоочу.

Атамбаевдин ишине Конституциялык палата чекит коёт
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:05 0:00
Түз линк

Жээнбековдун Швейцариядагы сапары

Жогоруда айтылгандай, бул жумада мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга расмий сапары менен барып келди. Ал Борбордук Европадагы байгер мамлекеттин президенти Ули Маурер, парламент төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Улуттук банктын башчысы Томас Йордан менен жолугушту. Мындан тышкары, Жээнбеков 10-июлда Швейцариянын Берн шаарында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүм экспорттоону кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыгаарын айтты. Ал Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба өндүрүмүн, кийим-кече жана бут кийим, ошондой эле азем буюмдарды чыгарууга даяр экенин кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен кайра иштетүүчү ишканаларынын ортосунда түз байланыш түзүү маанилүү. Бир гана тоскоолдук - бул сертификациялоо инфратүзүмүнүн жана кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Ошондуктан Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды, логистикалык борборлорду жана сапаттуу лабораторияларды түзүүгө чакырам», - деди Жээнбеков. Мындан сырткары ал ири жана чакан ГЭСтерди куруу аракеттерин бириктирүүнү сунуш кылды.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга «Herculis Partners», «ABB Schweiz», «Tatneft Europe», «OBVIAM Investing for Impact», «Blue Orchard Finance», «Integral Petroleum», «SICPA», «Switzerland Tourism» сыяктуу ири компаниялардын, ошондой эле Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жетекчилери, өкүлдөрү жана башкалар катышты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча инвестиция тартуу, туризм, саламаттык сактоо тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Кыргызстан Швейцария менен кызматташтыкты биринчи президент Аскар Акаевдин тушунан тартып эле баштаган. 1990-жылдары Кыргызстанды Борбор Азиядагы Швейцарияга айлантуу жөнүндө ураандар ар кандай деңгээлде айтылганы белгилүү. Бийик тоолуу Кыргызстан менен Швейцариянын табияты окшош болгону менен алардын экономикасы жана жашоо-турмушу 25 жылдан кийин да жакындашкан жок.

Швейцариянын ИДӨсү 662,5 млрд. доллардын тегерегинде, киши башына алганда (81 000 миң доллар) дүйнөдө экинчи орунда турат. Кыргызстан бул тизмеде 135-орунда (киши башына алганда 1200 доллар).

Текебаевдин иши

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаевдин жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун иши Жогорку сотто 16-июлда каралганы турат. Анын алдында партия президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып: «Сиз жеке өзүӊүз бул инсандарды жакшы билесиз. Бакиевдин үй-бүлөлүк-кландык режимине каршы күрөштө, 2010-жылдагы катаал окуяларда чогуу болдуӊуз. Сиз өзүӊүз бул айыптоолордун орунсуз экенине ишенесизби?» деп суроо салган.

«Атамекенчилер»: «Биздин өлкөдө эч ким атамбаевдик соттордун чечимине ишенбейт», деп белгилеген.

«Мына жакында өзүн адамдын да, Кудайдын да мыйзамынан да жогору койгон, өзүн гана мамлекетти өнүктүрүүнүн туура жолун билет деген, эч ким менен, эч нерсе менен эсептешпеген адамдын диктатурасынан арылганыбызга эки жыл болот. Эми, Атамбаев өзү тергөөдөн коркуп, өз үйүнө камалып, ал эми сот иштерин тескеген адамдары (Арабаев, Жолдубаева, Сегизбаев) же тергөөгө алынып, же жашынып алышты. Анда суроо туулат: эмне үчүн Текебаев менен Чотоновго карата репрессиялар улантылып жатат? Биздин жолдошторубуздун түрмөдө дагы эле Атамбаевдин респрессияларына жана куугунтугуна дуушар болуп жатканына айран-таӊбыз», деп айтылат Сооронбай Жээнбековго жазылган кайрылууда.

Ушул жумада «Азаттыктагы» маегинде «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева Текебаевдин сотунун жыйынтыгына жараша «партиянын мындан аркы саясий позициясы аныктала турганын» билдирген:

Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

«16-июлда көрөбүз. Эгерде ошол күнү лидерибизге карата адилет чечим болбосо биз оппозицияга кетебиз. Парламенттик көпчүлүккө киргенде деле биз өзүбүздүн позициябызды айтканда дайыма «Силер коалициядасыңарбы же оппозициядасыңарбы?» деп айтышчу. Ошондуктан бизди бир да жаран «Силер туура эмес айтып жатасыңар» дей албайт. Биздин тарыхыбыз ошону көрсөтүүдө. Сооронбай Шариповичтин иштери туура эмес болсо аны бүгүн деле, эртең деле сындайбыз. Бирок бүгүн оппозициябыз деп расмий түрдө айта албайбыз».

Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран, мурдагы депутат Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин саясий куугунтугу деп баалап келишет.

Ал эми бул иште негизги күбө болгон орус жараны, кийин өзү кайра кылмышка шектүү катары кармалып, күздөн бери Орусияда камакта турган Леонид Маевскийдин ушул жумада камак мөөнөтү дагы узартылды. Сотто судья Александр Меркулов Маевский «Альфа-банктын» кожоюндары Михаил Фридман менен Петр Авенден 50 млн. долларды опузалап алган деп айыпталып жатканын билдирген. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды.

Маевскийге былтыр 14-ноябрда кылмыш иши козголуп, эртеси күнү камакка алынган. Тергөөнүн документинде «Маевский ишкерлерди жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн 50 млн. доллар талап кылганы» белгиленген.

«Ата Мекен» партиясы, бир катар коомдук ишмерлер жана саясатчылар башынан эле «Леонид Маевскийдин Текебаев менен Чотоновго каршы берген көрсөтмөлөрү ишеним жаратпайт» деп белгилеп келе жатышат.

Жибип-жибибеген талибдер

АКШ, Орусия, Кытай жана Пакистан «Талибанды» атышууну токтотууга дароо макул болууга жана ооган өкмөтү менен түз сүйлөшүүнү баштоого чакырды.

Бул төрт өлкөнүн өкүлдөрү Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга багытталган АКШнын жана эл аралык коомчулуктун аракеттерине удаа эле 11-12-июлда өзүнчө да Бээжинде сүйлөшүү жүргүзүштү.

Мамлекеттик департамент тараткан билдирүүдө төрт өлкө «бардык тараптарды зордук-зомбулукту азайтууга чара көрүүгө жана оогандардын өз ара диалогун баштоого өбөлгө түзүш үчүн атышууну токтотууга» чакырган.

АКШ, Орусия, Кытай жана Пакистан талибдерди Ашраф Гани жетектеген ооган өкмөтү жана ооган коомунун башка мүчөлөрү менен түз сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөшкөн.

Ушул жумада «Талибан» кыймылы менен ооган коомунун аттуу-баштуу өкүлдөрү өлкөнүн келечегин саясий багытта жөнгө салуу боюнча «жол картасын» түзүү тууралуу макулдашкан. Жол картасын түзүү тууралуу макулдашуу Ооганстандагы 18 жылдык согушту токтотууга багытталган маанилүү кадам катары каралууда.

«Бул расмий сүйлөшүүлөр эмес. Бул расмий эмес баарлашуу. Мунун моралдык жоопкерчилиги маанилүүрөөк. Эки күндүк сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө муктаждык бар болчу. Эки тарапты тең карапайым жарандардын өмүрүн кыюуну азайтууга чакырышты. Ал эми биз бардык чет элдик аскердик күчтөрдү Ооганстандан чыгарууну талап кылдык. Себеби Москвада өткөн конференциянын шарты ушундай болчу», - деди «Талибандын» өкүлү Сухаил Шахин.

Дохадагы жолугушууга «Талибан» кыймылынын 17 өкүлү, ошондой эле Ооганстандагы оппозициялык саясатчылар, аялдар жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул сүйлөшүүлөргө ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү өкмөттүн атынан эмес, жеке тараптар катары катышты.

«Талибан» ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен түздөн-түз жолугушууга каршы болуп, аларды «Батыштын тактекеси» деп сыпаттап келе жатат. 8-июлда жарыяланган жыйынтыктоочу декларацияга ылайык, «Талибан» менен Ооганстандан келген өкүлдөр «жарандардын арасындагы курмандыктарды токтотууну», ооган аялдарынын саясий, социалдык, экономикалык, маданий укуктарын жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн исламдын баалуулуктарына ылайык камсыз кылууну макулдашкан. Анткени менен кабыл алынган документ бул тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн өзүндөй эле расмий күчкө ээ боло албайт.

«Күнөөсүз ооган жарандарына каршы согушуп, аларды өлтүрүп жаткан кишилер менен бетме-бет олтуруу өтө оор. Бирок бул тынчтыкты орнотууга болгон олуттуу кадам жана чоң сыноо», - деди Дохадагы жолугушууга катышкан ооган өкмөтүнүн өкүлү.

Анткен менен бул макулдашууларга карабастан, акыркы күндөрү адам өмүрүн алган чабуулдар болду. 13-июлда «Талибандын» жоочуларынын Ооганстандын түндүк-батышындагы Багдис провинциясында мейманканага койгон чабуулунан кеминде үч полиция кызматкери мерт болду. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахиминин кабарына караганда, үч жанкечти мейманканага чабуул койгон. «Талибандын» өкүлү Мухаммад Юсуф Ахмади бул чабуулду алардын кыймылы койгонун ырастады.

Ал эми бир күн мурда Нангархар провинциясындагы үйлөнүү тоюнда жанкечтинин жардыруусунан тогуз киши, анын ичинде террордук топко каршы күрөшкөн полициянын командири Малек Тор да да көз жумган. Нангархарда «Талибан» менен «Ислам мамлекетинин» жоочуларынын уюгу бар деп эсептелет. Акыркы жылдары жанкечтилер өкмөттүк мекемелерде, мектептерде жана жардам топтору жүргөн жерлерде бир канча жолу бомба жардырышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Миллиондордун кумга сиңген изи

Иллюстрация

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат “Азаттыктын” Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор жөнүндөгү иликтөөсүндө айтылган каражаттарды тактоону улантып жатат.

“Азаттык” радиосу жарыялаган “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсү боюнча мамлекеттик органдар коомчулукка толук кандуу маалымат жарыялай элек.

Учурда Финансы полициясында атайын топ иштеп жатат.

Эми өлкөдө жүгүртүлгөн шектүү ири каражаттарды көзөмөлдөгөн дагы бир мамлекеттик органдын маалыматына көңүл буралы.

Июнь айынын аягында Финансылык чалгын кызматы «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган 700 млн. доллар Кыргызстандан чыгарылып кеткенин ырастаган.

Бул кызматтын статс-катчысы Чыңгыз Кененбаев бул акча которуу «шектүү» деп эки ирет Ички иштер министрлиги менен Финполицияга маалымат берилгенин билдирди.

“Ал боюнча 2014-2016-жылдары маалымат бериптирбиз. Аябай чоң акча болуп жаткандыктан шек туудуруп, «иликтегиле» деп укук коргоо органдарына кайрылганбыз. Көбүнчө салык төлөнгөн эмес, көптөгөн акча которулуп атат, ал эми алардын жүгүртүүсү кичинекей болуп атат. Биз күмөн санаганбыз”.

​Кененбаевдин сөзүнө ишенсек, бул жүгүртүлгөн ири суммалардан канча салык түшкөнү жана булагы белгисиз болгон.

Ошол кезде Финансылык чалгын кызматынын кайрылуусуна Финполиция менен Ички иштер министрлиги кандай чара көргөнү белгисиз болуп турат.

Ички иштер министрлигинен бул боюнча суроо үчүн басма сөз кызматы менен байланыша албадык. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз катчысы Анастасия Пискур буларды айтуу менен гана чектелди:

“Учурда кызмат тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп, ал маалыматты тактоо боюнча иштер жүрүп жатат. Көп документтерге анализ жүргүзүлүүдө”.

Учурда 2014-2016-жылдары Финансылык чалгын кызматында ири суммадагы сыртка ташылган “шектүү” делген акча жөнүндө маалымат болсо, эмнеге экономикалык кылыштарга каршы органдар иликтөө жүргүзгөн эмес деген суроо жаралууда.

Эркин журналист Тынчык Алтымышев сыртка чыгарылган ири суммадагы каражаттар жөнүндө буга чейин белгисиз болуп келгени ар кандай түкшүмөл ойлорду жаратууда дейт.

“Бийлик өкүлдөрү мындай акчанын кирип-чыгып атканын билген эмес дегенге киши ишенбейт. Бул акчага кызыкдар, маалыматка ээ кишилер болгон. Алар чоң коррупциялык системаны түзүп, ошол казанда бирге кайнашкан деп жыйынтык чыгарсак болот. Бул азыр дагы уланып жатат. Каржылык чалгындоо, Каржы полициясы сыяктуу чоң органдар массалык маалымат каражаттарына чыгып, коомчулук талап кылгандан кийин иштемиш этип койгондой болуп турат”.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын (УКМК) Экономикалык жана кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурдагы башчысы Максат Мамыткановдун пикиринде, коомчулук шектүү каражаттардын булагын, кимдерге тиешелүү экенин билүүгө кызыкдар. Эми бул иштин жыйынтыгына жараша элдин бийликке карата ишеними белгилүү болот.

Максат Мамытканов.
Максат Мамытканов.

“Бийлик чындыктын түбүнө жетпесе, залакасы сөзсүз өзүнө тиет. Анткени бийлик азыр канчалык актанбасын элдин оюн өзгөртүш кыйын. Анткени силердей медиалар маалымат тараткандан кийин элде күмөндүү ойлор пайда болду. Эми мамлекет элдин суроосуна жооп берүү үчүн ишеничтүү иликтөөнү таратышы керек. Ал дагы коомчулукка жеткиликтүү болушу зарыл. Азыр прокуратура менен башка органдардын айтканына ишенеби? Ишенбейт”.

Быйыл май айынын соңунда «Азаттык» жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөө коомчулукта чоң резонанс жараткан. Анда 700 миллион доллардын тегерегиндеги каражат Айэркен Саймаити аттуу кытай жараны аркылуу бир нече жолу күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени, ушул эле адамдын атынан Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 2,3 миллион доллар чет өлкөдөн кайра которулганы тууралуу сөз болгон.

Буга чейин бир нече күн мурун Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат (Финпол) «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган каражаттардын дайынын жарыялаган. Бул мекеменин маалыматында, 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» аттуу жоопкерчилиги чектелген коом жана «Wufuli Bumailiyamu» жеке ишканасы банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 долларды чет өлкөлөргө жөнөткөнү айтылат.

Акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу келишимдин негизинде которулганы айтылууда. «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Саймаити менен Бумаилиаму «2 338 700 доллар которгону ырасталган жок» деп билдирүүдө.

Ошол эле маалда 9-июлда Финансы полициясы коомчулукка мурда белгилүү болбогон дагы бир маалыматты жарыялады. Анда Ысмайыл Матраимов атындагы фонддун эсебине 2014-2019-жылдары 1 млн. 439 миң 348 АКШ доллары жана 221 миң 600 сом салынганын билдирүүдө. Финансы полициясы бул суммаларды которгон адамдардын аты-жөнүн толук ачыкка чыгарган жок.

Мындан улам "Азаттык Медиа" мекемеси бул тараптардын аты-жөнүн, акча качан которулганын толугу менен көрсөтүп, маалымат берүү өтүнүчү менен Финансы полициясына кайрылды. “Азаттык" радиосу аталган орган берген маалыматтарга экинчи иликтөөсүндө орун берип, журналисттердин колундагы документтер менен салыштырып, коомчулукка жеткиликтүү маалымат таратууну көздөйт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Атамбаев да, бийлик да мыйзамга баш ийиши керек»

Сания Токтогазиева.

Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барбай койду. Анын адвокаттары экс-президенттин кол тийбестигин алуунун жол-жобосун караган депутаттык комиссия боюнча Конституциялык палатага кайрылды.

Венгриядагы Борбордук Европа университетинин докторанты, конституциялык укук боюнча адис Сания Токтогазиева «Азаттыктагы» маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин келип чыккан укуктук маселелерге токтолду.

«Азаттык»: - Мурдагы президент Атамбаев 2017-жылы өзүнөн кийин шайланган Сооронбай Жээнбековду «легитимсиз президент» деп сындап, Жээнбековдун бийлигинин тушунда «сотко барбайм» деп кескин баш тартып жатат. Мындай жагдайга кандай укуктук баа бересиз?

Сания Токтогазиева: Эгерде экс-президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековду «легитимсиз президент» деп жатса, бул кандайдыр бир деңгээлде 2017-жылы өткөн президенттик шайлоонун легитимдүүлүгүнө шек келтирбейби деген суроону пайда кылат.

Атамбаев ушул жол менен бара турган болсо, шайлоого жооптуу бардык адамдардын үстүнөн Жазык кодекси боюнча иш козголорун түшүнүшү керек. Бул баягы эле Атамбаев, Исаков, Догоев жана башка жооптуу аткаминерлер. Кылмыш иши жөн эле «Жарандардын шайлоо укуктарына тоскоолдук кылуу» же «Шайлоону бурмалоо» беренелери эмес, олуттуу айып менен козголушу мүмкүн. Бул «Кызматынан кыянат пайдалануу» сыяктуу оор беренелерге жатат.

Андан сырткары, шайлоого эл аралык уюмдар «ачык жана демократиялык шартта өттү» деген баа беришкен. Өлкөнүн өзүндө да шайлоо мыйзам чегинде өттү деп таанылган. Ал эми шайлоо маалында журналисттер менен активисттер шектүү «Самарагейтти» көтөрүп чыкканда Алмазбек Атамбаев өзү аны четке кагып, «муну иликтебейбиз, бул фейк» деген эле.

Эми азыр болсо шайлоону «легитимсиз» деп жатса, анда бул иликтөөдө экс-президент өзү башкы фигура болуп калат деп ойлойм. Ошондуктан бул сөздөрдү мен орусча айтканда «ооздун жели» катары баалайм.

Конституциялык палатанын ролу

«Азаттык»: - Эгер Конституциялык палата Атамбаевден кол тийбестикти алуу маселесин караган депутаттык комиссиянын түзүлүшүн мыйзамсыз деп тапса, анда жагдай кандай болот?

Атамбаев тараптын арызын кабыл алса, анда Конституциялык палата парламенттин куугунтугуна даяр болушу керек. Эгер ошол жүктү тартууга киришсе, биз эл катары да, коом катары да Конститутуциялык палатаны коргоого аракеттенишибиз абзел.

Сания Токтогазиева: - Азыркы процесс Конституциялык палатанын тарыхында чоң прецедент жаратышы мүмкүн. Эмне себептен? Эгерде Конституциялык палата Атамбаевдин кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алса, анда Жогорку Кеңештин бул маселеге байланыштуу бардык токтомдору Баш мыйзамга шайкеш келерин же келбесин кароого шарт түзөт.

Өзүңөр көрүп жаткандай эле башкача айтканда, бул иш Кыргызстанда «Марбери-Мэдисан» сыяктуу прецедентке айланып калышы мүмкүн. Башкача айтканда, Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө алып келиши мүмкүн.

Бул жерде Конституциялык палатанын эки түрлүү чечим чыгарууга шарты бар. Биринчи - «бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактагыбыз келет жана Жогорку Кеңештин ички ишине эч кандай тиешебиз жок» деп, Атамбаевдин адвокаттарынын арызын карабай коюшу мүмкүн. Эгерде жакшылап укуктук негиздеме берсе, мындай чечим деле туура болот.

Экинчи – Атамбаев тараптын арызын кабыл алса, анда Конституциялык палата парламенттин куугунтугуна даяр болушу керек. Эгер ошол жүктү тартууга киришсе, биз эл катары да, коом катары да Конститутуциялык палатаны коргоого аракеттенишибиз абзел. Ошол себептен Конституциялык палата бардык нерсени таразалап, тең салмактап, азыркы болгон саясий жана укуктук кырдаалды, процессти эске алып, мыйзамдуулукту орнотууга жана конституционализмди бекемдөөгө салым кошо турган чечим кабыл алат деп ойлойм.

Азыр Атамбаевдин маселеси укуктук талаадан чыгып, саясий процесске өтүп кетти. Эгерде Конституциялык палата Жогорку Кеңештин токтомун Конституцияга туура келбейт деп эсептесе, анда бул процессти кайта башынан баштоого шарт түзөт.

«Азаттык»: - Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттик комиссия Атамбаевге койгон алты дооматтын бешөө негиздүү деп табылганын парламентте туруп билдирди. Бирок адистер ушул жерде мыйзамдык бир чалкештик пайда болгонун белгилешет. Анткени Атамбаев бийликте турганда эски кодекстер иштесе, быйылкы жылдын январынан бери жаңы кодекстер күчүнө кирди. Мындай шартта укуктук-нормативдик принцип кандай болууга тийиш?

Сания Токтогазиева: - Эң негизги чалкештик – мыйзамда «ретроактивность нормы» деп коёт, башкача айтканда, «мыйзам артка иштебейт» деген принципке барып такалат. Атамбаев тарабынан Конституциялык палатага ушул негизде арыз келип түшкөн. Бул укуктук негизде кызуу талаш-тартыш жараткан маселе да. Анткени көпчүлүк эл аралык трибуналарда жана ар кайсы өлкөлөрдүн Конституциялык жана Жогорку сотторунда тигил же бул норманын ретроактивдүүлүгү боюнча «мыйзам артка иштебейт» деген негизде суроолор келип чыккан.

"Конституциялык палата бийлик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукту сактайбыз жана Жогорку Кеңештин ички ишине эч кандай тиешебиз жок деп, Атамбаевдин адвокаттарынын арызын карабай коюшу мүмкүн. Эгерде жакшылап укуктук негиздеме берсе, мындай чечим туура болот"

Ошол эле маалда эл аралык укуктук системада бардык ченемдерди бириктирүүчү бир орток пикир бар. Ал норма формалдуу түрдө ретроактивдүү болгону менен мазмуну жана материалдык түрдө ретроактивдүү эмес деп айтылат. Биз да ошол негизге таянабыз.

Башкача айтканда, экс-президент Атамбаевге коюлуп жаткан айыптар биздин Жазык кодексинде эгемендик жылдарынан бери эле каралып келген. Бул кылмыштар 2019-жылы эле пайда болгон жок, андыктан мазмуну боюнча норма ретроактивдүү эмес.

Ошол 2019-жылы кабыл алынган жаңы кодекстерде ал нормалар гуманизация принцибине ылайык жумшартылып, жазасы жеңилдетилген. Ушул эле логиканы пайдаланып Конституциялык палата чечим чыгарышы керек деп ойлойм. Бул формалдуу түрдө ретроактивдүү, бирок мазмуну жана материалдык жактан ретроактивдүү эмес болуп саналат.

Укуктук процесстин саясий жараянга айланышы

«Азаттык»: - Жогорку Кеңеш Атамбаевдин кол тийбестигин алды. Муну бирөөлөр парламенттин мыйзамдуулукту орнотуу аракети десе, башкалар бийликтин саясий өч алуусу катары баалап жатышат. Ал эми сиздин көз карашыңыз кандай?

Сания Токтогазиева: - Эгерде парламент ошончолук эле эркин көрсөтсөм десе импичмент процессин Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда башташы керек болчу.

Бул жерде бийлик абдан чоң ката кетирди, башынан эле шашылыш түрдө мыйзам процессин бузуу менен Атамбаевдин кол тийбестигин алып салышты. Негизи эле белгилүү саясатчыга, болгондо да экс-президентке каршы процесс баштаганда өтө кылдаттык менен иш жүргүзүү абзел. Анткени кыпындай эле укук бузуу болсо, мыйзам процесси дароо саясий жараянга айланып кетиши мүмкүн.

Жогорку Кеңештин чукул чечиминен улам азыр биз ушундай кырдаалга келип такалдык. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн эки тарап тең, Атамбаев да, бийлик да мыйзамга баш ийиши керек.

«Азаттык»: - Сиз өз сөзүңүздө парламенттин ишмердигине бир топ сын айтып атасыз. Атамбаевдин тиешеси бар деп кеп болгон Бишкек ЖЭБин модернизациялоо жөнүндө келишимди ошол эле Жогорку Кеңеш ратификация кылган, ошондой эле мамлекетке насыя алынып жатканда эл аралык келишимдердин бардыгы тең парламент жактырбаса өтпөйт. Ошол эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү да парламенттин 80 депутаты колдогон, мына ушуларды эске алганда парламенттин жалпы жоопкерчилиги кандай?

Атамбаев эртеби-кечпи соттун алдына келет, анан сот процессинде кээ бир депутаттардын аттары чыга баштаса, ошол эл өкүлдөрүнө иш козголушу мүмкүн.

Сания Токтогазиева: - Албетте, туура айтасыз. Бизде мыйзам боюнча бир дагы насыя келишими же эл аралык келишим Жогорку Кеңештин ратификациясы болбосо өтпөйт, конституциялык реформа дагы парламенттин колдоосу болбосо ишке ашмак эмес.

Жогорку Кеңештин депутаттары берген добушу үчүн жоопко тартылбайт. Анткени мунун да өз логикасы бар. Ар бир добуш бергени үчүн эле депутаттарды жоопко тарта берсек анда саясий плюрализм өлүккө айланып, парламентаризм эч качан орнобойт.

Андыктан Жогорку Кеңештин депутаттарынын ишмердигине баа бергибиз келсе, келаткан шайлоодо ошол партияларга добуш бербей коюшубуз керек. Мына ушул процессти өкүлчүлүктүү демократия деп коёт. Бирок экс-президент Атамбаев эртеби-кечпи соттун алдына келет, анан сот процессинде кээ бир депутаттардын аттары чыга баштаса, ошол эл өкүлдөрүнө иш козголушу мүмкүн. Бирок иш козголсо, бул алардын Жогорку Кеңештеги добуш бергени үчүн эмес, алардын коррупциялык схемаларга катышканы үчүн болушу мүмкүн.

Эл аралык аудит жана бийликти люстрациялоо

«Азаттык»: - Кыргызстанда коррупциялык башкаруу системасынан арылуу үчүн эл аралык аудит түзүү, бийликти люстрациялаш үчүн эл аралык трибунал түзүү зарыл деген сунушту сиз көп айтып жатасыз. Бул Кыргызстан үчүн өтө радикалдуу сунуш эмеспи?

Сания Токтогазиева: - Ооба, туура айтасыз, кайcы гана иш болбосун алардын баары кынтыксыз далилдениши керек. Аны жүзөгө ашыра турган сот системасы ачык-айкын болушу шарт. Эки тарапка тең сот тарабынан бирдей мамиле жасалышы зарыл.

Бирок учурда Өмүрбек Текебаевден баштап, Сапар Исаковдун жана башка саясатчылардын иштеринде абдан көп процессуалдык мыйзам бузуу фактыларын көрүп жатабыз. Ошондуктан алар сот процессин «саясий куугунтук» деп айтып чыгышты. Алар Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетине даттанышы мүмкүн.

Женевадагы комитет процессуалдык мыйзам бузулган учурларды карап чыгып, Кыргызстан ратификацияланган эл аралык келишимдерди чындап бузду деген бүтүм чыгарышы мүмкүн. Бул өлкө үчүн терс көрүнүш.

Мындайга жол бербеш үчүн биздин сот системабыз ачык-айкын, адилет болушу абзел. Аны жүзөгө ашыруу үчүн эл аралык аудит жана люстрация керек. Биз өзүбүздүн күчүбүз менен аны ишке ашыра албайбыз го деп ойлойм.

«Азаттык»: - Эл аралык аудит чакыруу, эл аралык трибунал институтун түзүүнүн өзү Кыргызстандын саясий турмушунда канчалык реалдуу?

Чындап эле өзгөрүүнү кааласак, анда күзүндө парламент чогулары менен оболу шайлоо мыйзамдарына ушул өзгөрүүлөрдү киргизүүнү талап кылышыбыз керек.

Сания Токтогазиева: - Ооба, бул радикалдуу кадам. Ансыз биз азыркы коррупциялык системадан арыла албайбыз. Мен азыркы саясатчылардан же саясий партиялардан ошондой эркти көрө албайм.

Убактылуу өкмөт бийликке келгенде андай тарыхый мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле. Анда дароо эле «өткөөл сот адилеттиги», же орусча айтканда «переходное правосудие» деген процессти баштоого шарт өзүнөн өзү түзүлүп калган.

Менин билишимче, кээ бир бейөкмөт уюмдардан мындай сунуш түшкөн, бирок убактылуу өкмөт аны четке кагып салган. Убактылуу бийликтин тушунда көптөгөн мыйзам бузулду. Жаңы шайланган бийлик келгенден кийин ошол эле эски мыйзамдын үстүнө жаңыларын кабыл алып, үстү үстүнө үйө беришти. Жаңы бийлик мурдагысын куугунтуктай баштады, эгерде биз муну токтотпосок, ал кайталана берет.

Анда бизден инвесторлор качып, эч кандай өнүгүү болбойт. Аны токтотуш үчүн бир гана эл аралык аудит жүргүзүп, бийликти люстрациялаш үчүн эл аралык трибунал түзүш керек. Аны кантип түзөбүз? Эгерде бизде сынчыл көз караштагы катмар пайда болуп, саясий партия түзүлсө, «биз парламентке келсек, эл аралык аудит жүргүзүүнү жана люстрация жасоону талап кылабыз» деп чыкса, жер-жерлерге барып түшүндүрсөк, эл колдоп бермек да.

Эгер биз чындап эле өзгөрүүнү кааласак, анда күзүндө парламент чогулары менен оболу шайлоо мыйзамдарына ушул өзгөрүүлөрдү киргизүүнү талап кылышыбыз керек. Антпесе юрист катары келечекте өзгөрүү болорунан деле үмүтүм жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Жээнбеков менен Путин эмнеге жолукту?

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Орусиянын президенти Владимир Путин. 11-июль, 2019-жыл.

Кыргыз-орус президенттери жолугары тууралуу алгач Кремлдин басма сөз кызматы кабарлаган.

Кремлдин расмий сайты жазып чыккандай, 11-июлда Москвада Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушуусу өттү.

Жээнбеков Швейцариядан кайтып келе жатып, Москвада кыска мөөнөттө иш сапар менен болду.

Путин Москвага тийип, эки тараптуу алакалардын бүгүнкү абалы тууралуу сүйлөшүүгө убакыт тапканы үчүн Сооронбай Жээнбековго ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Жээнбеков да Путинге ыраазычылык билдирип, кыргыз-орус мамилеси, достук жана өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканына токтолду.

Бирок эки президенттин чукул жолугушуусу Кыргызстандын саясий чөйрөсүндө ар кыл жоромолдорго жол ачты.

Айрымдар бул жолугушууну Кыргызстандагы саясий кырдаалга байланыштырып, Жээнбеков Орусиянын жетекчилиги менен кеңешүү үчүн кетти деген божомолдорун айтып жиберди.

Маселен, саясатчы Равшан Жээнбеков президенттин Москвага чукул сапары аймактагы жана Кыргызстандагы соңку окуяларга байланыштуу деген пикирде:

Равшан Жеенбеков/
Равшан Жеенбеков/

"Акыркы учурда бир катар өлкөлөрдүн жана аймактардын Орусия менен мамилеси бузулуп, көз карандысыз саясат жүргүзүүгө аракет кылууда. Орустарга көз карашы түз Борбор Азия гана калды. Бирок бул аймакта Казакстан менен Кыргызстандын ички саясатында бир топ маанилүү процесстер жүрүп жатат. Дал ушундай кырдаалда бул өлкөлөрдө стабилдүүлүк болушу маанилүү. Экинчиден, жеке маселе. Мурдагы президент Атамбаев Орусияга, Путинге көп кызмат кылган адам. АКШнын базасын чыгарган. Дал ушундай адамды Орусия тарап деле "жем" кылып, таштап койбойт. Президентти соттоду деген жаман прецедент жаратпаш керек", - деди Жээнбеков.

Кыргыз президентинин маалымат кызматы бул сапар боюнча үн ката элек.

Бирок коомчулуктун бир бөлүгү кыргыз президентинин бул сапары алдын-ала пландалганын белгилеп, аны ашкере саясатташтырбоого чакырууда.

Жакында эле Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп дайындалган саясатчы Эдил Байсалов Равшан Жээнбековдун жоромолуна "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу жооп кайтарып, сапардан саясат издөөбөгө чакырды:

"Президент Жээнбеков жалпы делегациясы менен Швейцарияга Москва аркылуу "Аэрофлоттун" самолету менен учкан. Биздей эле рейстердин ортосу беш-алты саат болсо, аэропортто токтоп, күтөт. Ошону эми "сылык сапар" дейт эмеспи. Путин коллегасы Москва аркылуу өтүп баратса, "келип, чай ичип кетиңиз" десе керек. Сиз муну азыркы лидериңиз Атамбаевдин "маселеси" боюнча деп жатасыз. Койсоңузчу. Атамбаевдин маселесин кыргыз эли жана мамлекет өзү чечет”.

Дал ушундай эле пикирди Кыргызстандын башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев да билдирди. Анын айтымында, жолугушууда Атамбаев жөнүндө сөз болсо да, ал жалпы маанайга таасирин тийгизбейт:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

"Биз Орусиясыз эч нерсе чече албайбыз деген өксүк синдромдон арыла албай койдук. Албетте, Орусия менен өтө жакын өнөктөшпүз. Бирок көп векторлуу саясат жүргүзүүгө аракет кылып жатпайбызбы. Мисалы, Швейцариядан келе жатып Москвага киргендин өзү деле ушунун көрсөткүчү да. Ал эми Атамбаевдин маселеси каралат дегендерди мурдагы президенттин жакындары чыгарып жатат".

Чынында Жээнбеков менен Путиндин жолугушуусу Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланышкан окуялар кызыган учурга туш келди.

27-июнда парламент экс-президент макамынан ажыраткан Атамбаевди Ички иштер министрлиги улам-улам суракка чакырууда. Бирок ИИМдин аракетин мыйзамсыз деп атаган мурдагы президент эки жолу суракка баруудан баш тартты.

Эми учурда Атамбаевди күч менен тергөөгө алып келип, ага карата кылмыш иши козголобу деген маселе талкууланууда.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгып кетиши боюнча орус президенти үн катат деп ишенимин билдирген.

Мындан соң Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва башка мамлекеттин ички ишине кийлигишпей турганын айткан.

Негизи Орусиянын жетекчилиги менен мурдагы кыргыз бийлиги буга чейин деле чукулунан жолугушууларды өткөрүп келген.

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

Мындай жагдайга көңүл бурган дипломат Аскар Бешимов эки өлкөнүн лидерлери алаканы талкуулап алууну чечкенин билдирүүдө:

"Негизи Орусия буга чейин деле дал ушундай чукул түрдө чакырып келген. Көбүнесе Кыргызстан менен Армениянын жетекчилигин чакырчу. Армения акыркы кезде барбай калды. Бизде болсо мурдагы президент Атамбаев чукул бара калып, "Орусия менен жакынмын, анын жетекчилиги менен досмун" деген сөздөрдү айтып калчу. Азыркы бийлик деле аны улантып жатат деп ойлойм".

Ал эми Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамиленин соңку абалына токтолсок, кыргыз бийлиги тышкы саясатта Москвага өзгөчө басым жасап келет. Быйыл март айында болгон Путиндин мамлекеттик сапары учурунда расмий Бишкек Орусиянын бирдиктүү базасынын аймагын 58 гектарга кеңейтүүгө макул болгон.

Ошол эле кезде буга чейин Москва менен биргеликте куруу пландалган “Камбар-Ата-1" ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча энергетикалык долбоорлордун башы ачылбай турат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

ЖЭБ боюнча сот: күбөлөрдүн көрсөтмөсү

ЖЭБ.

Ушул күндөрү Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.

10-июлдагы отурумда кытайлык ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимге байланышы бар Отун өнөр жай, энергетика жана кендерди пайдалануу комитетинин бөлүм башчысы Марат Жээнбеков, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин мурунку орун басары Бакыт Шаршеналиев, аталган мекеменин кызматкери Канат Рыскулов, Энергетика министрлигинин мурдагы статс-катчысы Батыркул Баетов, «Электр станциялары» ишканасынын юридикалык бөлүмүнүн мурунку башчысы Асел Топчубаева жана ушул эле ишкананын тышкы байланыш бөлүмүнүн мурунку башчысы Маматмуса Үкүбаев күбө катары суралышты.

Темир тор артында отурган мурдагы аткаминерлер жана алардын жактоочулары ЖЭБди оңдогон ТВЕА компаниясы менен түзүлгөн келишимге байланыштуу суроолорду берип, бир күбө жарым сааттан ашык суралып жатты. Айыпталып жаткан мурдагы аткаминерлер тарабынан «ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөнбүзбү?», «Келишим түзүүдө мыйзам бузулганбы?», «ЖЭБди жаңылоо боюнча долбоор өз максатына жеттиби?» деген сыяктуу суроолор басымдуу болду. Бирок күбөлөрдүн көпчүлүгү бейтарап жооп узатып жатышты.

Маселен, «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиевдин: «Мени ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп ойлойсузбу?» деген суроосуна Энергетика министрлигинин мурдагы статс-катчысы Батыркул Баетов мындай жооп берди:

«Мен антип ойлобойм. Мен сот эмесмин, андай чечим чыгаруу жагын сот чечсин. Сизди гана эмес, бул жерде отургандардын баарын жогорку даражадагы адис деп эсептейм. Башка кызыкчылыктарды көздөшкөн деген күмөнүм жок. Сиз кол койгонсуз. Эми сот чечсин. Биз өз милдетибизди аткарганбыз».

Ал эми күбөлөрдүн дагы бири - Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисинин мурунку орун басары Бакыт Шаршеналиев «Электр станциялары» ишканасынын акционерлеринин жалпы жыйынынан кийин гана ири келишимдерге кол коюлушу керек болчу деген пикирин билдирди.

«Акционерлердин жалпы жыйыны 2014-жылы макулдашуу мыйзамынын жана насыялык келишимдин ратификациясынан кийин болгон», - деди ал. Шаршеналиев бул боюнча убагында Энергетика министрлигине кат жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Айрым жактоочулар бул күнү суралган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн айыпталгандардын пайдасына иштеди деп баалап жатышат. Алардын бири, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов мындай деди:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Күбөлөрдүн баары айыпталуучулардын пайдасына сүйлөштү. Анткени айыптоодо «келишимдин форматы, келишимдин эсептөө ыкмасы Кыргызстанга пайдалуу болгон эмес» деп айтылып жаткан. Булар болсо «келишимдер мыйзамдуу эле, эл аралык тажрыйбада бар. ТВЕАнын сунуштары башкалардан арзан болгон» дешти».

Бирок жыл башында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен Кытай насыясынан мамлекет 111 миллион доллар зыян тартканы тергөөдө аныкталганын жарыялаган. Ал экспертизанын жыйынтыктарына таянып, жабдуунун жана курулуштун чыгымдарын эң жогорку баалар менен эсептеп чыкканда ЖЭБди модернизациялоо 275 миллион долларды гана түзгөнүн айткан. Жамшитов бул долбоор 2010-жылдын башында Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча 150 миллион долларга бааланганын эске салган.

ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча каралып жаткан иш Свердлов райондук сотунун чакан залында өтүп жатат. Желдеткичтер иштебегендиктен жайдын аптабынан залдын ичи үп болуп турат. Сот аяктап калганда мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жараянда регламентти сактап, улам тыныгуу болуп турса деген өтүнүч киргизди. Ал убактылуу камалып турган жай да ысык болуп жатканын кошумчалады. Буга жооп берген мамлекеттик айыптоочулар кайталанма суроолорду азайтууну сунуш кылышты. Ал эми эртең менен мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев соттук отурумга колуна кишен салынып жеткирилип жатканына нааразылыгын билдирген. Сот 11-июлда да уланат.

ЖЭБдеги коррупциялык иштин алкагында айыпталгандардын арасында мурдагы финансы министри Ольга Лаврова гана үй камагында. Калган мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдингдин» мурунку директору Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, «Электр станциялары» ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов 2018- жылдын июнь айынан бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Миллиондор жана журналистиканын миссиясы

Райымбек Матраимов.

Финполиция «Азаттыктын» иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын 9-июлда жарыялады. Анда Кыргызстандан 647 млн. доллар чыгарылып кеткенин тактады. Ысмайыл Матраимов атындагы фондго 1,4 млн доллар сырттан которулганын билдирди.

Буга чейин өлкөдөн чыгарылып кеткен акчалардын чоо-жайын иликтеген мекеменин жетекчиси Бакир Таиров «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү эки адамга тууган экенин ырастаган. Бул иликтөө ачык-айкын болушунан шек жаратпайбы?

Финансы полициясы «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган, Саймаити менен Бумаилиаму «2 338 700 доллар которгону ырасталган жок» деп билдирүүдө. Бирок «Азаттыктын» колунда Финполдун фондго которулган акча тууралуу маалыматы толук эмес экенин ырастаган документтер бар.

Ал документтер кезектеги иликтөөдө көрсөтүлөт.

«Азаттык» буга байланыштуу саясатчылар менен журналисттердин пикирин чогултту.

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

Байтемир Ибраев, мурдагы башкы прокурор:

- Журналисттик иликтөө, албетте, мамлекеттик органдарга коррупция менен күрөшүүдө аябай чоң жардам деп айтсак туура болот. Маңыздуу, маанилүү жана туура иликтөө дагы чоң фактор. Журналисттин иликтеген материалы, маселени чечүүгө себеп жана түрткү гана болуш керек.

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Иликтөө боюнча журналисттердин дүйнөлүк ассоциациясы бар. Алар стандарттык эрежелер менен иштейт. Биз ошого таянышыбыз керек.

Экинчиден, Би-Би-Си менен «Азаттыктын» бул багытта тажрыйбасы бай. Мисалга буга чейинки Уланбек Эгизбаевдин, Ыдырыс Исаковдун иликтөөлөрүн алсак болот.

Үчүнчүдөн, Роза Исакованын (Отунбаева) фонду ошого чоң стипендия, грант жарыялабадыбы. Себеби, ал чоң каражатты, эбегейсиз кесипкөйлүктү, укуктук документтерди талап кылат. Ал коомчулуктун колдоосуна ээ болушу керек.

Ушак-айыңдык журналистиканы документалдык иликтөө журналистикасы жеңе турган доор келди окшойт. Себеби, мамлекеттик институттар, укук коргоо органдары, парламент, кээде өкмөт аткара албай калган функцияны, вазыйпаны документалдык журналистика, иликтөө журналистикасы аткарып жатат. Бул жарандык коомдо өтө маанилүү фактор деп ойлойм.

Мамлекеттик институттар бизде өтө чабал. Өзүндө жок документти журналисттер таап жатканы алардын деңгээлинен кабар берип жатпайбы. Кайсы гана доордо болбосун бийлик өзүн гана сактаганга аракет кылат. Аны прогрессивдүү жарандык коомчулук дайым талап кылып, жол көрсөтүп турушу керек.

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Исхак Масалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

- Кыргызстан - кичинекей мамлекет. Сөз болбош үчүн, текшерүү процедурасын АКС кызматкерлерине же Финчалгынга, же башка бирөөгө бериш керек. Финполиция чыгарган маалыматтарды мен кечээ окудум. Жанагы фондго 2 миллионго жакын доллар келиптир. Мамлекеттик кызматкер чет өлкөдөн кайсы акчаны алып жатат? Аны текшерип көрүшү керек. 700 миллион доллар деген аябай чоң акча.

Амангелди Муралиев.
Амангелди Муралиев.

Амангелди Муралиев, мурдагы премьер-министр:

- Негизи иликтөөдө аты аталган адам менен маалыматты текшерген органдын жетекчисинин тууганчылык жайы болсо, ишти башка кишилер иликтеши керек. Моралдык укук деген да бар да. Мен журналисттик иликтөөлөр коррупция менен күрөшүүгө чоң жардам берет деп ойлойм. Өнүккөн, коому, саясаты таза мамлекеттерде журналисттердин иликтөөлөрү аябай пайдалуу. Бул жагынан журналисттерди колдоо керек. Журналисттердин иликтөөлөрү орто жолдо калбайт деп ойлойм. Коом маалыматты окуду. Мамлекеттик органдар, өзгөчө партиялар көңүл бурушу керек.

Аскер Сакыбаева.
Аскер Сакыбаева.

Аскер Сакыбаева, журналист:

- Менимче, иликтөөнүн милдети - журналист кайсы объектини иликтөөгө алса, ошонун бардык ачылбай жаткан жагдайларын ачыкка чыгарып, бардык тараптарга тең салмактап, тең көңүл бөлүп, бардык жагдайларды ачыкка чыгарып коюш эле. Журналисттерге караганда мамлекеттик кызматта мүмкүнчүлүк көп, колдо рычаг бар да. Мыйзам чегинде, мамлекеттик кызматтын чегинде таасир көрсөтө алышат.

Тилекке каршы, журналист таап чыккан материалдарды толук иликтөөнүн ордуна тапкан материалдарын бербей жатат. Кыргызча айтканда, бул догурунуу. Мен муну укканда аябай таң калдым. Чын эле биздин мамлекеттик кызматтар ушундай деңгээлге жетип калдыбы? Анан калса ошол мамлекеттик кызматтын жетекчиси ошол иликтөө объектисине кандайдыр бир туугандык жайы бар экенин айтып жатат. Бул эмнени түшүндүрөт, ошол мамлекеттик кызмат иликтесе деле обьективдүү болобу? Ушул суроо иликтөөдөн мурда туруп жатпайбы.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Брюссел Бишкекке кайрадан ишенич артууда

Федерика Могерини жана Сооронбай Жээнбеков.

Бишкекте өткөн «Евробиримдик - Борбор Азия» форумунда кызматташтыктын жаңы стратегиясына өзгөчө көңүл бурулганы айтылууда.

Кыргызстан Европа мамлекеттери менен демократияны бекемдөөдө, экономикалык кызматташтыкты көтөрүүдө эмне үчүн жигердүү иштеше албай жатат? Дегеле Кыргызстан Евробиримдик менен кайсы багыттарда алаканы күчөтүшү керек? Ушул ж.б. суроолорго «Арай көз чарай» берүүбүздөн жооп издедик.

Талкууга Кыргызстандын тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков, саясий серепчи Кубан Абдымен, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков катышты.

«Азаттык»: - Талант мырза, Кыргызстан эгемендик алгандан бери Евробиримдиктеги мамлекеттер менен кызматташтыгынын денгээли кандай болду? Саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттардан алганда Кыргызстан Европадан эмне алды? Биз аларга эмне бере алдык?

Талант Кушчубеков.
Талант Кушчубеков.

Талант Кушчубеков: - Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары Евробиримдикке кирген өлкөлөр үчүн Борбор Азиядагы эң кызыктуу өлкө болду. Анткени Кыргызстандын демократияга умтулушу, атаандаштыкка жол ачкан экономиканы тандаганы, биринчи президенттин кадамдары, ошол учурдагы кабыл алынган чечимдер боюнча башка Орто Азия өлкөлөрүнөн айырмаланып турганы Европаны кайсы бир деңгээлде таң калтырган. Демократиялык шайлоо жолу менен президентти шайлап алганыбыз да алардын көңүлүн бурду. Ким айтканын билбейм, бирок «Кыргызстан – Борбор Азиядагы демократия аралчасы» деген бааны Европадан беришти. «Жок, Кыргызстан демократиялык өлкө эмес» деп бир да европалык саясатчы айткан жок. Чындыгында бул чоң баа, чоң жетишкендик болгон. Бул Кыргызстандын дүйнөгө таштаган жемиштүү кадамы десек болот. Бүгүн Кыргызстанда жарандык коом күчтүү деп эсептесек, анда анын башаты эгемендиктин алгачкы жылдарынан башталат. Ошол эле мезгилде Кыргызстан Евробиримдик менен экономикалык кызматташтык боюнча жаңы кадамдарды жасай алган жок. Батыш өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен реформа жасамак болуп PESAK программасы менен ири өнөр жай ишканаларыбызды талкалап алдык. Бул биздин чоң кемчилигибиз, катабыз болду.

«Азаттык»: - Кубан мырза, геосаясий өңүттөн алганда Евробиримдик үчүн Борбор Азия - артыкчылыктуу аймак. Кечээ Бишкекте өткөн «Евробиримдик - Борбор Азия» форумунда жаңы стратегиялык багыттар боюнча макулдашуулар болгону айтылууда. Демек, Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде Кыргызстанга стратегиялык саясатын өзгөртөт десек болобу?

Кубан Абдымен.
Кубан Абдымен.

Кубан Абдымен: - Европа Биримдигинин аймактык маселелерди талкуулаш үчүн Бишкекке келип чоң жыйын өткөргөнү - андагы кабыл алынган чечимдерге, макулдашууларга караганда жаңы кадамдар болот деп айтсак болот. Евробиримдик Борбор Азия менен жаңы стратегиялык кызматташтыкка умтулуу аракетин 2007-2009-жылдары эле баштап, кийин солгундай түшкөн. Акыркы убакта кабыл алынган келишимдерге таянсак Евробиримдиктин стратегиялык саясаты мурдагы жылдардан кескин айырмаланат деп айта албайбыз.

«Азаттык»: - Талант мырза, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини «Евробиримдик Кыргызстанга саясий реформа жүргүзүүгө, анын ичинде сот системасын жаңылоого жардам берет» деп айтты. Деги Кыргызстанга кандай жардам керек? Анткени мурда деле Евробиримдик акчалай, консультациялык жардам берип келген, тилекке каршы натыйжасыз болгону айтылып келет...

Талант Кушчубеков: - ХХ кылымдын 60-70-жылдары Африкада революциялар болуп, жаңы мамлекеттер пайда болгондо Европа «бул континентте эми чоң саясий өзгөрүү, зор өнүгүү болот» деген. Аябагандай көп жардам берилген. Иш жүзүндө Африкадагы бирин-экин мамлекеттерди албаганда анчалык чоң өзгөрүү болгон жок. Ушул тарыхый фактыны карап отуруп, «Кыргызстан өзгөрүүгө даяр болгон жокпузбу, берилген жардамды максатсыз пайдаландыкпы же Батыштын максатын толук түшүнгөн жокпузбу» деген көп суроолор келет. Евробиримдиктин «саясий реформага жардам беребиз» деп жатканы дагы эле чоң суроолорду туудурат. Кандай жардам берет, кайсы максатка жумшалат, натыйжасы кандай болот? Ал жардам биздин эгемендигибизге, коопсуздугубузга кандай таасир этет? Аны ойлонушубуз керек. Евробиримдик Казакстанда, Өзбекстанда бийлик алмашып жатканына байланыштуу жаңы стратегиялык багыттарды белгилеп жатканы түшүнүктүү. Азыр жалпы негизде гана айтылып жатат.

Аскар Сыдыков.
Аскар Сыдыков.

«Азаттык»: - Аскар мырза, Евробиримдик 2015-жылы Кыргызстанга «ВСП+» - жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат берген. Бул системанын алкагында кыргыз ишкерлери алты жарым миңдей товарды Европа өлкөлөрүнө бажы төлөмүсүз экспорттоого мүмкүнчүлүк алган. Ушундан Кыргызстан эмне пайда тапты?

Аскар Сыдыков: - Экономика министрлигинин статистикасына таянсак Кыргызстандын Евробиримдикке кирген өлкөлөр менен экспорттук потенциалы канааттандырарлык эмес. Былтыр 30 миллион доллардын тегерегинде товарлар экспорттолгон. Биздин көп мүмкүнчүлүктөр бар, аларды пайдалана албай жатабыз. Бизде лаборатория, сертификациялоо жагында көп маселелер чыгууда. Кыргызстанда азыр 4 лаборатория бар, дагы көбөйүшү керек. Мындан сырткары экспортко чыга турган товар өндүрүүчүлөргө окутуу, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү керек. Эң негизги көйгөй – Кыргызстандагы чыгарылган товарлардын көлөмү жана сапаты да евростандарттын талаптарына жооп бербей, чоң суроолорду жаратууда…

(Талкуунун толук вариантын бул жерден көрүңүз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дохада Ооганстан үчүн «жол картасы» түзүлдү

Катардын баш калаасы Дохага келген «Талибандын» лидерлери.

Катарда Ооганстандын өкмөт өкүлдөрү менен «Талибандын» лидерлеринин тынчтык сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды.

Дохада алгачкы жолу өтүп жаткан тынчтык конференциясынын жыйынтыгында эки тарап Ооганстандын болочок саясий түзүлүшүнүн алагчкы негиздерин түптөө тууралуу жалпы макулдашууга жетишти.

Катардын борбору Доха шаарындагы эки күнгө созулган тынчтык сүйлөшүүлөрү 8-июлда жыйынтыкталды. Бул жолку тынчтык конференциясы «Талибандын» лидерлеринен жана Ооганстандын коомчулук өкүлдөрүнөн тышкары алгач ирет Кабул өкмөтүнүн мүчөлөрү да катышканы менен айырмаланды. Бирок ошентсе да тараптар конференцияга расмий макам берүүгө болбой турганын белгилешүүдө. Конференцияга АКШнын атайын чабарманы Залмай Халилзад да катышты.

АКШнын Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад.
АКШнын Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад.

«Талибандын» өкүлү Сухаил Шахин бул сүйлөшүүлөр расмий эмес түрдө өткөнүн ырастады.

«Бул расмий сүйлөшүүлөр эмес. Бул расмий эмес баарлашуу. Мунун моралдык жоопкерчилиги маанилүүрөөк. Эки күндүк сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө муктаждык бар болчу. Эки тарапты тең карапайым жарандардын өмүрүн кыюуну азайтууга чакырышты. Ал эми биз бардык чет элдик аскердик күчтөрдү Ооганстандан чыгарууну талап кылдык. Себеби Москвада өткөн конференциянын шарты ушундай болчу».

Буга чейин 7-июлда Ооганстандын Газни шаарындагы жанкечтинин жардыруусунан 14 киши мүрт кетип, 180 адам жарадар болгон. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Талибан» кыймылы алган. Тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан ооган өкмөтүнүн өкүлү «Талибан» менен сүйлөшүүлөр татаал экенине карабай, ал жалпы ооган элине зарыл экенин белгиледи:

«Күнөөсүз ооган жарандарына каршы согушуп, аларды өлтүрүп жаткан кишилер менен бетме-бет олтуруу өтө оор. Бирок бул тынчтыкты орнотууга болгон олуттуу кадам жана чоң сыноо».

8-июлда жарыяланган жыйынтыктоочу декларацияга ылайык «Талибан» менен Ооганстандан келген өкүлдөр «жарандардын арасындагы курмандыктарды токтотууну», ооган аялдарынын саясий, социалдык, экономикалык, маданий укуктарын жана билим алуу мүмкүнчүлүгүн исламдын баалуулуктарына ылайык камсыз кылууну макулдашты.

Анткени менен кабыл алынган документ бул тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн өзүндөй эле расмий күчкө ээ боло албайт. Ал болгону келечектеги сүйлөшүүлөргө өбөлгө түзүп, анын жол картасын иштеп чыгууну көздөйт.

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад да өзүнүн «Твиттердеги» баракчасына «Талибанды», Ооганстандын коомчулугунун жана өкмөтүнүн расмий өкүлдөрүн кубаттап билдирүү жазды.

Ал эми бүгүн расмий Кабул билдирүү таратып, Дохада өткөн сүйлөшүүлөдү Ооганстанда тынчтыкты орнотуудагы «жакшы кадам» деп сыпаттады.

Буга чейин «Талибан» ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү менен түздөн-түз жолугушууга каршы болуп, аларды «Батыштын тактекеси» деп сыпаттап келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Исаков менен Карыбаеваны соттоткон иштер

Улуттук тарых музейи.

Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейинин оңдолушуна байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаевага айып коюлду.

Прокурор «мурдагы аткаминерлер жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтиргени далилденди» деп билдирди. Ал эми Исаков менен Карыбаева коюлган айыпты мойнуна алышкан жок.

Прокурордун айыптоосу

9-июлда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго жана президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча айып койду.

Прокурордун сөзүндө 2014-2016-жылдары Сапар Исаков жогорку кызматтарда туруп, Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө түздөн-түз катышканы, ал кызматтык укуктарынан аша чаап ошол кезде президенттик аппаратта иштеген Мира Карыбаева менен мыйзамга каршы байланыш түзүп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштегени айтылат. Исаков «музейди тез убакытта оңдоо менен мамлекет башчысына жагынып, кызматтан жогорулоону максат кылганы» белгиленет. Мамлекеттик айыптоочунун айтымында, имаратты оңдоп-түзөөдө мыйзамдар бузулган. Мындан тышкары Сапар Исаков менен Мира Карыбаева музейдин реконструкциясына катышкан германиялык «Reier» компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталууда. Музейге коюлган инсталляциялык союлдар, жылкынын сөлөкөтү жана кофе ичүүчү жай сыяктуу курулуштар баштапкы концепцияга дал келбейт деп табылган.

«Исаков Бишкек Жылуулук электр борбору, Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдан сыяктуу улуттук долбоорлорду өзүнүн байланыштары аркылуу мыйзамга каршы ишке ашыруу тажрыйбасы менен материалдык жана башка кызыкчылыктарды көздөп, түзүлгөн коррупциялык система менен бул ишти колго алган. Исаков өзүнүн кылмыштык ниетин ишке ашырыш үчүн президенттин кеңешчиси Мира Карыбаева менен мыйзамга каршы туруктуу байланыш түзгөн», - деп жарым саат айыптоо чечимин окуган Үмүт Конкубаева сөзүн «иштин материалында шектүүлөрдүн кылмышына далилдер бар» деп бүтүрдү.

Прокурор «Сапар Исаковдун, Мира Карыбаеванын жана музейди оңдоп-түзөөгө катышкан бир нече тиешелүү кызматтагы кишилердин мыйзамсыз аракетинен улам мамлекет 101,6 млн. сом зыян тартканын» кошумчалады.

Шектүүлөрдүн актануусу

Бул айыптоону мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков дароо четке кагып, жогорку кызматтарда турган учурда өз милдетин так аткарганын айтты. Исаков «бул иштин аркасында президент турат» деп, Сооронбай Жээбековду айыптады:

Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

«Мамлекеттик айыптоочунун сөзүндө «өкмөт башчы болуп туруп музей боюнча токтомдорго кол койгон» деп жатат. А мен кол койгонго укугум жок беле? А эмнеге Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчы болуп турганда ат майдан, музей боюнча бир катар токтомдорду чыгарганы жөнүндө сөз жок? Урматтуу сот, анткени бул иштин артында Сооронбай Жээнбеков турат. Коррупция деген мыйзамсыз акча табуу. Бирок, кылмыш ишинде ал жөнүндө сөз жок. Андыктан «президентке кызмат кылгысы келген» деп атасыңар. Эң негизгиси - бул каражаттардын баары гранттык акча. Аны Атамбаев Алмаз Шаршенович алып келген».

Ал эми президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаева айыптоонун өзөгүнө түшүнбөй жатканын белгиледи. Ал эмне себептен «Коррупция» беренеси менен айып коюлуп жатканына таң калып, келишим түзүү жана каржы маселелерине эч тиешеси жок экенин билдирди:

Мира Карыбаева.
Мира Карыбаева.

«Коррупция – бул жогорку кызматкерлердин кандайдыр бир жеке кызыкчылыгы. Менин кандай кызыкчылыгым болгону жөнүндө сөз жок. Кылмыш ишинин баарын окуп чыктым. Негизгиси - жазылган айыптоонун тили жана тону түшүнүксүз. «Мамлекет башчыга жагынуу аракети билинген...» деп жазылыптыр. Мен элиме жана өлкөмө кызмат кылуу деген түшүнүктү жакшы билем. Мен кайда эмгектенбейин, аны аткарууга аракет кылам. «Жагынуу» жана «кызмат кылуу» дегенди эч жасаган эмесмин. Соттук териштирүүдө мага жана жактоочума муну далилдөөгө мүмкүнчүлүк берилет деп үмүт кылам».

Ошентип, сот жообуна тартылып жаткан эки мурдагы мамлекеттик аткаминер күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Жабырлануучу тарап катары катышып жаткан финансы министринин өкүлүнө котормочу керек болгондуктан сот отуруму 16-июлга жылдырылды. Бул ишти Судья Айбек Эрнис уулу карап жатат. Соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салынган.

Музейди оңдоодогу сот иши кандай аяктайт?

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишиндеги соттук териштирүү жакында эле башталды. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун тарапташтары муну саясий куугунтук катары баалап жатышат. Ал эми президенттик аппараттын мурдагы бөлүм башчысы Мира Карыбаеваны колдоп бир топ окумуштуулар президентке кат жазышкан. Мурдагы аткаминерлердин сот иштерине көз салып жаткан юрист Кайрат Осмоналиев мындай дейт:

Кайрат Осмоналиев.
Кайрат Осмоналиев.

«Мира Карыбаеванын ишин окудум, далилдер жок окшойт. Актап койсо болот. Ал эми Сапар Исаков ошол топту жетектеген, иштин башында турган. Андыктан сот кесип салышы мүмкүн. Анын үстүнө өзү «музейди оңдоп-түзөөнү мен көзөмөлдөгөм» деп айтканы бар».

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу да айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта отурат. Исаковдун айыптоосу боюна президенттик аппарат үн ката элек.

Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Жазык кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде айып коюлган. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Депутаттын баласы катышкан жол кырсыгы

Кырсык болгон жерден тартылганы айтылган сүрөт.

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыгында чырактай болгон төрт жигиттин өмүрү кыйылды. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу да жабыркаган.

Каза болгон жигиттердин жакындары кылмышты жашыруу аракеттери болуп жатканын айтып жатышат. Милиция күнөө кимден кеткенин тактоодо.

Ичсе ашка, иштесе ишке тойбой турган төрт жигиттин өмүрүн жалмаган жол кырсыгы 7-июль күнү таңга маал Бактуу-Долоноту айылынын жанында болгон. Милициянын баштапкы маалыматына караганда, BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаа «Lexus ES» менен кагылышып, окуя болгон жерде эки киши мүрт кетип, дагы бирөө ооруканага алып бараткан жолдо каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинованын айтымында, кырсыкта оор жараат алып, ооруканага жеткирилген төртүнчү жигит 9-июлга караган түнү жан берди.

«Кырсыкта жабыркагандардын бирөө оор абалда ооруканага түшкөн, - деди ал. - Ал да түнкү саат 12лерден өтүп каза болуптур. Экөөнүн абалы туруктуу эле болчу дейт. Алар башка ооруканага которулган эмес. Аны туугандары Бишкекке алып кеткен».

Каза болгон балдардын бардыгы «Lexus ES» машинесинде бараткан. Алар - Нурсултан Бекболотов («Lexus ES» айдоочусу), Нурсултан Данияр Уулу, Бек Бакытбек уулу жана Бексултан Кудайбердиев. Маркум Бек Бакытбек уулунун таежеси Майрам Жаңыбаева машинедеги төртөө дос экенин белгиледи:

Булар машине менен жарышып келатып, милиция токтотсо токтобой кетип калыптыр.

«Биздин бала каза болгон машинеде төрт эркек бала, достор болгон. Биздин бала артында отурган экен, ооруканага алып келишиптир, бирок кеч болуп калыптыр да... Жардам бере албай калдык. 24 жашта болчу, жаңы эле окуусун, магистратураны бүтүп дипломун көрбөй кетпедиби. Жалгыз бала болчу, боздотуп кетпедиби... Бизге жеткен маалыматтар боюнча BMW X7 үлгүсүндөгү машинеде төрт эркек, үч кыз бар экен. Булар машине менен жарышып келатып, милиция токтотсо токтобой кетип калыптыр. Көргөндөр айтып жатышат, эми биз кайдан билебиз? Бирөө чалып, «аманбы, эмне болду» деп сураган жок».

BMW X7 үлгүсүндөгү машине Бишкек шаардык кеңешиндеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты, 25 жаштагы Темирлан Токобековго катталганы айтылууда. Азырынча расмий органдар аны ырастай элек. Темирлан Токобеков - Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу. Ал да учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна келип түшкөнүн мекеменин директору Сабырбек Жумабеков «Азаттыкка» билдирди:

Сабырбек Жумабеков.
Сабырбек Жумабеков.

«Токобеков Темирлан деген келип түшүптүр. Абалы орто, ортодон оор. Мээси чайкалган, жамбашы сынган. Андан сырткары кечээ дагы бирөө, Калмурзаев деген келиптир. Анын мээси чайкалган. Экөө бизде жатат».

Милициянын баштапкы маалыматында BMW Х7 Каракол тарапты көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыга калган «Lexus» менен кагылышканы айтылат.

Ал эми каза болгондордун жакындары кылмышты жаап, өлгөн балдарды күнөөлүү кылып коюу далалаты болуп жатканын айтып «Азаттыкка» кайрылышты. Мындай шектенүүгө «Lexus ES» машинесинде видеокаттоонун, айдоочуга таандык документтердин жоголгону, айрым маалыматтардын ачык айтылбай жатканы себеп болуп турганын каза болгон Нурсултан Бекболотовдун бир тууганы Чыңгыз айтты:

Менин байкем документтерди машинеден алып чыкчу эмес, дайыма машинеде болчу. Видеокаттоо да бар болчу. Алардын баары жок.

«Кырсык болгон жерге барганда бизге эч кандай маалымат бербей коюшту. «Тез жардам» деген дароо каттайт, кимдер келгенин. Бул өйдө жактан жасалгандай, бирөөнүн айтканын күтүп жаткандай болуп калды. BMW Х7 жактан эки киши келип «силер тарап күнөөлүү болуп калыптыр» деп кетти. Алар «машинеде төрт киши бар болчу, эки киши жолоочу-жүргүнчү» деп айтты. Мындай ойлонуп көргөндө деле килейген жолтандабас ошол саатта кайсы жолоочуну алат эле, жолдон? Ал байлардын машинеси да. «Ал машинедегилер да жабыркады» деп айтты. Анан бир машине күзөт менен келип, күзөт менен кетип калды. Наркы машинедеги жигитти бизге бир көргөзүп, биз менен сүйлөштүргөн да жок. Менин байкем документтерди машинеден алып чыкчу эмес, дайыма машинеде болчу. Видеокаттоо да бар болчу. Алардын баары жок. Досторунун телефондору бар, сим-карталары жок болуп жатат. Кантип ошондой болсун?»

Каза болгондордун туугандары машинени Темирлан Токобеков айдап бараткан болушу ыктымал экенин айтышкан. Бирок өзүн «Абжалиевдин тууганымын» деп тааныштырган Каныбек Жакшыбаев «Азаттыкка» машинени Чүй облусунун Арашан айылынын тургуну Элдияр Калмурзаев айдап баратканын, ошондой эле каза болгондордун жакындарынан кабар алышканын билдирди:

Каза болгон жигиттердин туугандарынын «кабар албай коюптур» деген маалыматы чындыкка коошпойт.

«МАИ кызматкерлери да, милиция да көрдү - Темирлан ал жерде айдоочу эмес, жанындагы жүргүнчү катары келаткан. Мунун баарын саясатташтырып, көтөрө бергендин деле кажети жок болуш керек. Элге туура маалымат жеткирип, туура айтыш керек. Ошол күнү ким билиптир, кырсык каш-кабактын ортосунда. Алдынан машине чыга каларын деле билишкен эмес, ал балдар. «Тигилер күнөөлүү, булар күнөөлүү» деген маселелер туруп жатат. Мунун баарын тергөө аныкташы керек. Каза болгон жигиттердин туугандарынын «кабар албай коюптур» деген маалыматы чындыкка коошпойт. Биздин туугандар ар бири менен сүйлөшүп, Оштогу, Балыкчыдагы жигиттин тажиясына катышып, туугандары менен жолугушуп, сүйлөшүп жатабыз».

Жакшыбаевдин айтымында, машинеде үч киши - айдоочу, Темирлан Токобеков жана анын досу болгон.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун сөзүнө караганда, төрт кишинин өмүрүн алган окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Ага экспертизанын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилет. Усубакунов BMW X7де канча киши болгонун айта алган жок:

Сталбек Усубакунов.
Сталбек Усубакунов.

«Берки машиненин рулунда Чүй облусунун тургуну болгон. Азыр толук маалыматтарды тактай элекпиз. Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Автотехникалык экспертиза дайындалды. Ошонун жыйынтыгына карап жол эрежеси бузулдубу, кайсы машине күнөөлүү, жол кырсыгы болдубу - ошол аныкталат. Ошого жараша юридикалык баа берилет».

Ал ортодо социалдык тармактарга кырсык болгон жерде тартылды деген видео, сүрөттөр жарыяланды. Анда BMW X7 үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик номеринен тышкары экинчи, башка өлкөгө таандык номери да болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн. Бул боюнча милиция жооп бере элек.

Каза болгондордун биринин сөөгү Балыкчыга, экинчиси Бишкекке, дагы бирөөнүкү Ошто жерге берилгени маалым болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Трамп британ элчисине таарынды

Дональд Трамп менен Тереза Мэй.

Расмий Вашингтон менен Лондондун ортосунда дипломатиялык жаңжал чыкты.

АКШнын президенти Дональд Трамп британ элчиси Ким Даррок менен мындан ары иштешпей турганын билдирди. Мунун алдында элчинин Лондонго жазган дипломатиялык жашыруун каттары коомчулукка жарыяланып кеткен болчу. Анда Даррок Трампты «жөндөмү жок», «компетенттүү эмес» жетекчи катары мүнөздөгөн.

АКШнын президенти Дональд Трамп аны сындаган Вашингтондогу британ элчиси Ким Даррок тууралуу 8-июлда «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Мен элчини билбейм, бирок аны АКШда жакшы деле көрүшпөйт жана ал тууралуу пикир деле жакшы эмес. Биз аны менен мындан ары иштешпейбиз. Кереметтүү падышачылык үчүн жагымдуу кабар - бул жакында алардын жаңы премьер-министрлүү болушу. Мен өткөн айда Британияга укмуштуудай сонун мамлекеттик сапар менен барып келгем. Мени баарынан да каныша айран-таң калтырды», деп жазды Трамп.

Мунун алдында Трамп CNN телеканалына британ элчисине байланыштуу комментарий берген. Анда Трамп элчинин Лондонго жиберген каттарын окубаганын айткан. Ал эл аралык саясатта «пикир келишпестик кадыресе эле көрүнүш» экенин белгилеген, бирок элчинин каттары «өз өлкөсүнө деле абийир алып келбейт» деп эскерткен. АКШ президенти Даррок тууралуу көп «кызыктарды» билерин кыйытканы менен ачыкка чыгарган эмес.

«Биз деле аны жакшы көрбөйбүз жана мен ал тууралуу силерге көп кызыктарды айтып берсем деле болмок, бирок андан пайда деле жок», - деген эле ал.

Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийинки чечимдер кандай болору белгисиз. АКШнын президенти британ элчисин «нон-грат персонасы» деп жарыялап, өлкөдөн чыгып кетишин талап кылар-кылбасын жазган жок. Бирок элчи Дарроктун ансыз деле кызматтык мөөнөтү бир канча айдан кийин аяктамакчы.

Британ өкмөтү соңку окуяга байланыштуу билдирүү таратты. Анда элчинин Лондонго жазган жашыруун каттарынын коомчулукка жарыяланып кеткени «жагымсыз окуя» катары мүнөздөлдү. Бирок Лондон менен Вашингтонду ортосундагы мамиле «өзгөчө жана бекем» деп белгиленди.

«Биз мындай каттардын жарыяланып кеткенинен улам АКШга өтө өкүнүп жатканыбызды билдиребиз. Бирок мындай айрым жагдайлар эки өлкөнүн ортосундагы жакындык жана сый мамилеге таасир этпейт», деп жазылат расмий билдирүүдө.

Ошол эле учурда «элчилер ошол өздөрү иштеген өлкөдөгү кырдаал-жагдай тууралуу так баа бериши керек экени, ошондуктан премьер-министр Тереза Мэй Даррокту колдоп жатканы» айтылды.

Элчи 2017-жылы Лондонго жөнөткөн жашыруун телеграммаларында Трамптын башкаруучулук жөндөмүн кескин сындаган. Ал Ак үйдүн ичиндеги жаңжалдарды «бычакташуу» катары сыпаттаган жана «Трамптын саясаты атак-даңксыз аякташы ыктымал» деп божомол кылган.

Ал арада Британияда элчинин жашыруун каттары «Mail on Sunday» басылмасына кантип жарыяланып кеткени иликтене баштады. Расмий Лондон бул жагдайга чет өлкөлүк твыңчылардын тиешеси бар-жогун аныктап чыккысы келет.

Британ элчисинин жашыруун каттарын жарыялаган «Mail on Sunday» басылмасынын журналисти Изабел Оакшотт анын «орус чекисттери менен байланышы бар» деген жоромолдорду четке какты. «Мен орусиялык атайын кызматтар менен кымындай да байланышым жок экенин билдиргенге кубанычтамын», деп жазды ал «Твиттердеги» баракчасына.

Британиянын азыркы премьер-министри Тереза Мэй менен Дональд Трамп ишке байланыштуу сылык-сыпаа мамиледе экени белгилүү. Бирок АКШ президенти жакында британ өкмөт башчысынын ордун басат деп сөз болгон Борис Жонсонго көбүрөк ыктап, жан тартып жатканы маалым.

Жонсон Британия Европа Биримдигинин курамынан толук чыккандан кийин АКШ менен көлөмдүү эки тараптуу келишим түзүүгө убада берген. Элчи Даррок болсо Брекзиттин колдогондордун чөйрөсүнө кирбегени белгилүү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Атамбаев суракка келген жок

Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигине суракка келген жок.

Эки жума мурун экс-президент деген макамдан ажыраган Алмазбек Атамбаевди милицияга суракка 8-июлда чакырган. Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Анда мурдагы президент 9-июлда эртең менен күбө катары Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына барышы керек экени жазылган.

Бул чакырууну алаары менен Алмазбек Атамбаев милицияга суракка барбай турганын билдирген. Ал мындай кадамга бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирген.

«Мен эмнеге Ички иштер министрлигине барышым керек? Кандайдыр бир кагаздар, суроолор болсо түптүз эле адвокатым Слесаревге бере берсе болот. А бирок азыркы бийлик Конституцияны, мыйзамды сыйлай баштамайынча булардын оюндары менен ойногум келбейт», - деп билдирген Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө тарапташтарынын курчоосунда сүйлөп жатып.

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин өкүлү, адвокат Сергей Слесарев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгына кайрылуу жиберди. Анда ал Атамбаевди экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз деген пикирин жазган:

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

«Чакыруунун келгени өзү туура эмес. Себеби, экс-президент «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери» жөнүндө мыйзамга ылайык, кол тийбестик макамга ээ. Буга байланыштуу милиция Атамбаевди мыйзамсыз жол менен суракка чакырууга аракет кылып жатат. Буга укуктук негиз жок».

Адвокат Слесарев Атамбаев кайсы кылмыш ишинин алкагында чакырылганы эмгиче белгисиз болуп жатканын кошумчалады.

Мурдагы президент суракка келбегени жана ага мындан ары кандай чара көрүлөрү жөнүндө ИИМ эч кандай комментарий бере элек. Бирок айрым бийлик өкүлдөрү менен юристтер саясатчынын бул кадамын мыйзамды сыйлабоо катары баалап жатышат. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Атамбаев мыйзамды сыйлоонун үлгүсүн көрсөтүшү керек болчу деген оюн айтты:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Кыргызстандын жараны болгон соң ал өлкөнүн мыйзамдарын сакташы керек, баш ийиши керек. Эгер мыйзамга баш ийбесек, кимге баш ийебиз? Анын үстүнө Атамбаев алты миллион элдин оор жүгүн мойнуна алып, өлкө башкарса, анан үлгү болуш керек болчу. Өзү «мыйзамга баш ийгиле» деп, ошонун гаранты болду. Азыр туура эмес болуп атат. Сен каалайсыңбы, каалабайсыңбы, мыйзам иштей берет. Эми бийлик мыйзамды сактап, дагы бир чакыруу жиберип, болбосо сотко кайрылып өз ишин кыла бериши керек».

Чынында эле Атамбаев суракка келбей койгон соң андан ары эмне болот деген суроо турат. Юрист Клара Сооронкулованын айтымында, эгер күбө бир нече жолку чакырууга баш ийбесе күч менен алып келүү жолу бар.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Процесстин ар бир катышуучусу сөзсүз түрдө тергөөнүн талабын аткарышы керек экендиги мыйзамда көрсөтүлгөн. Эгер ага баш ийбесе мамлекеттик органдардын мажбурлап болсо да алып келүүгө укугу бар», - деди ал.

Укук коргоо органдары Атамбаевди мажбурлоо жолу менен тергөөгө алып келери азырынча белгисиз. Буга чейин мурдагы президент өзүн курал колдонуп болсо да коргоого даяр экенин билдирген болчу.

Парламент Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан 27-июнда ажыраткан. Ага чейин атайын депутаттык комиссия түзүлүп, мурдагы президент бийликте турганда алты эпизод боюнча мыйзам бузганы айтылган. Башкы прокуратура бул маалыматтарды иштеп чыгып, анын бешөө негиздүү деп бүтүм чыгарган эле. Алардын арасында ​Атамбаевге «кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна, Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөдөгү коррупциялык иштерге аралашкан, баш калаага көмүр жеткирүүчү компаниянын кызыкчылыгын коргогон, мыйзамсыз жер алган» деген айыптар коюлууда.

Кой-Таш айылы.
Кой-Таш айылы.

Жогоруда аталган иштердин баары Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери бул айыптардын баары саясий негизде болуп жатканын билдирип, Кой-Таш айылындагы үйүндө атайын штаб ачты. Ал жерде мурдагы президенттин тарапташтары чогулуп турат. Штаб ачылган алгачкы күндөрү ал жерде топтолгон адамдар көп болсо, учурда алар азайып калганы байкалууда.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Үй камагынын үзүрү менен көзүрү

Манасбек Арабаев.

Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн айыпталган бир нече мурдагы жетекчи тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылды.

Мурдагы бийлик учурунда «сот системасынын куратору» атка конгон президенттик аппараттын сот реформасы боюнча бөлүмүнүн экс-башчысы Манасбек Арабаевдин тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылганы өткөн аптанын соңунда белгилүү болду.

Бул маалыматты Жогорку сот жана Арабаевдин адвокаттары расмий ырастай элек. Бирок «Азаттыктын» укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булагы Арабаев чынында тергөө абагынан үйүнө бошотулганын билдирди.

Артынын көп сөз ээрчитип, «Коррупция» беренеси боюнча шектүү болгон Арабаевдин үй камагына чыгарылышы коомчулукта талкуу жаратты. Андагы негизги түшүндүрмө катары быйыл күчүнө кирген Жазык кодексиндеги тергөө менен кызматташуу жөнүндө берене болуп жатат. Айрымдар «бул норманы бийлик жана укук коргоо органдары өз кызыкчылыгына жараша колдонуп жатат» деп айтып чыгышты.

Салянованын тарапкерлери сотто.
Салянованын тарапкерлери сотто.

Маселен, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгарылышы боюнча «мыйзам бузду» деп камакка алынган мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиева тиешелүү кишилерге каршы көрсөтмө бергенди үй камагына чыгарып, ал эми ага көнбөгөндөр куугунтукка алынып жатат деген пикирин айтты:

«Кош стандарттуулук эле болуп жатат. Жаңы Жазык кодекси боюнча тергөөгө барып, «мен кылган эмесмин, бул буйрук берген» деп эч кандай далили жок эле ооз эки көрсөтмө берип койсо, абактан чыгып кетип жатат. Ал эми ал каршы көрсөтмө берген адамды камап коюшуп, кайсы бир адамга жалган көрсөтмө бериши керекпи? Мисалы, Аида Салянованын ишинде мурдагы атайын прокурор Майрамбек Акматалиев көрсөтмө берип, эркиндикте калды, ал эми Салянованы ден соолугу начарлап, үй-бүлөлүк шарты туура келбесе да камакта кармап жатышат».

Турдалиева бул жаатта мыйзамдын бардык айыпталуучуларга бирдей иштебей, саясий кырдаалга жараша өзгөрүп жатканын айтууда. Ал кошумчалагандай, Салянованын актыгын далилдеген маалыматтар ачыкка чыгып, бир жарым жыл мурун өлтүрүлгөн иниси боюнча жаңы жагдайлар белгилүү болгонуна карабай камакта кармалып жатат.

Негизи тергөө менен кызматташуу деген түшүнүк 2019-жылдын башында күчүнө кирген Жазык кодексинде каралган. Бул кодекстин 15-бөлүмү «процессуалдык келишимдер» деген түшүнүктү камтыган. Анда «процессуалдык келишим» үч учурда: айыпкер күнөөсүн мойнуна алганда, тергөө менен кызматташканда жана тараптар элдешип алганда ишке кирери айтылган.

Башкы прокуратуранын Ыкчам издөө жана тергөө башкармалыгынын улук прокурору Бакытбек Сыдыгалиев мыйзамга ылайык, тергөө менен кызматташуу сунушу шектүүлөр тарабынан болорун билдирген:

«Тергөө органдары же көзөмөл органдары ар бир шектүүгө келишим түзөт деп айта албайбыз. Эгер шектүү дал ушундай «тергөө менен келишим түзөм» деп кайрылса, анын сунушу каралат».

Бул кодекс күчүнө киргенден тартып Кыргызстанда Арабаевден башка бир нече кылмышка шектүү мурдагы чоң кызматкерлер тергөө менен кызматташуу шарты менен эркиндикке чыгарылды.

Атап айтсак, Батукаевдин иши боюнча шек саналган мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, «Паспорт жаңжалы» боюнча камалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев жана «Инфоком» ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев үй камагына чыгарылган.

Шамил Атаханов жана Аида Салянова.
Шамил Атаханов жана Аида Салянова.

Булардын ичинен экс-вице-премьер Шамил Атаханов Батукаевдин иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени белгилүү болгон. Ал эми Манасбек Арабаевдин мурдагы президенттин жубайы Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмөсү Коомдук каналдан көрсөтүлгөн эле.

Мындай жагдайларды эске алган мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев тергөө менен келишим түзүү практикасы саясий максатта колдонулуп жатат деген шектенүү жаралганын четке каккан жок:

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

«Аргасыздан ошондой ойго түртүп жатышат. Негизи бул норманы башка өлкөлөрдөн көчүрүп алдык да. Ал жакта кандай иштейт. Ушинтип, кимдир-бирөөгө каршы көрсөтмө берип койсо эле эркиндикке чыгарылабы же коррупциялык жол менен казынадан уурдалган каражаттарды тергөө менен кызматташып, кайра кайтаруу максатындабы? Ушул суроого жооп берүү зарыл. Бизде «мага жетекчим буйрук берген үчүн ушул кадамга баргам» деп көрсөтмө бергендерди кое берүү практикасы кетти. Анда ал буйрукту аткаргандар да мыйзам бузган да. Бул шектенүү жаратат».

Ал эми мурдагы парламент депутаты Алишер Мамасалиев бул норма жаңы киргизилгендиктен көптөгөн түшүнбөстүктөр болуп жатканын белгилеп, шектене берүү да туура эмес деген оюн айтты:

Алишер Мамасалиев.
Алишер Мамасалиев.

«Бизде мындай эреже жаңы кирип жатат. Бул башка өлкөлөрдө көптөн бери колдонулуп келген. Эми ар түркүн кооптуу жагдайлар баары бир болот. Коом тарабынан балким ишенбестик болушу мүмкүн. Обьективдүү көрүнүш».

Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү талабы коюлган. Анын жыйынтыгында мурда жабылган чуулгандуу иштер кайра тергелип жатат.

Акыркы жылдары ал иштердин алкагында бир нече жогорку кызматкер: эки мурдагы премьер-министр, бир нече министрлер жана башка аткаминерлер камакка алынды.

Ал эми өткөн апталарда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди бир нече мыйзам бузган деген жүйө менен экс-президент деген макамдан ажыратты. Эми Атамбаевге карата кылмыш ишин ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Мындай кырдаалды Атамбаев жана камакка алынган бир катар саясатчылар азыркы бийликтин куугунтугу деп эсептеп келатышат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG